АМАЛДУУ КЕДЕЙ

Илгери бир кан: «Кимде ким мага жыл маалында Кыдырды көрсөтсө, бир табак дилде берем, көрсөтпөсө башын аламын», - деп жар салат. Бир кедейдин аялы: «Барып кандын дилдесин алып келгин», - деп күйөөсүн уруша берет. Кедей: «Жыл маалында өлүп калайынбы барбай», - дейт. Анда аялы: «Үстүбүздө тиккен үйүбүз болбосо, киерге кийим, ичерге тамак жок болсо, баары бир жыл маалында өлөбүз, андан көрө ичип-жеп бир жыл болсо да жашап туралы, барып алып келгин», - дейт. Аялынын тилине уугуп, айласы кеткен кедей канга барып: «Менин азыркы абалым да өлгөн менен тең, дилдеңизди бериңиз, жыл маалына чейин кудайдан тилеп көрөйүн», - дейт. Кандын дилдесин алып келип, ичип-жеп жата беришет.Бир күнү эсептешсе, жыл маалына жети күн калыптыр. Ошондо кедейдин аялы: «Жети күндөн кийин вазир келет, мен сени Кыдырды издеп кеткен деймин»,- деп күйөөсүн качырып тоого чыгарып жиберет. Тоо-ташты аралап жүрүп, кедейдин чокою бат эле түшүп калат. Үйүнө келсе, аялы кайта кубалайт. Бир күнү: «Эмне болсо да үйгө барып өлөйүн», - деп келе жатса, алдынан бир киши чыгат. Андан качайын десе, артынан бир киши чыгат. Андан качайын деп, алдынан келаткан кишиге капталып калат. Салам берип, токтоп туруп ага чын сырын айтат: «Жокчулуктун айынан убактысынча болсо да ичип-жеп туралы деп, жыл маалында Кыдырды көрсөтмөк болуп кандан миң дилде алдым эле. Дилде болсо түгөндү, бирок Кыдырдын көрүнөр түрү жок. Тоо-ташта баш калкалап жүргөнүмдүн себеби ушул», - деди. Тиги чоочун киши: «Оо жолуң болгур, кандан качып кутула албайсың, кан сени өлтүрүп эмне кылсын , андан көрө: «Каным, жокчулуктун айынан бир табак дилде алганым чын эле, Кыдырды таппадым деп эле алдына баргын», - дейт. Анда кедей: «Канга да барар элем, бирок аялыма баруудан корком. Жок дегенде үйүмө киргизип эле койсоңуз», - дейт. Чоочун киши кедейдин сөзүн кыйбай аялына ээрчитип келет. Кедей жан-жаны калбай, колунан келишинче сыйлап конок кылат.
Эртеси тиги киши: «Эми чочубай эле канга бара бер, мен кетейин», - деди эле, кедей: «Жок дегенде кандын дарбазасына чейин узатып койсоңуз, жүрөгүм даабай жатат», - деп, туткактап кетирбей койду. Кандын дарбазасынын жанына келгенде: «Киргизип койсоңуз, коркуп жатамын», - дейт. Кедей кишини кароолчуларга ээрчитип: «Канга айткыла, мен убада боюнча Кыдырды көрсөткөнү алып келдим, тосуп алсын», - деди. Аны угуп, кандын сарайы бүлгүнгө түшүп калды. Муну укканда тиги кишинин эси чыгып, кетенчиктеп кетмек болду эле, кедей: «Баары бир, эми сен да өлөсүң, мен да өлөм, ажалдан кутулуунун бир гана жолу бар, кан кирип келип: «Ассалоом алейкум, Кыдыр ата», - деп салам берет. Алик алба. Саламын дагы кайталайт, унчукпай тура бер, акыры: «Кыдыр ата эмне унчукпайт», - деп менден сурайт. Андан аркы жоопту мен берем. Сен белги бергенде гана эшикке чыгып, жок бол», - деди.Аңгыча кан кирип келип, эки колун бооруна алып: «Ассалоом алейкум, Кыдыр ата», - дейт. Тиги алик албайт. Кан тизесин бүгүп саламын дагы кайталайт. Чоочун киши унчукпай тура берет. Кандын тынчы кетип: «Касиеттүү, Кыдыр ата, эмне унчукпайт?» - деп, кедейден сурады эле, ал: «Кыдыр ата адамдардын көзү ачык турганда сүйлөбөй да, касиетин көрсөтпөй да коёт деп уккамын», - дей салды. Кан токтолбостон бүтүндөй сарайындагыларына көзүн жуумп турууга буйрук берди. Ошол мезгилде кедей жигит «чыгып кет» деп кол шилтеди эле, тиги киши жылып жоголду. Кан күтө- күтө чарчап көзүн ачса, Кыдыр түгүл, карааны да жок. Кедей болсо: «Бир көрөрүн көрдүң эми каным, ыраазысың го», - деп, басып кеткен экен.