Илгери өткөн заманда
Мендирман деген жигит Каракандын шаарына тентип барат. Ал адегенде ашпозчулукка
өтөт. Анын иштеген иштери орундуу болгондуктан, Каракан өзүнүн тулпарын бактырып коёт. Ал
тулпарга айына үч кап арпа берип туруучу экен. Бирок баягы жигит тулпарын багып
жүрүп, алты айга чейин жемдик арпа сурап келбейт. Анын үстүнө кандын тулпары мурдагыдан да жакшы, жүнү жылтылдап ыргыштап карматпай калат.
Буга кан аябай таң
калат.
Бир күнү кан баягы
жигитти чакырып калат. «Атың
ким?» -
дейт. «Атым - Мендирман». «Мендирман, анда менин бир суроом бар, сага чейинки тулпарды
баккан адамдар үч кап арпа бир айга жетпей калды деп, улам кайра сурап алып турчу
эле. Эмне себептен үч кап арпаны алты айга жеткирдиң жана тулпар да семиз чыкты?» - деп,
кан Мендирмандан сурады. Анда Мендирман: «Ээ, каным, ач көз адамдын колунда береке болбойт. Алар тулпар менен кошо арпаны
жешкен да. Экинчи бир себеби - тулпар өзү тойбогон мал болот. Ач көзүрөөк
келип, арпаны чайнабай жутат.
Мен ошол арпаларды заңынан
кайра жууп, кургатып,
кайра бердим. Ошентип, үч кап арпа алты айга жетти», - деди. «Ии, мында бир кеп
бар экен», - деп, кан ойлонуп калат.
Каракандын бир адаты
болор эле, ал жакын көргөн
адамына ар убакта өз колу менен нан берүүчү экен. Бул жолу да Мендирманды эркелетип,
нан сындырып берет.
Андан кийин : « Мендирмандын баскан -турганына көз сал», - деп, артынан бир
жигитти аңдытып
коёт. Ал жигит Мендирмандын баскан-турганын канга ж еткирип турат.
Бир күнү Мендирман
кандын тулпарын
сугарып жатып: «Уйга чалышкан жери бар экен», - деп күбүрөп калат. Аны баягы жигит
канга жеткизет. Кан Мендирманды чакыртып: «Ээ, Мендирман, саяпкер көрүнөсүң, менин тулпарымды сынап бер», - дейт.
«Жок, каным. Кан менен кандын тулпарына сын жок», - дейт Мендирман. «Тулпарымды
сынайсың,
сынабасаң башыңды алам», - дейт кан.
Мендирмандын айласы
кетип, тулпарды жетелеп чыгат. Суунун ары жагына бир тартып, бери жагына бир тартып,
кечирип: «Тулпарың тулпар экен, бирок уйга чалышкан жери бар, андан баш ка айыбы
жок» , - дейт.
Кан буга таң
калат. Чынында эле тулпардын ысыкта элирип, салкында жакшы жүрмөй адаты бар экен.
«Бирок мунун уйдан чалышканын кантип билди?» - деп ойлойт кан. Ал жылкычысын чакырып:
«Тулпардын кандай туулганын айт», - дейт. Ал киши: «Мунун уйга чалышканы чын. Мунун
туулганын адегенде мен көрбөй калдым, бирок кийинчерээк барсам, уйду ээмп турган
экен, чаар бээ жанында оттоп жүрүптүр, мунун уйга чалышканы ушул», - дейт.
Кан Мендирманга ыраазы
болуп: «Тулпардын сынын туура айттың, бирок тиги ысыкта элирип, салкында жакшы жүргөнүн кайдан
билдиң?» - дейт. «Аны билүү оңой.
Төрт түлүк малдын
ичинен ысыкта сайгактаган - уй, ылаалаган - ат. Тулпар ылаалабайт, бирок элирип
кетет, бул - уйдан калган адат», - дейт Мендирман.
Кан: «Ээ, Мендирман,
эми мени сынап кер», - дейт.
«Канга сын жок», -
дейт Мендирман. «Мени сынабасаң
башыңды аламын», - дейт
кан. «Эми болбостур», - дейт да, Мендирман канды: «Ары кара, бери кара”, - дейт. - Ары карасаң кандын уулу кейиптенесиң, бери карасаң наабайчынын уулу экенсиң», - дейт.
Кандын ачуусу келип
энесин чакыртат. Энеси сексенге барып калган экен. «Эне, бул жигит мени наабайчынын уулу деди. Ачык айтып
ак сүйлө, жалган айтсаң башыңды алам», - дейт. Анда энеси: «Өлөрүм
калды, өсөрүм калган жок, эми кантип калп айтайын, жазыксыз кишинин күнөөсүн тиги дүйнөгө кантип алып кетейин,
мунун айтканы чын. Атаң баласыз жүрүп, карыганда боюма бүтүп, мен төрөр күнү наабайчынын
аялы да толготту, экөөбүз
бир күнү төрөдүк.
Меникин карасам кыз, аныкы эркек экен. Аны кара басып эс-учун билбей жаткан эле,
алдымдагы кызды ага жылдырып, анын алдындагы эркек баланы өзүм алдым. Менин жазыгым
ушул, кааласаң
башымды ал,
же тиги жигитти бошот»,
- дейт.
Кандын ачуусу келип,
энесине сөз айталбай, Мендирманга дагы суроо берди: «Менин наабайчынын уулу
экенимди кантип билдиң?»
- Ал эң эле жөнөкөй, - дейт Мендирман. Ар
кимдин өз иши өзүнө
кымбат. Сиз ар убакта көңүлүнүзгө жаккан кишиге нан сындырып
берчү элеңиз.
Наабайчыга нандан кымбат нерсе жок. Ошон үчүн наабайчынын баласы го», - дедим.
Кан мунун таап айтканына
ыраазы болуп: «Сен мындан ары ат багуучу болбой, кырк жигиттин бири болчу», - деди.
Мендирман мындан дагы бат эле көрүнө баштады. Ал барган жердеги иштер бат
бүтүп,
жигиттер да кадырлай баштады.
Аны көргөн кан
адегенде он башы, анан кырк башы кылды. Каракандын алты шаар эли бар эле. Эл дагы
Мендирманды кадырлай баштады. Муну көргөн Каракан бир күнү аны чакырып алып: «Ата-баладай
болуп калдык, мага башкы вазир бол, алты шаарды кыдыр, сүйгөн кызыңды алып берейин», - деди. Мендирман
ат арытып жүрүп, Гүлгаакы деген кызды жактырды.
Ал ай десе арксыз,
күн десе көрксүз, ашкан сулуу экен. Чоң той берип жатып, Мендирман үйүнө алып келет. Аны көргөн кандын жигиттери канга
барып: «Каным, Гүлгаакы Мендирманга эмес, сизге ылайык», - дейт. Каракандын көңүлү
бузулуп, кандай жол менен аларын билбейт.
Бир күнү ага бир кемпир
келип: «Алтын-күмүш мол берсеңиз,
мен Мендирмандын аялын кантип алып берүүнүн жолун табамын» - дейт. Кан макул болот.
Анда мындай дейт кемпир : «Карт ооруган адамга Айөкөндүн (Айөкөн – желмогуз) сүтү дары. Карт ооруп калыптырмын
деп Мендирманды Айөкөндүн сүтүнө жибер. Ага барган киши көп болгон да, келген киши
жок болгон. Барган кишини Айөкөн
жутуп таштайт. Андан башка Айөкөндүн жолунда кырк каракчы бар, же кырк каракчыдан,
же Айөкөндөн
өлөт», - дейт.
Кан карт оорумуш болуп,
Мендирманды чакыртып келип: «Мендирман балам, ата-баладай болуп калдык эле, карт
ооруп калдым, Айөкөндүн сүтү дары дейт сенден башка жигит жарай турган көрүнбөйт.
Ошол Айөкөндүн сүтүн алып келип бер», - дейт. Мендирман: «Барса барайын, бирок
жети күнгө уруксат бер», - дейт. Кан макул болот. Мендирман кандын оюн түшүнүп,
алты шаардын темир усталарын жыйнап , жети катар темир үй салдырат. Сегизинчи күнү
канга келип: «Мен Айөкөндүн сүтүнө барууга даярмын» , - дейт.
«Бузукунун тилине кирип,
жакшы көргөн вазиримен айрылып каламбы, сулуу аял кайда жок», - деп, Каракан
кайра ойлойт да: «Мендирман балам, жакшы болуп калыптырмын Айөкөндүн сүтүнө барбай
эле кой», - дейт. Анда Мендирман: «Тарт, колуңду тарт! Мен айтканымдан кайткан эмесмин»,
- деп, атынын башын буруп жүрүп кетет. Айөкөнгө барчу жол алыс экен. Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп
Мендирмандын аты ыргайдай, өзү торгойдой болот. Бир күнү Мендирмандын аты:
«Мен, мен, мен бийик,
Мен үстүмдө сен бийик.
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?»
-деп сураганда Мендирман
төмөнкүдөй жооп кайтарат:
«Кара айгырдын көзүнө
Калчарыңкы көрүнөт.
Мендирмандын көзүнө
Түк эчтеке көрүнбөйт».
Анда ат:
- Тээ алыскы көрүнгөн
кара тоонун этегинде кырк
каракчы жол тосуп олтурат.
Сен да өлөсүң, мен да өлөмүн, - деди.
- Бар а көрөбүз, ажалсыз
чымын өлбөйт, ажалыбыз жетсе, качсак да өлөбүз, куусак да өлөбүз. Тике бара бер, - дейт Мендирман.
Кырк каракчы :
- Аттан түш, башыңды
алабыз, атыңды соёбуз! - деп Мендирманды тизгинден алышат.
- Өлтүрсөңөр өлтүргүлө, даарат алып
алайын, уруксат бергиле, - дейт Мендирман. Мендирман даарат алып жатканда кырк каракчы
кеңешет: «Алдыбыз ак сакал болдук, артыбыз көк сакал болдук, мындай неме көрө элек элек, колго түшкөн кишинин
баары: «Балам жаш эле,эне-атам кары эле», - деп ыйлашчу , бул тегин киши көрүнбөйт,
аны айткан жок, талаалап жүрүп өлөбүзбү, белдүү киши болсо, ушуну бел байлап, эл четине барып оокат кылсак кантет?». - Ак
сакалдын сөзүнө баары
макул болушат. Мендирман келгенде ал-жайын сурап кырк жигит кылып алуусун өтүнүшөт.
Мендирман макул болуп, Айөкөндүн сүтүнө баратканын айтат: «Кайра келатып алып кетем»,
- дейт. Кырк каракчы ай туяктуу бээ чалышып, курларын моюндарына салышып, кудайга
жалынышып, Мендирманды Айөкөнгө жөнөтүшөт.
Бир күнү Мендирмандын
аты сүйлөйт:
«Мен, мен, мен бийик,
Мен үстүмдө сен бийик.
Мен көргөндү көрдүңбү?
Мен билгенди билдиңби?»
Мендирман:
«Кара айгырдын көзүнө,
Калчарыңкы көрүнөт.
Мендирмандын көзүнө
Түк эчтеке көрүнбөйт».
Анда ат айтат: «Тээтиги
жүлүндөй жерден түтүн чыгат, ошол жерде Айөкөн бар: «Асалоом алейкум, энеке!» - деп айт. - «Салам
айтпасаң саргайтат элем, балам» - дейт. «Алик албасаң алсыратат элем, энеке», -
де. «Эмнеге келдиң, балам?» - дейт. «Сиздин сүтүңүзгө келдим», - дейсиң. «Менин
сүтүм ушул» - деп, кырк кулачтуу казанды тегеретет. Ошондо мен коёндон жапыс болоюн,
сен кыргыйдан илгич бол. Кырк кулактуу казанды жалыма койсоң, качып жөнөймүн. Казанды
алалбай калсак өлдүк, сени да, мени да жутат. Казанды алып кетсек: «Мен жеңилдим»,
- деп ал чакырат, кайра барабыз».
Ошентип , Айөкөнгө
барышат. Жолдо сүйлөшкөндөй кылышат. «Менин сүтүм ушу», - деп кырк
кулактуу казанды тегеретип
жиберди эле, аны лып илип алып Мендирман казанды ат жалына коюп качып жөнөдү. «Мен
жеңилдим, балам», - деп, Айөкөн кайра чакырып калды . Мендирман келсе, анда Айөкөн
айтат: «Балам, менде сүт жок, сени касташкан бирөө жиберген экен. Мага келген киши
көп болгон, кеткен киши ж о к болгон. Башыңа иш түшсө түтөткүн», - деп мурутун жулуп
берет.
Мендирман келатса,
кырк ка акч ы кырк дөбөнүн үстүнө туруп алып, буркурап ыйлап отурушкан экен.
Мендирманды көрүп сүйүнүшүп, бээ союп, той беришет. Мендирман Каракандын шаарына
келсе, аялына жасаткан жети катар темир үйдүн алтоону талкалап , жетинчисине киришкен
экен. Кырк жигит менен Мендирман согушка кирет. Кан көптүккө салып, Мендирмандын
жигиттеринин
көбүн өлтүрүп жиберет.
Мендирман чарчап-чаалыгып качып чыгат. Ошондо Айөкөндүн айтканы эсине түшүп, анын
мурутуп күйгүзгөндө ал даяр болот. Ага бардык окуяны
айтат. Айөкөн үрүп чыккан итин жутуп, мөөрөгөн уюн жутуп, кандын айылын талкалап
жиберет. Кандын айласы кетип: «Мендирман эле, Мендирман, жеңилдим эле жеңилдим, желмогузуңду алып кет, ордума кан бол», - дейт.
Ошондон кийин Мендирман кан
болуп жашап калган экен.