Байым-байым бай экен, төрт түлүгү шай экен. Кочкордун күңгөй-тескейине атагы
чыккан Кожомберди деген бай бар экен. Анын болгондон Жанадыл деген жалгыз уулу,
Карлыгач аттуу жалгыз кызы бар экен. Жанадылдын Көктелки аты, акшумкар кушу, акбараң
мылтыгы бар экен. Айдыңкөл, Жекендүүкөл деген эки көлү бар экен. Жанадыл дайыма
Айдыңкөл, Жекендүүкөл деген көлгө ит агытып, куш салчу экен. Ал күн сайын шумкарын
ары салдырып алдырып, бери салдырып илдирип, канжыгасын кара казга толтуруп үйүнө
кайтуучу экен. Бир күнү карындашы Карлыгач: «Айланайын абаке, отура берип эриктим,
атыңды берчи минейин, кушуңду берчи салайын, бир тамаша кылайын», деп, сурап калат.
Жанадыл: «Айтса, айтпаса төгүнбү, ырас эле эриккен турбайбы», деп, карындашынын
сөзүн макул таап, Көктелки атын мингизип, акшумкарын колуна конгузуп, акбараңын
асып берип: «Эрте бешимде үйгө кел, асты Көкбелеске чыкпагын», деп бек эскертип,
жөнөтүп жиберди.
Кыз атты минип, кушту кондуруп, Айдыңкөл, Жекендүүкөлгө барат. Акшумкарын ары
салып алдырып,бери салдырып илдирип, канжыгасын кара казга толтуруп, аябай тамашага
батат. Бешим чен болуп калганда: «Абакем атында, кушунда, көлүн да аяган жок. Көкбелести
эмнеге аяды?» деп кыз белеске чыгып барган экен. Барса, белестин боюнда карарган
калың шаар жатат. Шаардын бери четинде үч киши жүрөт, ал ит агытып, куш салып, сейил
куруп жүргөн калмактын каны Чекиркан эле. Чекиркан: «Капырай, Жанадыл Белеске чыкчу
эмес эле», деп, коркуп кетип: «Билип келгин» деп, жанындагы куу жигитин жумшады.
Жигит Белеске жетип келип: «Сен кимсиң?» дейт. Кыз: «Мен жалгы зуул Жанадылмын»
дегенде, жигит: «Үнүң ичке кыңылдап,чачың майда жымылдап, болду-болбоду, Жанадылдын
карындашы Карлыгач экенсиң», деп, таанып койду. Белеске чыгып келген жалгыз адамдын
Жанадыл эмес экендигин билгенден кийин Чекиркандын опкоолжуган жүрөгү ордуна келип:
«Жанадыл болсоң, жол ортосу ойдуңга түшүп кел, эки элде эмне болуп жатканын сүйлөшөлү»,
дейт. Кыз: «Жакшы болот», деп жол ортосу ойдуңга түшүп келет. Сүйлөшүп олтуруп күн
батып кетет экен. Кыз: «Эмесе кетейин», деп тура калганда жигит кыздын башындагысын
шыпырып жиберди эле, Карлыгачтын алтын чачы жарк дей түштү. Жанадыл эмес экендиги
анык белгилүү болгондон кийин Чекиркан кызды үйүнө кетирбей үч күнү алып жатты да,
анан экөө алмак-тиймек болуп убадалашты. Кыз жөнөөрдө Чекиркан: «Жанадылга алышсам
алым, күрөшсөм күчүм жетпейт, ал мага жакшылык менен кыз бербейт, айласын кандай
кыламын?» деди. Анда Карлыгач: «Мен караңгы капчыгайга жеңемди ээрчитип, кечинде
келип карагат терейин: «Кокуй боорум» деп, кан түкүрүп жатып калайын. Абакемдин
айласы кетип эл ичиндеги бакшы-бүбүсүн бүтүн чакырар. Алар мени соо дээр. Ошондо
менин айтканым боюнча сага киши чаптырат. Сен бир бүбү, бир бакшы жибер. Алар карындашыңа:
«Мүрөк какбаштын суусу дары», деп айтышсын, ага барган адам көп болот, келген адам
жок болот. «Абакем кеткенде чаап албай жаның жокпу», дейт. Чекиркан макул болуп,
кызды үйүнө жиберди.
Карлыгач үйүнө келип: «Аттай болгон ак кууга кушумду салып ийсем, кушумду алып
кетип, үч күнү күттүм, акырында көлдүн үстү менен барып алып келдим», деди. Жанадыл
«кушту сынайын» деп алып чыкса, үч күнү буулуккан куш баягыдан да алгыр, көзүнө
көрүнгөнүн койбойт. Айтканындай Карлыгач эртеси жеңеси менен карагатка барат да,
кечинде «боорум» деп жатып калды. Жанадыл айласы кетип, бүбү-бакшысын бүтүн жыйдырды
эле, дарттын дарысын таба албады. Акыры Карлыгачтын айтуусу менен Чекирканга киши
чаптырды. Анын бакшы-бүбүсү: «Карындашыңдын айыгышына бир гана Мүрөк какбаштын суусу
дары», деди.
Жанадыл Көктелкини минип, акбараңын асынып, Мүрөк какбаштын суусуна жөнөмөк болду. Жанадылдын аялы касиеттүү
жан экен, ал билип койду: «Кокуй, жалгыз уул Жанадыл карындашыңдын Чекирканга карматып
койгон сөзү бар: «Мүрөк какбаштын суусуна барбагын, башыңды азапка салбагын», деди.
Жанадыл ага ишенбей, аялын уруп таштап кете берди. «Жалгыз уул Жанадыл кетти», деп
бүбү-бакшы кабар жеткирери менен Чекиркан келип, Жанадылдын элин чаап кетти. Карлыгачты
аялдыкка алып, атасын уй кайтаруучу кул, энесин музоо кайтаруучу күң, аялын жырык
өгүз мингизип, отун алчу күң кылып койду.
Жалгыз уул Жанадыл нечен күн, нечен түн жол жүрүп отуруп, ээн чөлдөгү мунарыктаган
боз талаага келип токтоду. Ошол жерге өргүү кылуу үчүн атынын жүгөнүн шыпырып, ээр
токумун алса, үстү кызыл гөш болуп эле түшүп калды. Ошондо атка тил бүтүп: «Жалгыз
уул Жанадыл, мен билгенди билдиңби, мен туйганды туйдуңбу? Капка таштын арасында
кызыл түлкү жатат. Ал Мүрөк какбаштын түнкү кароолчусу. Сен капыстан барып кармап
ал. Союп жатып андан сыр сура. Куйругунан жиреп отуруп, тумшугуна келгенде гана
айтып берет», деди. Жанадыл атын токунуп минип чыкканда кызыл түлкү мант берип качып
чыкты. Узатпай кармап алып: «Айт, түлкүм сырыңды», дейт. Түлкү: «Жылда кербенчи
келет, анын аты оонаган жерине түк-мүк, кыл-кыбыр, калдыкты жеп оокат кылам, андан
башка эчтеке билбеймин», деди. «Айтарсың, түлкүм айтарсың», деп куйруктан жиреп
отуруп белге келгенде да айтпады, көк желкеге келгенде да айтпады, тумшукка келгенде:
«Айтсам да өлдүм, айтпасам да өлдүм», деп сырын айтты: «Мүрөк какбаштын түнкү кароолчусу
мен элем. Көз жетпеген мунарык талаадан адамзаттын тебетейин көрчү элем. Үч күндөн
бери көзүм тунарып, тааный албай койдум, көрсө, ажалымдын жеткени экен. Чоктой кызыл
түлкү мени алдың. Менин ары жагымда ак зоодо эки кузгун бар. Ал кузгундун бирөөн
өлтүрүп, бирөөн чала өлтүрүп сыр сурасаң, бүт айтып берет, андан аркысын мен биле
албаймын», деди.
Жанадыл түлкүнүн тумшугун шарт кесип, канжыгасына байланып, андан ары жөнөдү.
Алиги айткан ак зоонун бери түбүнө жеткенде, Жанадыл аттан түшүп, ээр токумун алып
бош коё берди эле Көктелки аты капка таштын астына түшүп, кызыл жоор болуп оттоп
чыга келди. Аны көрөр замат эки кузгун учуп келип: «Мүрөк какбашка жолуккандан бери
ит менен куштун тарпын жеп курудук. Муну ага айтпай, экөөбүз тойгончо жеп бир жыргайлы»,
деп, жоор аттын капталына коно калышып чукуп киришти. Ат башы менен ургулап жегизбей,
алаксытып отуруп, кеч киргизди. Кечинде кузгундар: «Бүгүн ак зоого барып конолу,
эртең ак кулжаны алып келип, арка мойнун сый сүздүрүп, андан кийин жейли», деп,
шарт коюп учуп кетишти.
Ошондо Жанадылдын аты: «Эртең алар келгенче өзүң баткандай үңкүр казып, жашырынып
жат, мен болсом жоор ат болуп оттоп тура берейин. Аркар келип мени сүзөрдө чекеге
ат. Эки кузгунду да атып өлтүр. Мылтыктын үнү чыкканда экинчиси кошо учат. Мергендигиң
билейин, мүрүн сыя ат,бирок өлтүрбөгүн, ошондон сыр сурайбыз», деди. Жанадыл аттын
айтканындай ор казып жатып калды. Күн шашкеде эки кузгунду эки капталына кондуруп,
ак кулжа жетип келди. Кулжанын бели бекчейип, көзү чекчейип, атты сүзүп ие турган
болуп калган кезде Жанадыл ак кулжанын жазы маңдайын жара, бир кузгунду өлтүрө атып,
экинчисинин оң жак канатын сыя атып, чаап ие турган болгондо ат: «Ай, баатыр, эрдигиң
бар, эсиң жок, өлтүрбөгүн», деди. Жанадыл кузгундан сыр сурады. Ал: «Мындан ары
кетип баратканда эки буура качырып чыгат, экөөнө эки боо жантак алгын, алар жантакты
сугунуп кала беришет. Андан ары: «Тарамышын алалы» деп, эки мастан кемпир алдыңдан
чыгат, экөөнө эки боо тарамыш алгын да, аны ыргытып коюп бастыра бер. Андан ары
ар бири торпоктой эки дөбөт чыгып: «Жаш эт жейли» деп бура бастырбай алдыңды торойт.
Аларга эки кап эт алгын. Экөөнө экөөн ыргытсан, жолуң ачык. Андан ары жүрсөң түндүгү
тартылуу, эшиги жабылуу үй бар. Эшигин ачып,түндүгүн тарт. Андан ары барсаң бир
үй бар, эшиги да,т үндүгү да ачык, түндүгүн тартып, эшигин жаап кой. Анан гана Мүрөк
какбаштын суусунан сузуп аласың», дейт.
Ошондо Жанадыл эки кап эт, эки боо тарамыш, эки боо жантак алып жөнөгөн экен.
Айтканындай жолдон эки буура качырып сала берди, эки боо жантакты ыргытты эле: «Тилеген
тилегиңе жет ай, тилеген тилегиңе жет ай» деп алкап кала беришти. Аңгыча жүгүрүп
жата калып, жүгүнүп тура калып, эки мастан кемпир саксаңдап алдынан чыкты: эки боо
тарамышты ыргытты эле экөө кала беришти. Андан ары түндүгү тартылуу, эшиги жабылуу
үйгө кези келип, эшигин ачып, түндүгүн тартты. Экинчи боз үйдүн түндүгүн тартып,
эшигин жаап, Мүрөк какбаштын суусуна жетти.
Жанадыл суудан сузуп алып кайра тартканда Мүрөк какбашсезип калып: «Ор, ийрегим
ор, ил ийрегим, ил» деп, кууп калды. Ошондо ор ийреги жетип, аттын чычаңын оруп
калган экен.
Жалгыз уул Жанадыл жүрүп отуруп, өзүнүн элине келсе, катуудан ташы, жумшактан
күлү гана калыптыр. Түштө келген Жанадыл кеч бешимге чейин өкүрдү. Бир кезде аты
жанына келип, тулганын таманынан таап келген кичинекей күзгүнү берип: «Өңүңдү көрчү»,
дейт. Жанадыл жүзүн көрсө, он беште кеткен бала көкала сакал чал болуптур. Ат Жанадылга
Мүрөк какбаштын суусун берип: «Куу арчага тамызгын», деди. Тамызганда куу арча,
куу чекенди да көпкөк болуп көгөрдү. Жанадыл өзү ичип он бештеги бала болду. Атына
ууртатса, кадимки кунан калыбына келе түштү. Ошондо касиеттүү Көктелки: «Карындашың
мени минип куш салууга барганда калмактын каны менен убадалашып келген. Аялың кереметтүү
жан экен, иштин жайын билип койду. Сага айтса тилин албадың. Сен кеткенден кийин
калмактын каны Чекиркан элиңди чаап кеткен. Карындашың азыр кош бойлуу, ичинде кырк
кара кучкач бар. Эгерде ошолорду жарык көрө элегинде жок кылбасаң, түбү өзүңө зыян
кылат. Атаң Кожомберди уй кайтаруучу кул, энең музоо кайтарчу күң, алардын баары
алдыңдан чыгат, бара көрөрсүң», деди.
Жанадыл олбу-солбу камчыланып бара жатса жолунан отун алган аялы жолукту. Отуну
ойго кулап:
«Байыркы Кудайбарында,
Жалгыз уул Жанадыл тушунда.
Оймоктуудан уз элем,
Оюнга чыкпас нуз элем.
Түндө бир эшикке чыкпаган башым,
Түнөгөн ашты ичпеген башым»,-
деп, бото дой боздойт. Жанадыл барып, отунун артып берип, андан ары бастырса,
эки кызыл уйга жетпей, бир абышка келе жатат. Жанадыл саламдашып: «Уй кимдики?»
деди эле, чал: «Байыркы Кудайбарьнда жалгыз уул Жанадылдын ую эле, эмки Кудай барында
Чекир кандын ую» дейт.
Андан ары баратса жыгылып туруп эки музоого жете албай бир кемпир астынан чыгат.
Жанадыл энесин таанып, билмексен болуп бастырып өтүп кетет.
Бешим ченде Чекиркандын үйүнө
барып түшсө, карындашы Карлыгач төрдө отурат. Бир маалда жырык кара өгүзгө отун
артып, Жанадылдын аялы келди эле: «Отунду эрте алып келбейсиң», деп, тура калып
сабап жиберди. Аңгыча уй айдап атасы, музоо кайтарып энеси келди. Карлыгач экөөнү
тең үй кыдыртып сабап таштады. Жанадыл Карлыгачты атып салмак болуп обдулат да:
«Коё туруп аягына чейин байкайынчы», деп, өзүн токтотуп кайра отуруп калат. Аңгыча
карындашы: «Мейманды чоң өргөөгө киргизип жакшылап сыйлагыла», деп буюрат. Жанадыл:
«Мен мына бул бечаралардын алачыгына барып эле түнөймүн» деп болбой, кемпир-чал
менен бирге кетип калат. Бир убакта бир семиз козунун этин алып келишет. Жанадыл
арыдан-бери майдалап туурап, кемпир-чалга жегизип, эки терини салып, ата-энесин
жаткызып, уруш салайын деп турган мезгилде Карлыгач кирип келет да: «Жалгыз уул
Жанадыл келип калгансып, мал-жанга карабай уктап калышкан тура», деп, чөп алачыкты
кайра тартып салат. Жанадыл атып салмак болуп, акбараң мылтыгын сууруп алганда Карлыгач
агасынын келгенин билип, коркконунан тилсиз болуп туруп калган экен. Жанадыл Карлыгачтын
башын алып, ичин жарса, бир сандык чыгат. Сандыктын ичиндеги кырк кучкачтын отуз
тогузун өлтүрүп, бири калганда кыркынчысы тура калып, Жанадыл менен он төрт күнү
күрөшөт. Акыры Жанадылдын алы кетип жыгыла турган болгондо ,Көктелки жүгүрүп келип
кучкачты такымдан жулуп алат. Ошентип, Жанадыл кучкачты, ага кошуп, Чекирканды өлтүрүп,
Мүрөк какбаштын суусунан атасына, энесине,
аялына ичиргенде кадимкисиндей жашарышыптыр. Кайра өз жерине көчүп келип, жыргап
жатып калышкан экен.