ЖООМАРТТЫК

Мурунку өткөн заманда бир падыша болуптур. Анын кырк вазири бар экен. Бир күнү падыша:
- Жоомарттык мал менен болобу же баш менен болобу? - деп вазирлеринен көп сурайт.
- Жоомарттык мал менен болот да. Малы жок болсо кантип жоомарттык болот, - дешет вазирлер.
- Жоомарттык мал менен болсо мал да силерде, дүйнө да силерде, үчөөң биригип бир падыша элге той бергиле. Тоюңар кырк күндө тарасын, - дейт падыша.
Ушуну менен той башталат экен. Тойду башкарган үч вазир болду. Той аяктар күнү падыша думананын кийимин кийип, башына күлө кийип, колуна аса таяк алып, ийинине куржун салып, ак уруп биринчи вазир башкарып жаткан тойго барат. Вазир көрүп: «Думанага кайыр алып чык!» - деп, үйдөгүлөргө айтат. Тойдун түрлүү тамагынан табакка салып чыгышат. Думана куржунуна салып алып, экинчи вазир башкарып жаткан шаан-шѳкѳткѳ барат. Ал дагы думананы
үйгѳ киргизбестен, кайыр садагасын берип сырттан жѳнѳтѳт. Думана үчүнчү вазирге барат. «Үү», - деп кайыр-садага сурап, үйгѳ конуп кетүүгѳ суранат. Бирок вазир: «Үйдѳ тѳрѳ-мырзалар бар. Сен жатууга орун жок»,- деп жѳнѳтѳт.
Ошондо думана караңгы киргенине карабастан кѳчѳ менен жүрүп отуруп, акыры бир кемпир менен баланын кара алачыгына дуушар болот.
Бала сыртка чыгып, думананы кѳрүп: «Думананы кондуралыбы?» - деп энесине айтат. Энеси: «Макул, айланайын, думана болсо үйгѳ кийир» - дейт. Думана үйгѳ кирет. Бала бир байга үч жылы малай жүрүп, ошо күнү үйүнѳ акысына он кой алып келген экен. Бала энесине:
- Конокко бир кой соёлу, - дейт. Энеси макул болуп коюн союшат. Ошондо думана:
- Мага эки эле бѳйрѳгү керек, башка этин жебейм,- дейт.
- Эки бѳйрѳккѳ да тоёбу! Андан кѳрѳ он койдун баарын соёюн. Жыйырма бѳйрѳк болот, - деп бала койлорунун баарын союп, думанага 20 бѳйрѳгүн берет. Думана ак батасын берип, конбостон жүрүп кетет.
Эртеси кан ѳзүнүн падышалык таажысын кийип, той башкарып узаткан үч вазирин чакыртып:
- Тойду кандай тараттыңар. Бай, кедей кылып бѳлгѳн жоксуңарбы? Тойго думаналар келдиби? Жакшы коноктоп узаттыңарбы? - деп сурайт.
- Тойду абдан жакшы ѳткѳрдүк, келген коноктордун баарын бирдей кѳрдүк. Думаналарга кайыр-садага, чапан берип узаттык. Абдан ыраазы болуп кетишти, - дейт вазирлери.
- Менин байлаткан он коюм бар эле, түндѳ жок. Уурдаган ууруну таап келгиле, - деп вазирлерине буюрат. Вазирлери чапкылап акыры базарга барышат. Он койдун этин жаңыдан сата баштаган баланы кѳрүшүп: «Падышанын коюн уурдаган ушул экен» - деп, аны падышанын алдына алып келишет.
- Кой табылды. Ууруну алып келдик, - дейт вазирлери. Бала малай жүрүп үч жылдык эмгегине он кой алгандыгын, үйүнѳ жаңы эле келгенде бир думананын келгендигин, ага он коюн союп бѳйрѳктѳрүн бергендигин айтат. Падыша вазирлерине баягы кайыр-садагасын кѳрсѳтүп: «Ушуларды тааныйсыңарбы?» - дейт.
Вазирлер: «Биздин дасторкондон берилген жемиштер турбайбы. Думана тойго келгенде бергенбиз», дешет. Ошондо падыша ѳзү думана болуп барганын, коноюн десе: «Тѳрѳлѳр, мырзалар бар, үйгѳ батпайсың»- деп, кондурбагандарын айтып: «Жоомарттык мал менен болот бекен же баш менен болот бекен? Жоомарттык баш менен экен, мына он койдун бѳйрѳгү», - деп, баланын берген бѳйрѳгүн алып чыгып вазирлерине кѳрсѳткѳн экен. Он коюн бир думанага бүт сойгон бала жоомартпы, же думананы кондурбаган силер жоомартсыңарбы?» - деп вазирлерин уят кылат. Падыша ошондо баланы биринчи вазир кылып алган экен