ӨНӨРЛҮҮ БАЛА


Илгери өткөн заманда бир кан болуптур. Ал кандын жалгыз сулуу кызы бар экен. Күндөрдүн биринде кандын төрт тулпарын багып жүргөн абышканын жалгыз баласы кандын жалгыз кызына ашык болот да, атасына барып:
- Ата, сен кандын кызын мага алып бер, - дейт.
Атасы баласына ачууланып:
- Иттин гана баласы, менин кейпим бул болсо, сенин кейпиң алдагы болсо, кан кантип кызын берет? - дейт. Бирок бала ага болбой жатып алат.
Бир күнү кечинде кан эшигинин алдына, ары-бери басып туруп, абышканын баласына ачууланганын угуп коёт да, абышканы чакыртып алып: «Сен балаңа эмне үчүн ачууландың?» - деп сурай баштайт, Абышка коркуп айтпайт. Ага болбой жатып кан эмне себептен абышканын ачууланганын айттырып алат да абышкага: «Андай болсо, сенин балаң мага күн-түн дебей күйүп тура турган бир алтын чырак таап келип берсин, андан кийин мен кызымды беремин», - дейт.
Абышка үйүнө келет да баласына кандын тапшырмасын айтат. Бала аны макул таап, алтын чыракты табуу үчүн жол тартат. Бала чыракты издеп бир нече күн, бир нече ай жол жүрөт. Бир күнү түштө бир ээн талаада боз дөбөнүн үстүнө уктап калат. Бир убактачочуп ойгонуп кетип, ылдый жагын караса, бир кумдан оргуштап кичинекей булактын агып чыгып жатканын көрөт. Бала тура калып калпагы менен булактагы сууну ташып башка жакка төгүп жат п соолтот.
Андан кийин булактын түбүн караса, түбүндө күйүп турган алтын чырак турат. Бала түшүп барып чыракты алат да, кайра бир нече күндөр, бир нече айлар жол жүрүп отуруп келип, атасынан канга алтын чыракты берип жиберет. Кан алтын чырактын күн-түн дебей күйүп турганын көрөт да абышкага: «Эми балаң элимде жок, жеримде жок өнөр үйрөнүп келсин», - дейт. Абышка кандын тапшырмасын айтып келди эле, бала угар менен өнөр издеп жол тартат. Бала нечен шаарларды кыдырып, эч кандай өзүнүн элинде жок өнөр таппайт. Ошентип, бала өнөр издеп бир топ жылды өткөрдү. Чарчап-чаалыгып да, аябай арып-ачып да бүттү. Кайра үйүнө келүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, бир жарды кемпирдикинде отун-суусуна каралашып, оокат кылып жүрө берет.
Бир күнү бала түн ортосунда эшикке чыкса, бир жаман тамдын жанынан жылтылдап күйүп жаткан отту көрөт. Бала жүгүргөн бойдон жетип барат да: «Бул кандай шумдук болду экен?» - деп көрүнбөй карап турат.
Бир киши акырын оттун ысыгына бутун салып күйгүзүп, күл кылып, кайра бут жаса , колун отко салып күйгүзүп, күл кылып , кайра кол жасап жаткандыгын көрөт да: «Кантип үйрөнүп алып, ушундай өнөрлүү болом» - деген ой менен карап тура берди. Бир убакта эшикти шарак эттирип ачып, үйдөн бир кыз чыгып келет да, баланы кармап алып: «Сен кайдан жүргөн баласың? Бул шаарда сендей баланы көргөн эмесмин, чыныңды айт», - деп кыйнай баштайт. Бала айласы
кеткенде баш нан өткөргөнүн бүт айтып берет. Кыз: «Андай болсо, сен биздикине тургун, тигил менин атам, анын андан да артык өнөрлөрү бар. Атам кээде ат болот, кээде канаттуу куш болот, кээде төө болот, күндө адам жей турган тамак болот. Мен сага ошол өнөрдүн баарын үйрөтөмүн. Ал өнөрдүн баарын үйрөнгөндөн кийин үйүңө кетесиң», - деп баланы үйүнө алып кирет. Кыз балага атасынын бардык өнөрүн үйрөтөт. Бала кызга алкышын айтып коштошуп, баягы өзү жатып жүргөн кемпирдин үйүнө келет.
Бала кемпирди чакырып алып:
- Эне, мен азыр чоң кара ат боломун, сен базарга алып барып саткын да, ошол акчага өзүң оокат алгын, бирок менин башымдагы ноктомду сатпа, эгер аны сатсаң, менден ажырайсың, сатпасаң мен кайра качып келем, - дейт.
Кемпир ага макул болуп, атты базарга алып барып, бир топ теңгеге сатат, ноктосун алып кайра жүрө берет. Ошентип жүрүп кемпир абдан ашкан бай болот.
Бир күнү бала кемпирге:
- Эне, эртең шаарда чоң базар болот. Мен эртең бир чоң кара нар болоюн, сен мени базарга алып барып саткын , бирок ноктомду сатпа, эгер сатсаң, анда мени кармабай каласың, - дейт.
Кемпир ага макул болот. Эртеси, өзү айткандай эле бала чоң кара нар болуп калат. Кемпир кара нарды жетелеп барып, базарга сатууга бир топ киши менен соодалашып турганда баягы өнөрдүн ээси көрүп калат да: «Бул менин өнөрүмдү үйрөнүп алгандай кандай неме», - деп караса баягы өзүнүн үйүндө жүргөн бала.
«Ии, буга өнөрдү менин кызым үйрөткөн экен. Кой муну сатып алайын да, үйгө алып барып, баланы балталап өлтүрөйүн», - деп ойлоп: «Ай, кемпир, кара нарыңды мага сат, мен көп теңге берем», - деп сүйлөшө баштайт. Кемпир ага макул болот. Абышка: «Төөнү ноктосу менен сат, жалаң ноктоң үчүн 500 теңге беремин», - дейт. Кемпир теңгеге кызыккан бойдон төөнү ноктосу менен сатып жиберип, үйүнө жүрө берет экен.
Абышка кара төөнү жетелеп алып: «Эми муну колго тийгиздим, үйгө алып барып, ак балта менен башын жара чаап өлтүрөйүн», - деп кара төөнү үйүнө алып келип эшигинин алдындагы чоң мамыга байлап коёт. Аңгыча баягы өнөр үйрөткөн кыз баланын эшикте төө болуп байланып турганын көрүп: «Кой, бул байкуш баланы агытып жиберейин, бул дагы бирөөнүн жалгызы
экен, эптеп күнүн көрсүн», - деген ак дити менен баланы агытып жиберип: «Сен эми куш болуп алып сызган бойдон качып жөнө да, өз айлыңа кеткин», - дейт.
Абышка эшикке чыгып, баланын артынан бүркүт болуп кууп жөнөйт. Бала менен абышка бири куш, бири бүркүт болуп куушуп жүрүп отурушуп, кечки бешимде баланын турган шаарына келишет экен.
Бала зымырап учуп келип, дөбөнүн үстүндө отурган кандын жанына конуп калат. Абышка баланын артынан келет да, обочороок барып конуп алып, бирде кыргый, бирде каз, бирде өрдөк болуп кубулуп турат.
Бир кезде бала куштун кейпинен таруу болуп кандын төш чөнтөгүнө куюлуп кетет. Абышка чоң кызыл короз болуп: «Эми тарууну терип жеп коёюн», - деп ойлоп, кандын жанына келип, кандын эки жагын карап жер чукуп турган учурда, бала таруулук кейпинен куш боло калат да, чоң кызыл короз болуп турган абышканы басып жеп алат. Адам кейпине айланып, өз үйүнө барат. Өз үйүнө келсе ата-энеси аман-эсен жатышыптыр.
Кан кечинде көргөн укмуштуу ишине таң калып, эртеси өзүнүн элинин баарын чогултуп: «Бул ишти ким билет? Мен ушул жашка келгени бир канаттуунун кубулуп экинчи бир канаттуу болгонун көргөн жок элем, бул кандай укмуш? Ошол ишти көргөн билгениңер болсо, айтып бергиле?» - деп элине жардык кылат.
Эл жымжырт. Бир убакта баягы бала тура калып:
- Каным, уруксат этиңиз, ал ишти мен билемин, - дейт.
Кан балага уруксат берет. Бала канга карап:
- Сиз мага менин элимде жок жана жеримде жок бир өнөр үйрөнүп кел дегенсиз. Ошол куш болуп, баягы корозду басып жеген мен болчумун, менин үйрөнгөн өнөрүмдү ал короз да билет, бирок мага ал душман эле, ошондуктан ал менин артыман кууп келген, бирок аны мен жеп койдум, - дейт.
Буга элдин баары аң-таң болду. «Ошол куш сен болсоң, кана, азыр бир өнөрүңдү көпчүлүккө көрсөтчү», - дейт кан. Бала макул болот да бир чон кара аргымак болуп элдин ортосуна тура калат.
Кан менен эл баланын өнөрүнө ыраазы болушуп: «Өнөрлүү бала», - деп аташат.
Кан убадасы боюнча кызын берип, жыргап жатып калган экен.