Мутация деген эмне


МУТАЦИЯ (лат. mutatio - өзгөрүү) биологияда - генетикалык материалдын организмдин тигил же бул белгилеринин өзгөрүшүнө алып келүүчү күтүлбөгөн жерден табигый же жасалма пайда болгон тукум куума өзгөрүүлөрү. «Мутация» терминин илимге голландия ботаниги X. Де Фриз киргизген (1901). Мутация - эволюциянын алгачкы материалы, ал ДНК молекулаларынын бузулушунан болот. Кээ бир гана мутация организмдин мүнөздөмөсүн жакшыртат. Мутация механизмдери молекулалык деңгээлде 20-кылымдын орто ченинде молекулалык генетиканын өнүгүшү менен айкын боло баштаган. Эгерде мутация жапайы типтин белгилерин өзгөртсө, түз мутация, ал эми жапайы типти толук же бир аз калыбына келтирсе, тескери мутация деп аталат. Мутация генерациялык, сомалык, ядролук жана цитоплазмалык болуп айырмаланат. Генетикалык материалдагы өзгөрүүлөрдүн мүнөзүнө жараша чекиттик мутация, инсерциялар, хромосомалардын кайрадан түзүлүшү жана хромосомалардын санынын өзгөрүшүн камтыган мутацияларга да бөлүнөт. Чекиттик мутацияда ДНК же РНК нуклеотиддеринин жубунун түшүп калышынан же арасына кошулушунан болот. Инсерциялар - ДНК молекулаларынын генге киргизилиши, көбүнчө анын активдүүлүгүнүн төмөндөшүнө (инактивация) алып келет же оперондордо күчтүү карама-каршы натыйжаны (уюлдук эффектти) пайда кылат. Хромосомалардын кайрадан түзүлүшү негизинен генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинацияланышынан келип чыгат. Генетикалык аппараттын өзгөрүшүнө байланыштуу мутация геномдук, хромосомалык жана гендик болуп бөлүнөт. Геномдук мутация организм клеткаларындагы хромосомалардын санынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Хромосомалык мутация генетикалык материалдын гомол. эмес бөлүктөрүнүн рекомбинациясында болот. Ага инверсия, транслокация, делеция, дупликация жана фрагментация кирет. Гендик мутацияда айрым гендердин химиялык түзүлүшү өзгөрөт. Мутациянын натыйжасында организмде түрдүү биохимиялык, физиологиялык жана морфологиялык белгилер өзгөрүшү ыктымал. Мындай өзгөрүүлөр организмдин кээ бир белгилерин өтө кескин өзгөртсө, кээ бир белгилерин анча-мынча гана өзгөртөт. Полиплоиддүү мутанттар негизинен клетканын же бүтүндөй организмдин көлөмүнүн чоңоюшу менен мүнөздөлөт. Гаплоиддүү мутанттардын клеткалары майда жана гаметалар толук хромосома санына ээ болгондуктан, тукумсуз болушат. Гендик мутация бардык мутациянын негизи болуп, организмдин белгилерин көптөгөн өзгөрүүлөргө алып келет. Анын көбү организмге зыяндуу (мутант ген көбүнчө майыптыкка, ар андай ооруларга, ал тургай өлүмгө дуушар кылат). Гендик мутация доминанттуу, жарым доминанттуу жана рецессивдүү болушу мүмкүн. Натыйжада гендер ар түрдүү абалда болуп, организмдин белгилерине көп түрдүү таасир тийгизет. Гендик мутация көп убакта организмдеги процесстерди өзгөртөт, тукум берүү касиетин төмөндөтөт. Чанда организм касиеттерин жакшырткан мутация да болот, алар аз кездешсе да табигый тандалуу жана жасалма тандоого материал болот жана эволюциянын жүрүшүндө мааниси бар. Айрым мутация бакча өсүмдүктөрүн жана гүл өстүрүүдө жаңы сортторду чыгарууда пайдаланылат. Геномдук мутация - тукум куума ооруларды жана кишинин тубаса кемтигин пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан кишини түрдүү мутагендердин таасиринен коргоо негизги орунда турат.