ДОМОНУН КЫЗЫ

Илгери мүнүшкөр Домо дегенден бир кыз калат. Ал өмүрүндө эркек бала көрбөйт. Көзү барында эрге берет. Кыз оокаттуу жерге барат, тийген күйөөсү куш салып, ит агытууну сүйбөгөн жөнөкөй гана бир адам болот. Арадан көп жылдар өтөт. Бир күнү иттин үргөнүнөн улам кайын атасы: «Балам, сыртка чыкчы, ит үрөт, булар ким болду экен?» - дейт. Келини эшикке чыгып, кайра кирип:
- «Үч бүркүтчү экен: бирөө сүйүнүп, бирөө өкүнүп, бирөө күйүнүп келе жатат», - деди.
Анда кайнатасы: «Ал эмне дегениң, балам, түшүнбөй калдым», - дептир. Келини сөзүн чече сүйлөп: «Үч бүркүтчү келе жатат: сүйүнгөнү - бүркүтүнө түлкү алдырыптыр, өкүнгөнү - чалабула бирдеме алдырган окшойт, күйүнгөнү кур кайткан окшойт», - дептир.
Аңгыча бүркүтчүлөр келиптир, ат алышып, казан асылып, мейман күтүү болуптур. Сөздөн сөз чыгып, кайнатасы тигилердин жайын сураса, дал эле келини айткандай болуп чыгат. Аш-тамак жеп, коно жатып, эртеси бүркүтчүлөр аттанарда Домонун кызы: «Ата, мен десеңиз ушул эч нерсе албаган бүркүттү сатып алыңыз», - деп кыйнайт экен.
Кайын атасы келининин сөзүн «жок» дей албай бүркүтчүгө барып: «Бүркүтүңүздү сатып кетиңиз», - деп сурады эле: «Оо кокуй, сатып эмне кылам, тим эле алыңыз», - деди. Кайнатасы келип келинине бүркүтчүнүн сөзүн айтса, келини: «Жок, ата, ал калыстык болбос бекер алсак, ээсине убал болор, бул бүркүттүң эң төмөнкү баасы бир айгыр үйүр жылкы болот, ошону алсын да бүркүтүн берсин», - дейт. Кайын атасы өзүнчө капа болуп, антсе да келининин көңүлүн кыя албай, бүркүттүн ээсине барып жогорку шартты айтты эле, тиги киши: «Сиз эмне шылдың кылып жатасызбы? Мунуңуз жарашпаган сөз, жөн эле алыңыз», - деп жаа бою түйүлөт. Акыры келиндин кайнатасы болбой жатып, бир айгыр үйүр жылкыны айдап берип, баягы эчтеке албаган бүркүттү алып калат.
Бүркүттүн ээси кубанып жолго түшөт, жылкынын ээси ичинен кайгырып үйүнө кирди да: «Балам, бул бүркүттүн өнөрү кайсы? Мунуңдан пайда барбы? Бир айгыр үйүр жылкы деген оңой эмес», - деп сурап калды. Анда Домонун кызы: «Ата, бул - «төө комдот» деген бүркүт ушул болот. Бул бүркүт тапталып биринчи салганда эле каман алган экен. Ошондо балалык кылып, камандын жалын бүкүлү жеп, көкүрөгү коё болгон экен. Эми мезгил өткөрбөй, бир ак боз бээни союңуз да, ошонун казысынан биринчи күнү табак ордундай, экинчи күнү чынынын ордундай, үчүнчү күнү андан кичирээк казы сугунтуңуз, ошондо көкүрөгү жибийт да, көкүрөгүндөгү кыл түшөт, өнөрүн андан ары көрө жатарсыз», - дептир.
Атасы келининин айтканын жасап, ак боз бээ союп, казысынан үч жолу сугунтканда бүркүт камандын жалын кусуптур. Ошондо Домонун кызы: «Ата, эми бүркүтүнүздү аңга алып чыга берсеңиз болот. «Төө комдот» деген бүркүт ушул болот. Муну салганда төөнү комдой бериш керек. Ал ар күнү арбытып алат. Ал бүркүттүн шерти болот. Ошондуктан ар салган сайын киши улам көбөйүп арбын барсын. Бүгүн бешөө чыкса, эртең он, бүрсүгүнү он беш киши, анан отуз, кырк болуп арбып олтурсун», - деди. Эртеси күйөөсү атка минип, жанына бир топ жолдош алып, бүркүттү алып барып салган экен, көзүнө көрүнгөндүн баарын алыптыр. Ошентип бүркүт бара-бара күнүнө алтымыш, жетимиштен карышкыр, түлкү, кулжа, теке алат.
«Төө комдот» бир жума өтпөй эле ээсин дүнүйөгө батырат. Не бир сүлкүлдөгөн сүлөөсүндөр батпай кетет. Домонун кызынын күйөөсүнүн баркы көтөрүлөт, элдин оозуна алынып макталат. Ал күндөрдүн биринде: «Аял деген оюна келгенин сүйлөй берет, анча көп кишини олжого орток кылбай эле, төрт-беш киши менен чыксам кудай алабы» - дейт да, арбын киши ээрчитпей, аз киши менен жөнөп кетет. Кечке жуук Домонун кызы эшикте кир жууп олтурса, бүркүт келип туурдукка конуп калат. Келин бүркүттү көрө коюп: «Атаны кокуй ай-ээ, болбой калган турбайбы, бүгүн уулуңуз канча киши менен кетти эле?» - деп, атасынан сурады эле, кайнатасы: «Төрт-беш киши менен кетсе керек»,- деди. Келин: «Айтпадым беле, олдо кокуй ай-ээ бешөөнү тең алган турбайбы, тезирээк киши чаптырыңыз», - дейт да, бүркүттү алып, ортоңку салаасын балта менен кыя чаап: «Кош, жаныбарым, шартың ушул эмес беле?» - деп учуруп жиберген экен.
Эл барып караса, бүркүт бешөөнү бирдей алып, боор этин оё жеп гана тим болгон экен дейт. Кыргыз баласында Домонун кызындай кушка тилмер укмуштуу пенде чыккан эмес экен дешет. Ошондон улам кыргыздын уламышында Домонун өзү көп оозго алынбай, Домонун жалгыз кызы сөз болуп калыптыр.