АКЫЛДУУ ДЫЙКАН

Бир кан эсирип олтуруп, өзүнүн жигиттерине: «Мага акмак кишини таап келгиле», - деп буйрук берген экен. Эки жигит жолго чыгып кеңешти: «Эми кимди алып барабыз? Алып барбасак жазага тартат». Экинчиси: «Сен акмаксыңбы, кимди алып барабыз деген да сөз болобу, жолуккан эле кишини эркине койбой алып келебиз, кан чакырып жатат десек, айласы жогунан барат», - деди.
Ошентип, экөө келе жатып, бир карагай тарткан кишиге жолугушту. Эки жигит: «Карагайыңды таштагын, азыр канга жүргүн, сени чакырып жатат», - дешти. Ал киши: «Токтогула, карагайымды үйүмө жеткирип коёюн, анан барайын. Эмне үчүн чакырды?» - деди. Эки жигит: «Эмне үчүн чакырды дейт тура, сенин жумушуң эмне? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү? Кан акмакты таап кел деген, жүргүн!» - деп шаштыра башташты.
«Жок, жигиттер, карагайды атайын тоодон мээнет кылып алып келе жатып, жолго таштап бара албаймын. Мен акмак эмесмин, оокат кылып жүргөн кишимин»,- деп бастырып кетип калды.
Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон бир аялга жолугушту. «Жеңе, сени кан чакырып жатат, тезинен жүргүн», - дешти.
- «Ботом, аял кишини эмнеге чакырыптыр?» - деди. Эки жигит: «Аял кишини кепке-сөзгө чакырмак беле! Акмак адамды чакырып кел деген. Эркектер менен айтышпай тезирээк жүрбөйсүнбү?» - дешти. Аял: «Оо, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн киши акмак болбосо, ким акмак болсун. Мен деле оокатым үчүн өзүмө керектүү болгон жумушумду бүтүрүп алайын деп, жанталашып жатамын. Акмакты тапчу жериңден таап алгыла! Мен барбаймын!» - деди. Эки жигит бул жоопту угуп: «Эми жөнүбүздү айтып олтурсак, эч ким болбойт экен. Андан көрө кезиккен эле кишини зордоп алып кетиш керек?» - дешти.
Жолдо келе жатып, жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп: «Ой, дыйкан, жүргүн канга?» - дешти. Дыйкан: «Эмгек кайнап жатканда эмне үчүн барам?»- деди. «Көп сүйлөбөй, жүргүн! Кан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң», - дешти. Жигиттерге дыйкандын ачуусу келип: «Силер үчүн акмакты даярдап койгон жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула!» - деди. Эки жигит: «Эмесе, акмакты таап бериңиз», - деп, дыйканды кармап коё бербей коюшту. Дыйкан: «Мени коё бергиле, күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын», - деди.
Жигиттер: «Жок, же өзүң канга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтып бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиз дейсиңер, кимиңер акмак экениңерди биз кайдан билебиз?» - деп жакалашты. Дыйкан: «Макул эмесе, мен акмакты айтып берейин, коё бергиле», - деди. Жигиттер: «Батыраак айт», - деп шаштырышты. Дыйкан ойлонуп туруп: «Акмакты таап кел» деген кандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындан артык акмакты дүйнө жүзүнөн таппайсыңар!» - деди. Жигиттердин ачуусу келип: «Сен канга сөзүңдү тийгиздиң, барып айтабыз!» - дешти. Анда дыйкан: «Бир айтмактан миң айткын , деги ушуну канга угузуп айтсаңар экен!» - деди.
Эки жигит канга келип айтышат. Кан: «Ошол дыйкандын колу-бутун байлап алып келгиле!» - деп буйрук берди. Дыйкан жигиттердин айдоосу менен кандын астына келип олтурду. Кан дыйканды кекетип: «Менин акмак экенимди сен билген экенсиң, билгич болсоң ушул тулпарымды сынап билип берчи?» - деп, үч күн убакыт белгиледи. Дыйкан тулпарын багып, жем берип, сугарып жүрүп, үч күнү бүткөндө кандын астына келди да: «Каным тулпарыңыз тулпар экен. Бирок эшектен бүтүп, уйдан жалгаткан экен», - деди. Бул сөзгө кандын ачуусу келип, дыйканды өлтүрмөкчү болуп жаткан да, жылкычысы келип: «Бу кишинин сынаганы туура. Кулундагандан кийин бээ өлүп калып, бир музоосу өлгөн уйга телигемин». Кан дыйкандан: «Сен кантип билдиң?» - деп сурады.
Дыйкан: «Каным, тулпарыңызды үч күн бактым, сугарганда суудан чыгып келе жатып, арткы бутун кагат экен. Ушул себептен уйдан жалгашканын билдим. Эшектен бүтүптүр деген себебим болсо: түнкүсүн чөп салганда, тулпарыңыз ар дайым эшекче бакырат экен. Ушуну үчүн эшектен бүтүптүр дедим». Кан ыраазы болуп: «Баракелде, тапканыңа», - деп сыйга бир нан берди. Кандын аялы жоолугунун учуна беш сомдук алтын түйүп берип, дыйканды узатты.
Эртеси кан дыйканды чакыртып алып: «Сен тапкыч болсоң азыр менин оюмда эмне турат, ошону тапчы», - деди. Кан эмне деп ойлоду экен деп ойлонуп туруп: «Аа ушу сөздү айтып жатканда, башын тырмап жатпайт беле, чачымды алып берсе деп турган экен го», - деп дыйкан унчукпай барып, кандын чачын устарасы менен алып чыкты. «Тапканыңа баракелде!»- деп, кан дагы бир нан берип узатты.
Бир күнү дыйканды кан чакырып алып: «Сен кыйын тапкыч болсоң, менин аялым кандын баласыбы, же мен кандын баласымынбы? Ошону билип берчи?»- деди. Дыйкан ары-бери ойлоп убара болбой туруп эле: «Сиздин аялыныз кандын кызы экен, өзүңүз наабайчынын баласы экенсиз», - деди.
Бул сөзгө кан ачууланып, дыйкандын башын алмакчы болуп, энесинен сурады: .«Чыныңды айткын, эне, мен кимдин баласымын?» Энеси: «Уулум, мен жаш кезимде жалаң гана кыз төрөгөнүм үчүн күйөөм кордой баштады. Ошондо шаарыбыздагы бир кембагал өзбектин аялы менен достошкон элем. Экөөбүздүн тең боюбузда бар болучу. «Эгер мен кыз төрөп, сен эркек төрөсөң, экөөбүз алмашып алалык, экөөбүздүкү тең кыз же эркек болсо акыреттик дос кылалык», - деп көп дүнүйө берип, убадалашкан элем. Кийин толгоо келер убакта күйөөмдү шаарга жиберип, өзүмдүн үстүмө эч кимди кийирбей, элге билдирбей жатып төрөгөн кызымды ошол аялга бердим. Эки жумадан кийин аял эркек төрөп, баласын элге көрсөтпөй түн ичинде мага алып келип берген.
Эки-үч күн өткөндөн кийин шаардан күйөөм келди. Мен сырымды эч адамга билгизгеним жок. Кийин чоңойгондо кызым бөлөк болуп кетпесин деп, уулум сага алып берген элем», - деди. Кан энесинин сөзүн угуп: «Сен кантип билдиң?» - деп дыйкандан сурады. Анда дыйкан: «Мен табышмагыңызды таап, эки жолу келгенимде тең бир нандан бердиңиз. Ошон үчүн сизди наабайчынын баласы экен дедим. Аялыңыз бир жолу келгенде эле алтын түйүп, жоолук берди. Мына ушундан кандын кызы экендигин билдим», - деди. Кан мунун билбегени жок экен деп, дыйканга айтты: «Кудай кайсы жерде турат, билип берчи!» - деди. Дыйкан: «Каным, мен ушу кебетем менен канга акыл айткандай болуп, кудайдын кайсы жерден турганын айтсам, кусур уруп кетер. Ошондуктан, сиз менин кийимимди кийип, кечирим сурап, тизелеп туруңуз, мен сиздин кийиминизди кийип, тагыңызга олтуруп, кан болуп туруп айтайын, болбосо ушу сыягым менен кантип айтам?» - деди. Кан макул болуп, кийимин чечип берди, өзү айыптуу киши болуп тизелеп турду.
Дыйкан кандын кийимин кийип, тагына олтуруп, жигиттерди чакырды да: «Ушу убакка чейин акмакты таппай жүрөсүңөр, мындан артык акмак болуучу беле? Алып барып акмактын башын алгыла!» - деди. Көпкөн жигиттер башка сөздү уксунбу, канды желкелеп барып, башын кесип, кумардан чыгышты. Дыйкан кан болуп такка олтуруп кала берди.