ТИЛ - адам баласынын пикир алышуу, сүйлөшүү
куралы. «Тил - аң-сезим сыяктуу эле байыркы; тил - башка кишилер үчүн да, демек,
мен үчүн да практикалык чыныгы аң-сезим; ал аң-сезимдин өзү сыяктуу эле башка кишилер
менен пикир алышуу муктаждыгынан келип чыгат» (К. Маркс, Ф. Энгельс). Сүйлөшүү
учурунда тил кандайдыр бир системага салынып, грамматикалык эрежелерге баш иет. Дүйнөдө
тилдер көп. Алардын ар бирине мүнөздүү сөздүк курамы, тыбыштык түзүлүшү, морфологиясы
жана синтаксиси болот. тилдеги ар бир сөз эки жактуу касиетке ээ болгон белги катары
эсептелет, б. а. ар бир сөз биринчиден, белгилүү бир тыбыштардын айкалышынан
туруп, кулакка угулуп же
окула турган материалдык негизге ээ болсо, экинчиден, ошол материалдык негизден
улам келип чыккан түшүнүккө ээ болуп, кандайдыр бир маани туюндурат. Тилдик белгилердин,
андагы ар түрдүү айкалыштардын логикалык жана грамматикалык маанилери бар. Тилдеги ич ара бөлүнүү материалдык
негизи боюнча же мааниси боюнча бири-биринен ажырайт. Кээде тыбыштык тузүлүшү
жагынан окшош сөздөр учураса (мисалы, чыла 1 - ылай, балчык; чыла II - аралаштыруу,
чалуу, сууга салуу; чары 1 - төрт жашар кой; чары II - кайчылаштырып таңуу ж. б.),
кээде мааниси бирдей же өтө жакын, бирок тыбыштык түзүлүшү ар башка синоним сөздөр
учурайт (мисалы, доор, мезгил, учур, чак; арип, тамга ж. б.). Бирок бул өңдүү
белгилердин баары өз ара бири-биринен өзүнө таандык ички касиети боюнча
айырмаланат. Ошондуктан тилдеги белгилер кандайдыр бир система түзүп, ар бир
белги ошол системадан өзүнө тиешелүү орун ээлеп, тилдеги экинчи бир белги менен
өз ара катышта болот. Тилдеги белгилердин көпчүлүгү көбүнчө фонологиялык
каражаттар аркылуу бири биринен айырмаланат (мисалы, чалгыч - алгыч; чакыр -
бакыр - такыр ж. б.). Фонологиялык айырмаларды туюндуруучу белгилердин жыйындысы
жана ал айырманы билгизүүчү тыбыштык бирдиктер (к. Фонема) ар бир тилдин
тыбыштык системасын түзөт. Жазууда алар тамга менен белгиленет. Көпчүлүк тилдерде
сөздөр морфемаларга бөлүнүп, анын бири лексикалык, калгандары грамматикалык маанилерди туюнтат (мисалы,
бышыт - табына келтирүү, табына чыгаруу ж. б.). Тил байланыш, катнаш, пикир алышуунун
гана негизги куралы эмес, акыл-ойдун формасы, түшүнүктү атоонун куралы. Ар бир тилдин
лексико-грамматикалык системасы ар түрдүү болгондуктан алардын жасалуу
жана колдонулуу, сүйлөм түзүү ыкмалары да ар башка. Тыбыштык тил адам баласына гана мүнөздүү
келип, ал пикир алышуу жана жалпылоо касиетине ээ болуу менен бирге эс-акыл, ой
менен тыгыз катышта болот. Тил коомдук кубулушка кирет, бирок анда табигый
касиеттер да бар. Адам баласынын оюн туюндуруп, пикир алмашуусу - экинчи бирөөлөргө
багытталган тилдик акт. тилдин социалдык мүнөзү менен анын коммуникациялык байланыштыргыч
милдети бири бирине өтмө катары жүрөт. Адамдын тили ички ой толгоого, ички
кепке (речке) да ээ. Тилдин өнүгүшү эволюциялык жол менен жүрөт. Өнүгүүнүн
мүнөзү ички себептерге жана социалдык факторлорго байланыштуу. Бир тилдин географиялык жактан чачырап бөлүнүшү
же экинчи бир тилдин күчтүү таасирине учурашы же тарыхый жактан этностук
топтордун аралашуусунан жутулуп кетиши диалектилерди пайда кылат. Кээде
диалектилер өзүнчө тилге айланып же бир нече тил, диалект өз ара тилдик союз
түзүп, тектештик пайда болушу мүмкүн. Азыркы кезде дүйнөдөгү көп тилдин жазуу түрү
да (гезит-журнал, китеп ж. б.), оозеки түрү да (кино, радио, телекөрсөтүү ж. б.)
өнүгүүдө. Бул көрүнүшкө техникалык каражаттардын (телефон, телеграф, радио, магнитофон
ж. б.) күчөшү кыйла таасир этет. Тилди өркүндөтүү булактарынын дагы бири - көркөм чыгармалардын
кеңири жайылышы.