ТЫБЫШ - тилдик байланыш жасоо үчүн
адамдын сүйлөө органдары (өпкө, үн түйүндөрү, кекиртек, ооз, мурун көңдөйлөрү, тил)
аркылуу пайда болуп, кулакка угулуучу үн толкуну. Тыбыштардын артикуляциялык, акустикалык жана лингвистикалык 3 аспектиси бар, кээде буга перцевтивдик
(кабыл алуу) деген 4-аспекти да кошулат. Тыбыштарды классификациялоонун көп түрү
белгилүү, алардын негизгиси - артикуляциялык классификация. Тыбыштар өз алдынча тонго жана шыбышка
ээ. Тон үн түйүндөрүнүн ыргактуу кыймылынан, шыбыш үн түйүндөрүнүн кыймылсыз
абалда туруп, сүйлөө органдарында тоскоолдук болушунан жасалат. Музыкалык тону бар тыбыштар - үндүүлөр; шыбышчылдар - каткалаң
үнсүздөр. Жумшак, уяң үнсүздөр тон менен шыбыштын айкалышынан жасалат. Үндүүлөр
- эринге, үн узундугуна, жаактын ачылышына; үнсүздөр шыбыш жана үндүн катышына,
тоскоолдуктун мүнөзүнө жана жасалуу ордуна карай бөлүштүрүлөт.