Жапалактын зайыбы


Жаныбек кандын жигиттери бир күнү сейилдеп жүргөндө Жапалак байдын аялын көрүп: «Ой тобо, Жапалакка да ушундай иш билер, сулуу, акылдуу аялды буюрат экен да. Биздин Жаныбек каныбызга ылайыктуу аял экен», - деп канга айтып барышты. Бир күнү кан: «Сулуу, сулуу», - дешет, мактаган аялды көрөйүн деп жигиттерин ээрчитип, Жапалактын үйүн көздөй жөнөштү. Жапалактын аялы кандын караанын көргөндөн кийин, «атын алып кирейин» деп күтүп турду. Кан келип түшкөндө, атын алып байлап, эшик ачып үйгө киргизип, чай коюп, даам берди.
Жапалак бай эшикке чыгып кеткенден кийин кан аялга сөз баштап: «Карга иле албаган Жапалакка каз байласа, мунун не мааниси бар?» - деп сурады.
Аял: «Карга иле албаган Жапалакка каз байласа, каз түгүл куунун баласынан артык талабы бар», - деп жооп берди.
Кан уялгандыгынан кетмекчи болуп бара жатып, аялдын сулуулугуна чыдай албай бетинен өөп чыгып кетти.
Бир канча убакыттан кийин Жапалактын бир койчусу үкүнүн балапанын этегине салып келип айымга берди. Айым балапанга кийизден саймаланган томого кылып, жибектен боо тагып олтургузду.
Намаз шам убагында жана таңга маал бөпөлөп, жем берип, балапанды көндүрдү. Бир күнү айым Жапалакка келип: «Балапанды колуңа кондуруп, кандыкына баргын», - деп буюрду.
Жапалак: «Атаңдын көрү ит, мен балапан кондуруп кандыкына кантип барайын?» - деп, ачууланды. Анда айым: «Эмне болмок эле? Намаз шамда колуна кондуруп киргин, кан тамашалуу киши: - «Ой, Жапалак бай, мунуң эмне?» - дегенде, сен: «А таксыр, үкү деген куш эмеспи», - деп айтсаң эле болду. «Ботом, бу да бирдеме алабы?» - деп сурайт. «Бу баары жокту алат» дегин. Кандын аялы калжаңдаган неме: «Койчу бай, ушу кантип алсын, томогосун алып көрчү» дегенде, сен: «Чындаса сизди да алат», - деп, томогосун алып коё бергин. Кандын аялынын көкүрөгүндөгү кызыл шуру, берметти көрүп, мыкчып басып калар. «Кокуй, ал... ал» - деп айтканда, ажыратымыш болуп, эмчегин кармап, жайы келсе, жамандын бетинен өөп алгын», - дёди. Ошентип, Жапалак балапанды кондуруп, кандын үйүн көздөй жөнөдү. Жапалактын келе жатканын кандын жигиттери көрүп: «Кандыкына куш кармап келе жатат», - дешип карап турушту.
Жапалак: «Ассалоом алейким!» - деп, кандын үйүнө кирди. Кан: «Ботом, Жапалак бай, бул эмнең?» - дегенинде: «Үкү деген куш эмеспи, таксыр», - деп жооп кайтарды. Кан: «Ботом, бул бирдеме алат бекен?» - дегенде Жапалак: «Оо таксыр, баары жоктун баарын алат, ушу убакка чейин билбейсизби?» - деди. «Эмнени алмак эле, томогосун алып салып көрчү», - деп, кандын аялы тикчиңдеди. Жапалак: «Ой, айым, чындаса сизди да алып кетет», - деп, томогосун алып коё бергенде үкү кандын аялынын көкүрөгүн мыкчый басып калды. «Кокуй, ал... ал!» - деп жыгылды. Жапалак ажыратымыш болуп, эмчегин кармап, бетинен өөп, балапанын чыгарып алды. «Жапалак, муну ким таптаган?» - деп, сураганда: «Аял эле таптамыш болуп жүрөт эле», - деди. Ошондо кан бармагын тиштеп, Жапалак байга ат мингизип, тон кийгизип: «Аялыңа ала барып бер», - деп, бир түлкү ичик берип узаткан экен.