СҮЙЛӨМ - айрым бир бүткөн ойду билдирүүчү сөз айкашы; синтаксистин изилдей жана үйрөтө турган негизги маселелеринин бири. Ал коомдук турмушта пикир алышуунун, башкача айтканда байланыш, катнаштын эң негизги каражаты болуп эсептелинет. Сүйлөм ар кандай эле сөздөрдүн жыйындысынан курала бербей, лексикалык-семантикалык маанилери боюнча жакындыгы бар, ошонун негизинде грамматикалык жактан байланышкан сөз айкашынан түзүлөт. Сүйлөм айтылыш максатына карай: жай, суроолуу жана илептүү болуп үчкө бөлүнөт.