Илгери
кыргызда бир атактуу мерген өткөн экен. Ал.
өмүрүндө эчки-текеден он оңко тургузган дешет.
Кайберендин
ээси буга нааразы болуп, ага нечен ирет белги берет, түшүндө «кайберендин тукумун
көп кырбай жүр» деп аян да берет, бирок мерген ага болбой, эчки-текени эпсиз кыра
берет. Мерген бир күнү аң уулап чыкса, кечке эчтеке жолукпай коёт. Аябай ыза болуп
үйүнө келе жатса, бир түп балдыркан бүлк этип, эликтин чаар ала жону көрүнөт. Атып
салып келсе өзүнүн жалгыз уулу - Карагул экен.
Атасы
ууга кеткенде бала энесинен эликтин чүкөсүн сураса, энеси бербей уруп коёт. Бала
энесине таарынып, атасынын жолун тосуп чыгып балдыркандын түбүнө келип уктап калыптыр.
Ошентип, кайберендин каргышы тийип, Тумаш мерген жалгыз уулун атып алып:
«Кең-Колдун
башы кең шибер, ботом,
Келберсип
жаткан Карагул ботом.
Тар-Колдун
башы тар шибер, ботом,
Талымсып
жаткан, Карагул ботом.
Алтындан
сака калчадың, ботом.
Айыңа
жетпей чарчадың, ботом.
Күмүштөн
сака калчадың, ботом,
Күнүнө
жетпей чарчадың, ботом.
Мен аркар
атып тийгиздим, ботом.
Аркар
тон кайдан кийгиздим, ботом,
Элик
атып тийгиздим, ботом,
Элик
тон кайдан кийгиздим, ботом?
Мен артымды
карабай, ботом,
«Балалуу
элик» - деп койдум, ботом,
Карагул
атып жеп койдум, ботом.
Тобурчагың
тер болор, ботом,
Токсондогу
атакең, ботом,
Тозогуң
тартып кор болор, ботом.
Аргымагың
тер болор, ботом,
Алтымыш
жашта энекең, ботом,
Азабың
тартып көр болор, ботом.
Кулуну
өлгөн бээдей, ботом,
Кууратып
кеттиң, Карагул ботом.
Ботосу
өлгөн ингендей, ботом,
Боздотуп
кеттиң, Карагул ботом!» -
деп, ботодой боздоп, зар
какшаган дешет. Ошондон улам эл арасында «Карагул ботом» айтылып
калыптыр.