Математика илими

МАТЕМАТИКА (гр. math3matike, math3ma - илим) - чыныгы дүйнөнүн сандуу катыштары жана мейкиндик формалары жөнүндө илим. Көрүнүктүү орус математиктери А. Н. Колмогоров менен А. Д. Александров математиканын өнүгүүсүн шарттуу түрдө 4 доорго бөлүшкөн; 1) математиканын п а й д а б о л у ш у жана к а л ы п т а н ы ш ы (б. з. ч. 6 -5 -к.). Буюм саноо натуралдык сандар арифметикасынын жөнөкөй түшүнүктөрүн пайда кылган. Андан кийин бара-бара натуралдык сандар менен болгон амалдарды аткаруу ыктары өздөштүрүлгөн. Аянт жана көлөмдү ченөө, курулуш техникасынын, кийинчерээк астрономиянын талаптары геометриянын алгачкы негиздерин өнүктүргөн; 2) элементардык математика доору (б. з. ч. 6-5-кылымдан б. з. 17-кылымынын башталышына чейин). Математика бул убакта Байыркы Грекияда өз алдынча илим катары түзүлгөн. Грек геометриясынын башталышы Фалес Милетскийдин жана Пифагор Самосскийдин ысымдары менен байланыштуу. Элементардык математиканы негиздөөдө Архимед, Евклид, Эратосфен, Герон, Диофант, Птолемей, Гиппарх, Менелайлардын салымы чоң. Элементардык математика Кытай, Индия, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш, Батыш Европа, ошондой эле Россияда да өнүккөн. Борбордук Азияда жана Чыгышта илимдин өнүгүшү 9 -1 5 -кылымдарга туш келет. 9-кылымда Мухамед бен Муса Хорезми алгебраны биринчи ирет өз алдынча илим катары негиздеген. «Алгебра» термини Хорезминин «Аль-джебр ва альмукабала» деген эмгегинин аталышындагы биринчи сөздөн келип чыккан. Борбордук Азиялык улуу илимпоз Абу Райхан Мухамед ибн Ахмед аль-Беруни (10- 11-к.) Жердин айланасынын узундугу 40180 км деп аныктаган. Омар Хайям үчүнчү даражалуу тендемелерди изилдеген. Аль-Баттани синус, тангенс, котангенс функцияларын караган, Абуль-Вефа синустардын таблицасын 1/604 тактыкка чейин түзгөн. Насрэддин Туси сфералык тригонометрияны түзүүнү белгилүү даражада аяктаган, аль-Каши ондук бөлчөктөрдү изилдеген жана π нин маанисин 17 ондук белгиге чейинки тактыкта аныктаган. Улугбек (15-к.) Самаркандда жүздөн ашуун илимпоз чогултуп, астрономиялык байкоолорду жүргүзүү менен астрономиялык жана математикалык таблицалард ы түзгөн. 16-кылымда үчүнчү даражалуу (С. Ферро, 1515; Н. Тарталье, 1530) жана төртүнчү даражалуу (JI. Феррари, 1545) теңдемелердин алгебралык чыгарылышы алынган. Алгебраны андан ары Ф. Виет өнүктүрүп, тамга менен белгилөөнү биринчи жолу (1591) киргизген. 16-кылымдын аягында, айрыкча 17-кылымда Россияда арифметика жана геометрия боюнча JI. Ф. Магницкийдин колдонмо «Арифметикасы» сыяктуу бир нече кол жазма окуу китептери пайда болгон; 3) математиканын өнүгүшүндөгү өзгөрмө чоңдуктар математикасынын пайда болгон доору (17 -18 -к.) Чоңдуктар өз алдынча эмес, бири - бири менен байланышта изилденген. Функция жана функциялык көз карандылыкты үйрөнүү биринчи планга коюлган. Предел, туунду, дифференциал жана интеграл түшүнүктөрү пайда болгон. Механика менен физиканын негизги закондору дифференциалдык теңдемелер аркылуу жазылган . Ѳзгөрмө чоңдуктар математикасына И. Ньютон жана Г. Лейбниц негиз салган. Булардан тышкары 17-18-кылымда Р. Декарт , Ж. Непер, математика Ролль, П. Ферма, Б. Кавальери, Я. Бернулли, И. Бернулли, Г. Лопиталь, Б. Паскаль , Ж. Лагранж , П. Лаплас , Г. Крамер, Ж . Д’Аламбер, А. Муавр, Ж . Стирлинг, Г. Монж, А. Клеро ж. б. илимпоздор да өзгөрмө чоңдуктардын математикасы боюнча эмгектерди жазган. 18-кылымда Петербург илимдер академиясы математикалык изилдөөлөрдүн негизги борборлорунун бири болгон. Анда ошол доордун бир катар белдүү математиктери (Л. Эйлер, Д. Бернулли) иштеген; 4) азыркы математика пайда болгон доор (19 -20-кылымдар). Бул мезгилде табият таануу менен техника алдыга койгон маселелердин жана математиканын ички талаптарынын негизинде математиканын көп жаңы бөлүмдөрү түзүлгөн. Мында К. Гаусс, Ж . Фурье. О. Коши, С. Пуассон, П. Дирихле, Ж . Грин. М. В. Остроградский, Н. И. Лобачевский,A. Пуанкаре, Ж . Адамар, Ж . Рэлей, У. Томсон, К. Жордан, А. Лебег, К. Нейман, Д. Гильберт,B. Вольтерра, А. М. Ляпунов , В. А. Стеклов,П. Л. Чебышев, А. А. Марков ж. б. илимпоздордун ролу зор.
КМШ өлкөлөрүндө математиканын жакшы өнүгүшүнүн маанилүү фактору - Совет бийлиги доорунда көптөгөн матемематикалык жаңы илимий борборлор пайда болгон. Тблиси, Ереван, Баку, Вильнюс, Ташкент, Минск, Новосибирск, Свердловск, Алматы, Фрунзе, Воронеж ж. б. шаарларда математикалык илимий мектептер түзүлгөн. Кыргызстанда математика башка илимдердей эле жаш илим. Математикалык изилдөөлөр негизинен төмөнкү багыттарда жүргүзүлөт: 1) интегралдык теңдемелер жана функциялык анализ; 2) интегралдык - дифференциалдык теңдемелер жана алардын системалары; 3) жогорку тартиптеги туундунун алдындагы кичине параметри бар интегралдык-дифференциалдык теңдемелер жана алардын колдонулушу; 4) эсептөө математикасы; 5) айырмалуу теңдемелер; 6) автоматтык башкаруу (оптималдык процесстер); 7) математикалык физика; 8) эсептөө техникасын пландоо-экономикалык изилдөөлөрдө математикалык методдорду колдонуу; 9) көп чендүү дифференциалдык геометрия; 10) сызыктуу алгебра; 11) корректтүү эмес жана тескери маселелер; 12) сандар теориясы; 13) мектептерде жана ЖОЖдордо математиканын окутуу методикасы. Кыргызстанда математика илимине салым кошкон илимпоздор: М. Иманалиев , А. Бөрүбаев, А. Айылчиев, С. Искандаров ж. б. Кыргызстанда математика боюнча бир нече монография жана «Кыргызстанда интегралдык-дифференциалдык теңдемелерди изилдөөлөр» деген тематикалык жыйнак чыккан.