Соз деген эмне

СӨЗ - тилдин нерсе (предмет), процесс, кубулуш, касиет аттарын туюнтуу үчүн кызмат кылчу структура-семантикалык бирдиги. Сөз морфемалардан куралып, сүйлөмгө курулуш материал катары кызмат аткарат. Сөз морфемадан өз алдынчалыгы, тилде (речте) эркин өзгөртүлө тургандыгы, сүйлөмдөн кабар билдире албагандыгы менен айырмаланат. Сөздүн негизги тиби - жөнөкөй маанилүү сөздөр (үй, китеп, алма ж. б.). Аларга мүнөздүү белгилер: структуралык жактан калыптанган (өзүнө таандык жана бирдиктүү басымы бар, ичинде тыным болбойт, курамына башка сөз кирбейт ж. б.); семантикалык идиомалуу (тыбыш комплекстери мааниге көз каранды); автономиялуу номинациялык милдет аткарат (нерсе же турмуш көрүнүштөрүн өз алдынча туюнта алат). Сөздө адамдын аңдап билүү жөндөмүнүн жыйынтыгы камтылат, болбосо түшүнүк, элестерди туюнтуп, башка бирөөгө билдирүү эле эмес, аларды жаратуу да мүмкүн эмес. Сөз тилде өзүнүн грамматиткалык белгилерине (сөз түркүмү), сөз жасоо байланыштарына жана семантикалык катыштарына негизделген белгилүү бир системаны түзөт. Сөздүн жөнөкөй маанилүү сөздөрдөн айырмалуу башка типтери да бар: фонетикалык белгилери боюнча - басымсыз, көп басымдуу сөз; морфологиялык белгилери боюнча - туунду жана татаал сөздөр; семантика-грамматикалык белгилери боюнча - кызматчы сөздөр.