Жээренче чечен


Өткөн бир заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээренче чечен деген киши болуп, анын Төлө мырза деген уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деген сөздү Жээренче чечен күн сайын элден угуучу болду. Бир күнү Төлө мырзаны сынамак үчүн караңгы түндө ээрчитип келе жатып: «Балам, менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жагыңды карачы, мага аркарга окшош бирдеме көрүнөт», - деди. Анда Төлө мырза: «Аркар экен, козусун эмизип турат», - деди. Ошондо Жээренче чечен: «Жаның чыккан баламдын жалганчысы чын экен» - деп өкүндү. Төлө мырза карга атса кийик аттым деп элге мактанат. Төлө мырзанын колунан эчтеке келбейт, бул иш эл үчүн да, атасы үчүн да маалым болду. Төлө мырза бир күнү көпчүлүк элге адатынча калп айтып калды: «Баягы күнү бир кийикти атып жиберсем, кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти», - деди.Анда Жээренче чечен: «Ата балам ай, туягы менен кулагын кашынып турганда аткан экенсиң ээ», - деди. Төлө мырзанын калптыгына айран калып турган элге Жээренче чечендин сөзү орун болуп бастырып кетти. Үйүнө келгенден кийин: «Ата-а жаның чыккан балам, эпсиз жерден калп айтып, эбине келтире албай эсим кетпедиби, мындан кийин адам болом десең, калп айтпа. Калп айтсаң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет» - деп, жалгыз баласынын жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, жаман бала чыгып калганына капаланды.
Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келе жатып: «Ат жалына казан ас», - деди. Төлө мырза түшө калып аттын жалына от коюп, өрттөп жиберди. Жээренче чечен: «Ээ балам, ат жалына казан ас» деген канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз болот», - деди. Дагы бир топ узагандан кийин: «Балам, узун жолду кыскарт», - деди. Төлө мырза түшө калып жолду кетмендеп калды. Жээренче чечен: «Кетмен менен кыскарта албайсын, балам, «узун жолду кыскарт» деген өткөн-кеткенден кеп сал деген сөз. Кеп эрмек болот, адамга жолдун кандай өткөнү билинбей калат, узун жолду жүрүштүү ат менен, кызык сөз кыскартат», - деди. «Бул боюнча калганда жалгыз уулум, Төлө мырзам, мырза да болбойт, тукум да, туяк да болбойт экен, «аял жакшы болсо эр жакшы болот, акыл кошот, ырыскы жугушат» деген эл сөзү бар эмеспи. Дүйнө жүзүнөн издеп, бир жакшы колукту алып берейин деп, Жээренче чечен атты келтирип минип, тонду кийип, элди аралап кыз издөөгө жөнөдү. Барбаган эли калбай, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы жок.
Элдин баарын карап жүрүп капаланып-кайгыланып, Жээренче чечен үй жагына кайтмак болду. «Баламдын бактысы жок жаралган экен да, ушунча журттан бир ылайыктуу кыз табылбаганы», - деп келе жатса, айылдын четинен бир топ кыз-келиндердин отун көтөрүп келе жатканын көрдү. Ал аңгыча күн жаады.
Келиндер алы келгендери музоосун жетелей, отунун көтөрө үйлөрүнө качышты. Кыздардын баары музоосун эмизип, отунун таштап үйүн көздөй чуркап кетишти. Бир кыз музоосун эмизбей кармап, отунун чапаны менен жаап, өзү отундун астына олтуруп калды. Жээренче чечен кыздын жанына келип: «Ээ балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйлөрүнө кетти, сен эмне себеп менен жаанды тосуп отуруп калдың?» - деди. Кыз: «Ээ ата, ал кыздардын төрт зыяны бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар», - деди. Жээренче чечен: «Пайдаң кайсы?» - деп сурап калды. Кыз: «Музоом эмген жок, отунум кургак калды, өзүм суу болгонум жок, энем үйгө барганда урбайт, бул үч пайдам, чапаным суу болду, бир зыяным ушу. Кыздардын музоосу эмди, отуну суу болду, кийими да суу болду, музоону эмиздиң деп кыздардын энеси урат, төрт жагынан тең качып кеткен кыздарга зыян болду», - деди.
Жээренче чечен: «Жарадың, балам, силердин үйүңөр кайсы?» - деп сурады. Кыз: «Ээ ата, айылга барсаңыз эле таап аласыз, келиштирип кырк найза сайган үй биздики», - деди. «Издегеним табылды», - деп сүйүнүп, айылды аралап жүрүп кырк найза сайган үй жок болгондуктан, кыз мага табышмак кылып айткан экен, кырк найзасы үзүгүнөн кырк уук көрүнүп турганы го», - деп, Жээренче чечен ойлонуп баягы үйгө барып түштү. Ата-энеси дагы жакшы адамдар экен. Алынча сыйлап сүйлөшүп отурушту, аңгыча күн ачылды, отунду көтөрүп, музоону жетелеп кызы келди. Кыздын аты - Карачач экен, конок тамагын жеп, эл жатар мезгилде Жээренче чечен Карачачтын ата-энесине сөз баштады: «Менин жалгыз уулум бар эле, өзүмдүн атым Жээренче чечен, баламдын аты Төлө мырза, балама элден кыз жакпай алты ай болду жолго чыгып кыз издегениме. Ушул сиздин балаңызга көңүлүм түштү, кудай буйруп, куда болсом, балам экөөнүн бактысы ачылса деген талабым турат. Эгер силерге бул сөзүм эп болсо», - деди.
Кыздын ата-энеси: «Сиздин айтканыңыз жакшы кеп, биз өзүбүз бечара адамбыз, бир жаман жалгыз кызыбыз бар, сиз айтылуу Жээренче чечен деген Жаныбек кандын чечени болсоңуз, балаңыз Төлө мырза элден-журттан кыз жактырбай тандап жүрсө, менин кызым көңүлүнө жакпас бекен? Буга жоопту кызым өзү билип берсин», - деди. Карачач атасынын сөзүнө карата: «Бул киши алыстан келген азиз конок экен, кызым билет деп мага шылтаганыңар туура эмес, кадимден калган нускаңар, нарк-санатыңар бар, бир кызды ата билип берет, бир кызды эне билип берет, акыры иш ордуна келет, берер болсоңор мага шылтоо кылбай эле абийирдүү киши көрүнөт, түз жооп бербейсиңерби», - деди. Бул кыздын айтканына Жээренче чечендин ичи ысып сөзгө кирди. «Кана, кудагый, оозум батып айталбай отурдум эле, мага балам өзү жооп берди».
«Карачачтын аты - Акыл Карачач болсун, бактысы ашык болсун, жей турган калыңыңарды айткыла, эл көзүно көркөмдүү түшкөнүм жакшы болот, төөдөн, уйдан, жылкыдан, койдон канча менен келейин, атабыз кыргыз болгон соң, салтыбыз, наркыбыз орду менен өткөнү жакшы, жакшылык - талап, өмүр соодасы эмеспи», - деп, Жээренче чечен айтып калды. Буга кыздын энеси: «Жалгыз кызымдын калыңын айтып, башына аркан салгансып малга кантип айырбаштайын, жолжобосун, наркын-салтын кызым өзү эле билсин», - деди. Акыл Карачач: «Менин ата-энем бечара киши, кызын малга сатууга алы келбейт. Кызы малга сатылып барбайт, орду табылса, Карачач кадыр-көңүл түз келген жерге барат, калың мал деп каржалбаңыз», - деди.
Бул сөздү айтканда Жээренче чечен таң калып, үйүнө барды. Төлө мырзаны келтирип кийинтип алып, күнү оңдуулап, кудасы Токсонбайга барып калды. «Адам, Токсонбайдын кызын Жээренче чечендин Төлө мырза деген уулуна алып берет дейт», - деп айылдагыларга кабар тарады. «Адам эй, Карачач атасына калың жедирбей Жээренче чечендин уулуна барганы жатат дейт, калыңсыз кыз болсо болот, каадасыз кыз болбойт дептир, барып жеңкетай алып, тоюн жеп келебиз», - деп айыл-ападагы келиндер чогулуп келишти.
Тойго Жээренче чечен чоң жыгылыштуу болуп, малды арбын союп, башына той башкаруучу коюп, жети күн той берип, сегизинчи күнү Жээренче чечен Акыл Карачачты үйүнө алып кетти. Акыл Карачач келгенден тартып Жээренче чечендин иши оңоло баштады. Мунун кабары Жаныбек канга угулду: «Келини келишимдүү жакшы болгон экен, баягы жаман Төлө мырза жок, атайын киши болуп калыптыр», - деп уккандан кийин барып келинин көрөйүн деп Жаныбек кан келди. Жээренче чечен алынын бардыгынча кызмат кылып, Жаныбектин келгенине сүйүнүп конок кылды. Жаныбек Төлө мырзанын колуктусун үстүнө чакыртып алып, ичинен: «Муну алуучу аял экен» - деп ойлонуп: «Келинде төрт суроом бар. Акыл Карачач, жооп бересиң», - деп, кепке кармады. Акыл Карачач: «Эби келсе сурооңузга жооп берейин, суроонузду сураңыз», - деп айтып калды.
Жаныбек кан: «Тулпарды уйга сатса не болот? Атты эшекке сатса не болот? Туйгунду каргага сатса не болот? Башы ачык адамды наадан кулга сатса не болот? Ушул сөзүмдүн жообун таап койгун, эртең кабар аламын», - деп аттанып кете берди.Бул сөзгө Жээренче чечен капа болуп калды. Акыл Карачач: «Атаке, бул сөзгө эмне үчүн капа болосуз, жооп табылар, «кандын пейли бузулса, калкына бүлүк түшөт, башына чүлүк түшөт» - дептир, кан Жаныбек жакшылык көрбөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман болсоңуз аны көзүңүз менен көрөрсүз, мен анын сөзүнө жооп берем», - деди.
Кан Жаныбек эртеси энтелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган Карачачтын Жаныбекке берген жообу:
«Жаныбек каным, бузулду заңың,
Бул кандай жорук, тынчыбаган жаның.
Тулпар тушунда, күлүк күнүндө,
күч бербеген тулпардан - сүтүн берген уй жакшы,
пайдасы жок туугандан - пайдасы тийген кыйыр жакшы,
Чабал аттан - чарчабаган эшек жакшы,
Жаш жыгач отундан - жаркырап күйгөн тезек жакшы
 Канаты жок туйгундан - канаттуу карга жакшы.
Карга конгон, кузгун тойгон каздын тарпынан үксүйүп үмүт кылган туйгун оңчубу, эртеки салтта, эски наркта, мындай шумдуктуу жорук болчубу, Каным? Менин тапканым ушу, сиздин укканыңыз ушу» - деп, Акыл Карачач басып кетти. Кан Жаныбек арданып үйүнө кайтты.
Кан Жаныбек Акыл Карачачты алууга ойлонуп, каарын төгүп, ар түрдүү кыстоо салмакчы болуп, Жээренче чеченге желдет жиберди. «Эртең Жээренче чечен алдыма келсин, келгенде ат минбесин, төө да минбесин, жөө да келбесин, жол менен да келбесин, жолсуз жер менен да келбесин», - деп, буйрук кылды. Желдет буйрукту угузганда Жээренче чечен убайымга түшүп, келини менен кеңешти. Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге мындай деди:«Эрте туруп текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыры менен барыңыз, кан суроо сураса: «Ат, төө мингеним жок, теке минип келдим, жол менен да, талаа менен да келгеним жок, кыр менен келдим», - деп жооп бериңиз, кан Жаныбек сөзгө жыгылат».
Жээренче чечен тепейтип теке минип, эки жолдун ортосундагы кырга кирип, кан Жаныбектин ордосуна барды. «Каным, буйругунузду аткарып келдим: ат, төө мингеним жок, жөө да келгеним жок, теке минип келдим. Адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим. Каным, каарыңа калгандай көрүнөм, кайгылуу сыр, калың чер менен келдим», - деди. Жаныбек бул сөзгө токтолуп, Жээренче чечендин алдына кырк ирик салып берип: «Кырк күндүн ичинде көзүн жоготпой кырк козу козулатып бересиң», - деди. Кырк ирикти айдап капа болуп, Жээренче чечен, үйүнө келди. Акыл Карачач алдынан тосуп чыгып: «Ата, бүгүн койлуу болуп калгансыз го», деди. «Ээ балам, атаңдын өлбөгөн жаны курусун, караган каны курусун, ушул ириктин көзүн бурбай козулатып бер дейт, айла барбы, айдап келдим», - деди. «Ата, капа болбоңуз, бул арзан иш турбайбы», - деп, кырк күнгө чейин Акыл Карачач койду бирден союп бере берди. Жээренче чечен «эрте өлгөн кулмун» - деп этин жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин кан Жаныбек салтанат менен аттанып, койдун жообун алмакка Жээренче чечендин үйүн көздөй жөнөдү.
Келер күнүндө Карачач отун алымыш болуп кан Жаныбектин жолун тосуп чыкты. Көнүлү кызып калган кан Жаныбек Карачачты көрө салып, бура тартып: «Келиним, отун алып жүрүпсүң, атаң эмне кылып жатат?»- деп сурады. Карачач: «Өзүм жалгыз бой болгон сон отунга келдим. Атам болсо үйдө толготуп төрөгөнү жатат»,- деди. «Жаның чыккан Карачач, эркек киши дагы төрөчү беле», - деди. «Каным, сөзүңүзгө кулдук, кан сөзү эки эмес, сиздин эркек коюңуз да туучу беле?» - деди.
Кан Жаныбек өзүнүн сөзүнө өзү байланып, сөзгө жыгылып кайтты. Кан кетери менен Акыл Карачач үйүнө келип канга берген жообун кайнатасына айтып берди. Бул сөзгө Жээренче чечен өтө ыраазы болуп: «Бир өлүмдөн калдым», - деп кубанды.
Эртесинде кандын дагы бир жигити келип: «Бул буйругум эки эмес, отуз күндүн ичинде, таштан тарамыш кылып, кумдан өтүк тигип берсин» деген кандын буйругун айтты. Жээренче чечен мойнуна жүк түшкөнсүп: «Иш кыйын, таштан тарамыш, кумдан өтүк болчубу, кулак угуп көз көрбөгөн мындай иш болчубу, мындан көрө каарына албай, мынчалык азаптабай, колунан келип турат, өлтүрүп салып, бир жолу жанымды тындырбайбы», - деди. Анда Акыл Карачач: «Ата, сабыр кылыңыз, сабырдын түбү сары алтын, сабыры жок Жаныбек саманын сапырып жатат, өз калкын өзү кыстап, напсисин бузуп жатат, аман болсоңуз, мындан арзан кутуласыз, шашпай сабыр кылып отуруңуз, мен сизге айтпадым беле:
«Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлөт мас кылат.
Тумшугу таштай катарда
Тууганы менен кас кылат.
Жалаң эле биз эмес, жандын баарына көзү өтүп, жабыры ашып кетти. Жетим, жесирдин ыйлаган үнү жетер, ашыгып сабырсыздык кылбаңыз», - деп Акыл Карачач атасы Жээренче чеченге насаат айтты.
Жаныбек убада кылган күнүнө чейин Акыл Карачач оокатын кылып жүрө берди. Убадасы бүткөн күнү башкача кийинип, түсүн буруп жооп алмакка Жаныбектин алдына барды: «Кан азиретим, бечарачылык кыйын экен, кумдан бир өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбады, сиздин казынанызда бардыр деп сурап келдим эле», - деди.
Айтканы эсинен чыгып калган Жаныбек кан: «Сен кандай акмаксың, соосуңбу, же жиндисиңби, кумдан өтүк, таштан тарамыш болуучу беле, калжырабай кет»,- деди. Акыл Карачач бетине түшүрө салынган жоолугун өөдө тартып түсүн көрсөтүп: «Каным, оюңузга кулдук, сиз буюрган кум өтүктүн, таш тарамышынын камында жүрдүм эле, андай болсо кандын буйругунан кутулган турбайбызбы», - деп жүгүнүп тура калды. Жаныбек айтылуу Карачач экенин билип, токтолуп башка сөз айталбай жерди карады. Акыл Карачач үйүнө келип, Жээренче чеченге окуяны айтып берди. Жээренче чечен Акыл Карачачтын акылына ыраазы болуп: «Кайырлуу жакшы өмүр сүргүн, канча бир өлүм ажалдан аман алып калдың», - деди. Ал аңгыча болбоду, камынып турган Жаныбек кан Жээренче чечендин колун байлап, Алтай тоосундагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асан кайгынын уулу Төлөнгүттү жиберди. Калмактын каны булардын жайын байкап көрүп, үчөөнү үч жерге таратып бөлүп жиберди.
Жаныбек Төлө мырзаны жан ордуна көрбөй жабыркатып ишке салып, Карачачты алайын деп кашына көчүрүп алды. Бирок Акыл Карачачты ала албай бир жыл өттү. Акыл Карачач жакшы сөз менен Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп: «Жаныбектен жан адамга пайда болбойт, бул агаңды өлтүрүп, калкыңа канн болгун, мен сенин койнуңдагы зайыбың, колуңдагы. айымың болоюн», - деп кепке көндүрүп алды. Бул кабар тарап, Алтайдагы туткунга байланган Жээренче чеченге угулду.
Кабарды уккандан кийин Жээренче чечен жалпы элине табышмак менен кабар салды: «Эгиниңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум, орокчуңар шай экен, кыштын арты кандай болот? Кышка калтырбай эрте оруп бүтүрүп алгыла. Толубай, Токтогул, Асанга кабар салыңар. Бир сокур кара кашка текем бар, сакалынан байлап көзүн оюп көлгө салыңар, бир тик мүйүз кара эркечим бар, кой баштатып ала келгиле. Болор- болбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын», - деп жазып жиберди.
Кат тийген соң сөздүн түйүнүн казак, кыргыз, жалпы түрк балдары кепке канып келтирип чече албай айран калышты, акырында Жээренче чечендин өзүнүн келини айтылуу Карачач чечет го деп катты алып барышып, калктын мыктысы, чоңдору башында карап турду.Катты окуп, Карачач бир баштан айтып, табышмак сөзүн таап чече баштады: «Айдаган аштыгыңар бышты» дегени душманыңар болушунча болду, толушунча толду дегени. Орокчулар шай экен, кышка калтырбай оруп бүтүрүп алыңар дегени - мынчалык кайрат кылыпсыңар, эми катылыңар, орок менен буудайды оргондой кылыңар деп айтканы. Кыштын арты кандай болот дегени - иштин арты кандай болор экен дегени. Толубай, Токтогул, Асан кайгыга кабар салыңар дегени - элдин карыялары иштин убагы келди, жаштарга сөзүңөрдү айткыла дегени. Сокур кара текем бар эле, сакалынан байлап, көзүн оюп көлгө салыңар дегени - Жаныбек канды өлтүрүп, сакалын кыркып көзүн чукуп көлгө салгыла дептир. Тик мүйүз кара эркечим бар, муну кой баштатып ала келгиле дегени - Жаныбектин иниси Бердибекти колуңарга алып, калкка кан көтөрүп койгула дептир. Болор-болбос бычагым деп - Төлө мырзаны айтыптыр, мизи курч кестигим дегени Акыл Карачач - мени айтыптыр. Көчкөн журтта калып кор болбосун дегени - кептен-сөздөн калып кемчилик тартпасын, кеп-кеңештен калтырбай ала жүрүңөр дептир.
Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер кайрат кылып кара сокурга тезинен катылыңар», - деп, Акыл Карачач айтып өттү.
Бул сөздөн кийин: «Залимдин айтканын угуп, айдаганына көнүп жүрүп да мүйүзүбүз чыккан жок», - деп элдин кыжыры кайнап, Жаныбекти иниси Бердибекке өлтүртүп, Бердибекти кандыкка көтөрүп, Алтайга айдалып кеткен Жээренче чеченди жолдоштору менен алдыртып, чоң той берип, өз жеринде туруп калышат. Ошол убактан ушул убакка чейин эл оозунда: «Толубайдай сынчыны айт, Токтогулдай ырчыны айт, Жээренчедей чеченди айт, Алдар көсө кесепти айт» деген сөз сакталып калган экен.