ТОГОЛОК МОЛДО
(Байымбет Абдрахманов; 1860, Нарындын Куртка өрөөнү, азыркы Тоголок Молдо айылы
— 4. 1. 1942, Тянь-Шань (азыркы Нарын) обл., Ак-Талаа району, Чоң-Арык айылы) - ойчул, агартуучу, жазма акын,
манасчы, кыргыз жазма адабиятындагы
тамсил жанрынын баштоочусу. Атасы Абдрахман элдик ырларды, жомокторду жакшы
билгендиктен, анын тасиринен улам Тоголок Молдо 14 жашынан ыр жаза баштаган. «Кара көз» , «Толгонай», «Жигиттин кызга ырдаганы» деген ырларын жана
«Үрпүкан» поэмасын жараткан. Атасы дүйнөдөн кайткандан кийин аталаш чоң абасы Музооке
ырчынын тарбиясында болгон. 1878-ж. Токмоктогу таякелерине барган. Ал жерден молдодон
окуган. Эл аралап бала окуткан. 18 жашында Тыныбек жомокчуга жолугуп, бир нече ай кошо жүрүп, «Манасты» үйрөнгөн. Анын калемине негизинен эл,
жер, табият, сүйүү, адамдын кулк-мүнөзү тууралуу көптөгөн ырлар таандык. Тоголок Молдо агартуучу
катары өз доорунда жашаган кыргыз акындарынын ичинен сабаттуулугу менен айырмаланган. 1888-ж. Кетмен-Төбөдө
Токтогулга жолуккан, андан кийин алар байланышта болушкан. Анын оор турмуштун,
жетимчиликтин айынан Чүй өрөөнүнө келиши, 1898-ж. сода иши абдан өнүгүп, татарлар, орустар, өзбектер көп каттаган Токмокто
ачылган мектептин таасири, анын окутуучулары менен жолугуп, алардан китеп алып окуп
туруусу чыгармачылык өрүшүнүн
кеңишине өбөлгө болгон. Ал Фирдоуси, Низами,
Навои, Хафиз, Абай жана Тукайдын чыгармалары менен жакшы тааныш болуп, казак жана татар
тилдеринде «Боз Жигит», «Кыз Жибек », «Жусуп менен Зулайка» ж. б. чыгармаларды жатка айта билген. Ошол мезгилде
чыгып турган «Юлдуз», «Нур», «Вакыт» «Таржиман», «Таракки»,
«Айкап» ж. б. сыяктуу татар, өзбек,
казак тилдериндеги гезит-журналдар менен да тааныш болгон.
Акын кыргыздын оозеки чыгармаларын, мифтик
түшүнүктөрүн, ишенимдерин жакшы билген. «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза », «Мендирман»
сыяктуу дастандарды айткан, аларды жазып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусуна тапшырган.
1939-ж. кыргыз искусствосунун Москвада өткөн он күндүгүнө катышып, андан алган
таасирлерин «Бактылуумун», «Жыргадым», «Сырым» деген ырларында чагылдырган. Тоголок
Молдонун инсан катары калыптануусунда тууганы Айылчынын эмгеги зор болгон, ал
аркылуу кадимки М. В. Фрунзенин атасы Василий менен таанышып, андан
дарыгерликти үйрөнгөн.
Тоголок Молдонун чыгармачылыгы көп кырдуу,
тематикасы бай. Ал жаш кезинен билимге умтулуп, илим-билимдин маанисин аңдап билген.
Чыгармачылыгынын негизги эки өзгөчөлүгүн белгилөөгө болот: 1) фольклордук материалдарга
кайрылып, эл оозунда жүргөн чыгармаларды кайра иштеп чыгып жогорку деңгээлдеги чыгармаларды
жараткан; 2) чыгармаларын кагаз бетине түшүргөн. Тоголок Молдо жазма адабияттарга
кайрылып, ошол кезде чыккан гезит-журналдарды, адабий китептерди пайдаланган. Ал
башка акындардан айырмаланып, араб арибинде жаза да, окуй да билген, ошондой эле казак,
өзбек, татар адабияттары менен да тааныш болгон. Эки доорду тең көргөн
акын, ар дайым элдин тагдырына кейип, элге жан тартып, чыгармаларында карапайым
элдин көйгөйлүү маселелерин чагылдырып, адилетсиздикке каршы күрөшүп, чыгармалары
аркылуу элине дем берип, билим алууга үндөгөн. Теңсиз замандагы кыздардын
аянычтуу тагдыры, укуксуздугу, эл турмушунун кыйынчылыктары тууралуу «Чалга берген
кыздын арманы», «Жаш балага берген кыздын арманы», «Насыяга кеткен кыздын арманы»
ж. б. арман ырларын жараткан.
Тоголок Молдонун кошоктору кыргыз адабиятында
өзүнчө орунда турат. Ал элдик кошоктордун мурдатан калыптанып калган салттуу
ыкмаларын жерибей, чыгармачылык менен өз кошокторунда («Устанын аялынын
кошогу», «Дыйкандын аялынын кошогу», «Калмергендин аялынын кошогу») пайдаланып,
жаңыча өң-түс берип, кадимки каралайым, элге эмгеги менен алынган жөнөкөй адамдардын
асыл сапаттарын баяндаган. Акындын «Гүл ойрон», «Көк көйнөк» кошокторунда карапайым
элдин көйгөйү камтылган. Фольклордук сюжеттен алынган «Кемпир-чал», «Бабыркан»,
«Телибай тентек» сыяктуу чыгармаларында өткөн доордогу залимдик менен түркөйлүктү
ашкерелейт.
Тоголок Молдо кыргыз адабиятындагы тамсил жанрына
негиз салган. Ага чейин кыргыз адабиятында эч ким бул жанрга кайрылган эмес. Тамсил
жазууда эки ыкманы колдонгон: 1) эл оозунда айтылган жомок - тамсилдерди ырга айландырып
(«Каркыра менен түлкү», «Бөдөнөнүн түлкүнү алдаганы»), кайрадан иштеп чыккан; 2)
китептерден алынган тамсилдер. «Бөрү менен түлкү», «Эшек менен булбул», «Жан бак
ты», «Бабыркан», «Куштардын аңгемеси», «Куба кой менен ээси», «Каркыра менен түлкү»
тамсилдери аркылуу куулук менен шумдукту, шылуундук менен паракорлукту, жегичтик
менен залимдикти, ырайымсыздык менен ач көздүктү ошол кездеги коомдун кемчиликтерин
ашкерелеген. Эл арасында айтылып жүргөн күлкүлүү жомокторду ырга айландырып, көркөм
сөз каражаттарын орду менен пайд аланып, кошумчалап, кайрадан иштеп чыгып, «Кемчонтой»,
«Эки чилде», «Ала-Тоо» поэмаларын жараткан. Анын тамсилчи болуп калышына орус тамсилчиси
И. В. Крыловдун чыгармаларын Токмокто жүргөн мезгилинде окуп үйрөнүшү, айрыкча Абайдын
котормосундагы «Эшек менен булбул» деген тамсили чоң таасир эткен. «Эки
чилдеде» кыш жана жай мезгили баяндалса, «Ала-Тоо» поэмасында төрт мезгил тең бирдей
сыпатталат. Бул поэмада табиятты сүрөттөө менен кыргыз тарыхы, этнографиясы
жогорку көркөмдүктө берилген. Жамгыр менен суу, от менен шамал кеңири баяндалып,
өзүн пейзажчы сүрөткер катары көрсөткөн. «Иттин доолдай тиктирем дегени» тамсилинде
жалкоолукту, жан бактылыкты көркөм сүртүмдөр менен сынга алган. Адамдардын жүрүм-турумунун
оң жана терс жактарын талдап көрүп, «Адам мүнөзү» деген чыгармасын жараткан. Балдарга
арналган «Үркөр-Үркөр топ жылдыз», «Элкин тоо», «Торпогум», «Турумтай», «Талым
кыз менен Көбөктүн айтышы» ж. б. ырлары, поэмалары тарбиялык зор мааниге ээ. «Шырдакбек»,
«Жаңыл Мырза» поэмалары кыргыз поэзия жанрын байыткан чыгармалардан.
Октябрь революциясынан кийин «Өзгөрүш» (1918),
«Насыят» (1925), «Эркиндик» (1919-23), «Аткан таң менен Сүйгөнбай», «Кедейлерге
насыят» деген поэмаларын, жаңы замандын жарчысы катары эскинин кемчиликтерин сындап,
«Алга, алга», «Кайдасыңар», «Жалийдин залимдиги», «Манаптардын залимдиги», «Бактылуумун»,
«Кайра жашардым» сыяктуу ырларын жазган. Совет мамлекетинин эл үчүн жасаган иштерин,
даталуу окуяларды куттуктап, арноо ырларын («Конституция», «Кыргызстандын он
беш жылдыгын куттуктоо», «Съездге») жараткан. «Кыз Оюндагы ыр» деген ыр циклин,
«Койкөз», «Толгонай», «Ашыктык жөнүндө арман жаш» сыяктуу ырларында сүйүү
темасына кайрылса, «Кыздын жигитке ырдаганы», «Үрпүкан» аттуу чыгармалары аялдар
эркиндигине арналган.
Тоголок Молдо манасчылардын
ичинен биринчи болуп «Манасты» кагазга түшүргөн. 1937-ж. «Манас» үчилтигинин
1-бөлүгү (Манастын балалык чагы), 1934-ж. Көкөтөйдүн ашы, 1939-ж. Чоң Казат ж.
б. 53830 сап ырдан турган эпизоддорду, «Семетей» бөлүгүн 1923-, 1928-, 1934-, 1940-жылдары,
«Сейтек» бөлүгүн өмүрүнүн аягында 1941-ж. жазып, КР УИАнын Кол жазмалар фондусуна
өткөргөн. «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрү биригип келип 44873 сап ырдан турат. Тоголок Молдонун вариантын О. Сооронов
түп нусканын негизинде басмага даярдап, 2013-ж. ал вариант китеп болуп жарыкка чыккан.
О. эле «Жаңыл Мырза», «Шырдакбек», «Эр Эшим», «Мендирман» дастандарын, «Кыргыз
тарыхы», «Тарых, түпкү аталар» сыяктуу санжыраларды кагазга түшүрүп, калтырып кеткен.
Чыгармалары көп тилдерге которулган. 1940-ж. Тоголок Молдонун 80 жылдык, 1960-ж. 100 жылдык юбилейи, 2010-ж. 150
жылдык юбилейи өткөрүлгөн. Тоголок
Молдо атындагыадабий сыйлык уюштурулган.
Тоголок Молдо. жөнүндө Ш. Бейшеналиев «Болот калем» (1981-83)
романын, «Кайра жашарган өмүр» (1998) драмасын, «Багынбас акын» аттуу пьесасын,
Ж. Садыков «Боз торгой» аттуу (1970) тарыхый-биографиялык драмасын жазган.
Анын чыгармачылыгы боюнча илимий, адабий изилдөө иштери жазылган.
Кыргызстанда айрым айылдар, мектептер,
көчөлөр анын ысмы менен аталат. Бишкек шаарында эстелик орнотулган. Кыргыз валютасынын 20 сомдук купюрасына
сүрөтү басылган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.