КАН МЕНЕН САЯТЧЫ

Бир күнү Чомотой саятчынын кабары каардуу кан Алдаяр канга жетип калды. «Чомотой дүйнѳдѳ эмне куш болсо ошол куштун тилин бүт билет экен. Кай жерде катылган казына болсо, чачылган алтын, күмүш, каухар болсо куштарды жумшап жыйдырып алат экен, азыр Чомотой саятчынын байлыгындай эч бир кандын байлыгы да жок имиш».
Дүйнѳнү ажыдаардай соргон ач көз кандын сугу саятчынын ѳнѳрүнѳ эмес, анын дүнүйѳсүнѳ катуу түштү. Эптеп айыпка жыгып, байлыгын тартып алууга баш кесер желдеттерин: «Тез алып кел», - деп саятчыга жөнѳттү. Кан буйругу кѳз ачып жумганча аткарылды. Саятчы канга баш урунуп сурагынан ѳттү: «Алдаяр каным, биринчи намыс Алланыкы, экинчи сиздики, кулдук уруу биздики, чакыртыпсыз келип калдым, буга айып этпеңиз». Мурунтан суроо берүүгѳ камынган кан каардуу жүзү менен: «Сен, акмак, куштардын тилин кайдан жана кимден үйрѳндүң, ушуну айтчы?» Анда саятчы сабырдуулук менен жай гана: «Алдаяр каным, муну ѳзүм да билбеймин, тилим чыкканда эле адамча жана кушча сүйлѳп чыкты. Ата- Энемден сурабай калыптырмын, алар илгери заманда эле а дүйнѳгѳ кеткен, азыр менин эмне үчүн адамча да, кушчада сүйлѳп калганымдын сырын билген киши жок. Бул жообума ыраазы болуңуз, каным, эми менин суроомо жооп берер бекенсиз?» - деди саятчы. Саятчынын тубаса кушка тилмеч экенине кандын кѳзү жетти, так берген жообуна кошумча суроо берүүгѳ чамасы келбей калды да: «Кана, эмне сурамакчысың?» - деди. «Алдаяр каным, мен сиз менен ушу жашка келгени кѳрүшкѳнүм ушул, ооз ачып сүйлѳшкѳнүм да ушул. Сиз сѳз баштаганда эле мени акмак дедиңиз, мунун жайы кандайча?» - деди. Кандын эки кѳзүнѳн чаар чыгып катуу ачуусу эми кайнады: «Сен чыныгы акмаксың», - деди кан. - Акмактыгың ушул менин алтын, күмүш, каухарымды уурдап жатасың, куштарды жумшап ташытып алдың, ал күнѳѳңдү билбейсиңби? Башың менин кылычымдын мизинде турганын түшүнбѳйсүңбү, акмак? Акмактыгыңды эми билдиңби?»
- Кечирим, Алдаяр каным - деди саятчы. Аларды мен уурдап алган жокмун, менин дос куштарым сиздин ѳлкѳнүн чегинен эмес, али да жапайы айбандан башка адам изин сала элек сырт ѳлкѳдѳн алып келишкен. Мен ал ѳлкѳнүн кай тарапта экенин айтсам, сиз таң калбаңыз. Сиздин жердин чегин жакшы күлүк ат менен бир жумада кыдырып чыгууга болот, ал эми тиги бай ѳлкѳгѳ куштун учкуну кузгун бир жумада түз учуп жетип, кайра экинчи жумада гана келет. Саятчы сѳзүн бүткѳнчѳ кан чыдап тура алган жок. «Акмак, - деди кан, - сен ууру эмесмин деп актанба, жеткен ууру экениңди мойнуңа аласың, Биринчиден, менин чегимди буздуң, экинчиден, менин чегиме келген бардык нерсе жалгыз гана меники, мага айтпай катып алганың үчүн башың алынат». Саятчыга дагы башка күнѳѳ таап жабайын деди эле, анда саятчы озунуп мындай деди: «Алдаяр каным, менин башымды кескенде эмне чыгат, болгон дүнүйѳмдү сиз алыныз, өз башым калса эле болгону. Бирок Алдаяр каным, ошол алып келген дүнүйѳнү элге таратып ийдим эле, үйүмдѳ жарым кадак да жок, болсо да анын мага кереги жок.
«Акмак», - деди кан: «Сен жѳн эле мага дүнүйѳңдү кыйгың келбей жатат, сенин дүнүйѳ казынаң меникинен да кѳп деп эл бекер айткан жок, казынаң кайда? Азыр жигиттериме айтып кѳргѳзүп бергин, бул сѳзүм эки эмес», - деди кан. Саятчы: «Эгер дагы жок десем башым кесилип калбасын, андан кѳрѳ болгон дүнүйѳмдү кѳргѳзүп берейин», - деп жигиттерди ээрчитип үйүнѳ жѳнѳдү. Кан болсо казынам эми толот деп каткырып ордодо калды. Кандын жигиттери саятчынын короо жайын нечен күн, нечен түн тинтип алтын, күмүш таба алышпады. «Сен эмне, кан менен ойногуң келеби, казына кайда, айтпайсыңбы?» - деди жигит башчысы.
«Мен аларды элге таратып жибергем» - деди саятчы. Болгон окуя канга түгѳл айтылды. Чомотой саятчыны зынданга салдырып, кан бүт элге: «Кимде ким Чомотой саятчыдан алтын, күмүш, каухар алса, кандын казынасына жеткирсин. Эгер жеткирбей жашырса, баары бир билинет, саятчы менен кошо зынданга түшѳт, башы алынат», - деп буйрук бердирди. Эл ѳз ара кеңешип: «Казына канга гана ылайык, биздей букарага алтын, күмүштүн эмне кереги бар, кандын казынасына жыйнап берели да, саятчынын ѳмүрүн сурайлык», - дешип, алтын, күмүш, каухарларын алып келишти. Чынында эле кандын казынасынан алда канча ашып түштү. Кан ага да болбой: «Дүнүйѳнү элге таратып, элдин кѳѳнүнѳ жагып алып, куштарга да, элге да падыша болгону жүргѳн неме экен», - деп саятчыны катуу жазага тартмай болду.
Саятчы ѳлѳрүн билип, желдеттен бир гана нерсе ѳтүндү: «Канга бир кезигип ѳлсѳм арман жок эле», - деди. Каардуу кан акыркы жолу бир сөз сурап калууга өзү да макул эле.
«Алдаяр каным, менин өтүнүчүм ушул, башымды кесиңиз, бирок менин денемди жерге көмдүрбөңүз, тетиги ак кар баскан Алатоого таштатыныз, бүт канаттуу талап жеп кеткендей болсун, себеби мен ал канаттуулардын акысынан кутулган жокмун, жалгыз гана өз денем менен кутулбасам, менин колумда алардын керегине жарачу эч нерсе жок. Ушуну аткарсаңыз, мен чексиз ыраазымын, аткарууга «ооба» деген бир гана сөз айтыңыз да, менин башымды кесе бериңиз. Менде башка сөз жок, балким, каным, сизде болуп жүрбөсүн, айта бериңиз, билсем жооп берейин, билбесем дагы күнөөлүү болуп кете беремин».
Кан саятчынын өлүм алдындагы өтө зор кайратына жана камырабастыгына таңданды. Кексе кан өзү ичинен аяган менен айтканынан кайтпаска тырышты, бирок саятчыга суроо берди: «Буга жооп берсең да, бербесең да башың алынат, ойлонуп туруп жооп бергин. Сенин тилегиң орундалат. Кана, акмагым, дүйнөдө кайсы жаныбар узун өмүр сүрөт жана анын себеби эмнеде?» - деди. Саятчы кенедей да токтогон жок: «Дүйнөдө узун жаш ган кузгун, анын себеби кузгун учкуч канаттуу эмеспи, талбай учат жана мүрөктүн суусун кайдан чыгарын билет экен. Ошондон ичет экен да миңге чыгат экен. Узун өмүрдүн дабаасы ошол, каным, ыраазы болгонуңузду билгизсеңиз мен да көңүлүмдү жайлап алайын», - деди саятчы. Кан ыраазы же ыраазы эмес экенин айтпастан: «Мүрөктүн суусу кайда болорун билесиңби?» - деди.
Саятчы: «Билем, бирок өзүм өлүм алдында туруп, душманымдын узун жашашын каалабаймын, сизге мен эртеңки күнкү өмүрдү да кыйгым келбейт. Сиз жазыксызды айыптап, эч сураксыз башын алдырып, алсызга күчүңүздү көргөзүп, өкүмүңүздү аткарып жатасыз. Ошондуктан, ал сыр менин каным менен жерге төгүлүп сиңип жок болушу мүмкүн».
Кан ойлоно түштү: «Чын эле саятчы акмак эмес, мен акмак болуп жатпайымбы, өз башы кесилген жатса, мага мүрөктүн суусун таап бермек беле? Андан көрө саятчыны мүрөктүн суусун таап бергенче өлүмдөн куткара турсам, иш оңу эмеспи, акыры менин кылычымдын мизинен кутулбасы айкын да». Буга кур ачуунун кереги жок экенин сезген кан кекселик менен куру жылмайып күлүп: «Саятчы досум, сени кайраттуу жана акылман адам дегендиктен: «Өз көзүм менен бир көрүп сынайын дегемин, эми сыныма толдуң, өмүрүң азат. Жанагы мен койгон айып куруу жалаа, элден жыйган дүнүйө кайра таратылат, кабагын ачып күлүп, катын- балаңа баргын жана кандын сени көп убара кылганын көңүлүңө албагын», - деп, кан бурулуп ордосуна кирип кетти, саятчыны сакчылар үйүнө коё берди. Саятчы түнөрүп үйүнө келди, эл кубанышты, бирок карыя кубанган жок. Эми токтоосуз кандын акыркы каардуу касабынан кутулуунун амалын издеди. Карыя өзүнүн конушуна конуп, ары-бери өткөн канаттууларга сырын айтып, кандан кутулуунун амалын сурады эле, барлык куштар: «Адамзат менен кезикмек тургай жанына баргандан коркобуз», - дешти. Акыры амалды бир жылкы окуяны алдын ала мурун билген Соно куш ойлоп тапты. «Саятчым, - деди Соно, - эч нерсеге капа болбо, каныңдын алты айлык гана өмүрү калыптыр, мүрөк суусу келерки ушул күнү даяр болот дегин, ага чейин кан өлүп калат, сен күткөн жыргал заман келет, кан өзү өлө койбой ага кошуна кан кол салат, камылгасыз жатканда басып алат, ал кан сендейди урматтаган эл баккан адилет кан».
Бир күнү кан саятчыны чакырып: «Мүрөктүн суусун алдырып бер», - деди.«Саятчы кыйылымыш болуп туруп: «Ал алыс жерде, бир жылсыз колго тийбейт»,- деди. Кан ага сүйүнүп макул болду. Көңүлү жайланды. Саятчыны коноктоп, жолго салды.Күткөн күн да келди, согушта арсыз кан жеңилди, эл согушка катышпай качып-житип жок болушту.
Жеңген кан элди жыйып Чомотойду элге башчы кылып, кайра өз жерине кайткан экен. Чомотой куштун да, элдин да падышасы болуп көп жыл жыргап өмүр сүргөн экен.