Образ деген эмне

ОБРАЗ көркөм адабиятта - турмуштун конкреттүү жана жалпыланган жактарынан алынган адамдын эстетикалык мааниге эгедер чыгармачылык көркөм фантазия менен түзүлгөн көрүнүшү. Образ илим менен искусствону айырмалап турат. Жазуучу өз предметин көркөм образ аркылуу сүрөттөйт. Ал өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашына, эстетикалык идеалына, чыгармачылык жана турмуштук тажрыйбасына, турмуш чындыгына, көрүп-билген кишилерге алымча-кошумчаларын киргизет, натыйжада образдын эстетикалык жана тарбиялык кудурети көрүнөт. Чыгармадагы образдын аткарган кызматына жана турган ордуна карап, адабият таануу илиминде кейипкер, башкы каарман, экинчи даражадагы каарман, мунөз, тип деп бир нечеге ажыратылып жүрөт. Ж. Турусбековдун «Ажал ордуна» драмасына катышкан кейипкер каармандар - Искендер, Бектур, Кабыл, Зулайканын ата-энеси, Карымшак, Максүт, Насип, Алымбай, Учей-Фу, Литун-Чан. Булардын ичинен чыгарманын фабуласында башкы орунда туруп, көп окуяларга катышып, ошол окуялар анын тегерегинде өнүккөн каармандар бар, мындай каармандар башкы каармандар болот. Драмада мындай милдетти Искендер менен Зулайка аткарат. Бул экөө - драманын башкы каармандары. Башка каармандар алардын ар кандай иш-аракетине жардам берип, же тоскоолдук кылып, айрым эпизоддордо гана көрүнүшөт, чыгарманын идеясын ачып берүүдөгү бөксөлүктөрдү толтурушат да, экинчи даражадагы, же жардамчы каармандар болуп саналат.  Образды жазуучунун эстетикалык идеалына туура келер-келбесине карап, шарттуу түрдө оң жана терс образ болуп бөлүштүрүлүп жүрөт. Бул образ сөзсүз ушул эки лагерге ажыроо керек деген эреже эмес. Жазуучулар метафоралык жана символдук образдарды да кеңири пайдаланышат. Образ жанрдык модификациясына карата лирикалык, эпикалык, драмалык образ деп бөлүнөт. Сүрөттөө өзгөчөлүктөрүнө ылайык реалисттик, романтикалык образ болуп бири-биринен жанрлардын жана методдордун өзгөчөлүктөрүнө ылайык да айырмаланып турат. Образ түшүнүгү искусствонун пайда болгон мезгилинен тартып, ар түрдүү мезгилдерде адабий агымдарга жана көркөм методдорго ылайык ар кыл өзгөрүүлөргө учурап келди.