МАТЕРИЯ (латынча materia - зат) - адамдын аң-сезимине жана эркине көз карандысыз жашап турган объективдүү дүйнө, болмуштун (бытиенин) негизи. Болмуштун формалары - жаратылыш, коом, адам, аң-сезим жана башкалар материянын туундулары. Бизди курчап турган дүйнө материядан турат. Материя - объективдүү дүйнөнүн жалпы касиеттерин чагылдырган абстракттуу түшүнүк.