АТАНЫН КЕРЭЭЗИ


Ач экен, ток экен, бар экен, жок экен, бир чал кемпир бар экен. Чалдьн үч уулу болуптур. Чал бир күнү ооруп, дарманы куруп акыры өлүмгө моюнсунуптур. Өлөр алдында кичи уулун чакырып: «Сен балдарымдын кенжеси, жүрөгүмдүн эркеси элең. Мына бул канжарды алгын да, агаларыңдын бирине билгизбей бек катып ал. Канжардын жашыруун мындай сыры бар: «Кындан сууруруң менен: «Тиле тилегиңди», деп үн салат. Тилегиңди айтсаң, алеки саламда кабыл кылат. Ошентип, канжардын жардамы менен бакты муратка жетесиң», деп осуятын айтып, касиеттүү канжарды кенже уулуна калтырып, чал бу дүйнөдөн өтүп кете берет.
Күндү кубалап түн, түндү кубалап күн келе берет. Агалары балага кой кайтартып коёт. Бала атасынан калган канжарды кыя байланып, кайгысын талаага даттанып жүрө берет. Бир күнү саардан туруп кой жайып кеткени жатса, көчөдөн бир аттуу киши:
«Мен жарчымын, жарчымын,
Кан кабарын салчумун.
Кандын кызы күйөөгө чыгат,
Баргыла мөөрөй алуучуң!»-
деп, жар чакырат.
«Кандын кызы күйөөгө тиет турбайбы, андан мага эмне пайда»-деп, бала канжарын кыя тагынып, коюн жайып кете берет. Агалары шашкеде тойго жөнөйт. Бала кечинде тойдун кандай өткөндүгүн алардан сурады эле, улуу агасы: «Тойдун сага эмне кереги бар, андан көрө жакшылап коюңду кайтар, ууру-бөрүгө сак бол», деп кагып салды. Бала агасынын жашырып айтпай жатканын билип: «Мында бир сыр бар көрүнөт, уктабай жатып угайьнчы», деп оң жамбашына оодарылып, уктамыш болуп коңурукту кош тартты. Бир убакта агасы тойдун жайын катынына баяндады: «Тиги уктаган чыгар, эми кулак сал, толуктап айтып берейин. Анын көзүнчө: «Айт эле, айт» деп беймаза кылдың. Ал укса кетип калат, анан койду ким кайтарат. Кандын кызы Эркайым атасына:  «Ким миң тепкичтүү шаты менен менин мунарама, сепилдин сыртынан чыгып барса, атам мени ошого берсин, мен ошол жигитке тиемин», деп айттырыптыр. Кан да ал шартты орундаткан кишиге Эркайымды бермек болуп, элине жар салыптыр. Бирок кандын кызын алууга ынтызар адамдар көп болсо да, анын койгон шартын аткаруу оңой көрүнбөйт. Шатынын элүү тепкичине чыгып барып, эки адам башы айланып кулап өлдү. Мен отуз тепкичине чыгып, коркуп кайрадан түштүм».
Бала муну угуп түнү менен уктай албай чыгат. Таң да супа салып атат. Агалары тойго, бала койго жөнөйт. Түш ченде койлорун суу жээгиндеги дарактын көлөкөсүнө жуушатат да, тойго жөнөйт. Жолго чыга берип, канжарын кынынан сууруду эле, канжар жарк этип: «Тиле ,тилегинди?» деди. «Бир ажайып ат бер!».
Аңгыча алдына ажайып тулпар ойдолоп тура калды. Бала атты минет да, тойго чаап жөнөйт. Алалеки саамда кашаң аттары менен өпөңдөп келе жаткан агаларына жете келет. Бала аларды көрүп четке чыгып, канжарын кынынан сууруп алат. Канжар жарк этип: «Тиле тилегиңди!» деп үн салат. «Кандын баласыныкындай жарак-жабдык бер!» Ошол замат сураганындай жарак-жабдык пайда боло калат. Бала жасалгалуу кийинип, жарак-жабдыгын асынып, агаларын көрмөксөн болуп жандарынан бастырып өтүп,тойго барат. Элдин баары эле жарданып аны карайт, агалары да көзүн албайт. Бала аттан түшүп, сегиз жүз тепкичке чыгып барып, кайра жерге түшөт да, атына минип, чапкан бойдон артын карабай кете берет. Эл анын артынан «балилеп» кыйкырып калат.
Кечкурун өзүнүн мурунку кейпине түшүп, жаргак шымын кийип, тай туягын тартынып коюн айдап үйүнө келет. Агалары болсо кашаң аттарын теминип, чаалыгып-чарчап жаңы эле келишкен экен. Бала алардан кайда барганын сураса, бүгүн да тойго барганын айтышат. «Мен дагы барайын?» деп суранды эле: «Кой, коюңду кайтар, сага эмне бар, кызыктуу эч нерсе жок», деп коюшту. Бала: «Болуптур эмесе, коюмду кайтара берейин», деп тим болот. «Шатыга чыккандар болдубу?» деп сураса, кичүү агасы: «Экөөбүздөйлөргө жол кайда? Ажайып аргымак минип, асемдүү жарак-жабдык асынып бир кандын баласы келди, атаганат, сөөлөтүн коё кал! Сегиз жүз тепкичке чыгып барып, кайра түштү, көргөн эл «кожо Кыдырдын баласыбы?» деп, айран таң калышты, көбүнүн колу жакасынан алиге чейин кете элек», деди.
Эртеси бала койго, агалары тойго кетти.
Чоң шашкеде койлорун дарактын түбүнө жуушатып коюп канжарын кынынан сууруду эле: «Тиле тилегиңди!» деди. «Кечээги атым менен кийимимди азыр даяр кыл!» Көз ачып жумганча кечээги кийими менен тулпар аты дароо даяр болду. Бала алкынтып атын минди, жаркынтып кийимин кийди,  бургутуп жолго кирди. Тойго так жетерде кашаң ат минген агалары жол бошотуп, улам-улам аттын жалына өбөктөй жүгүнүп, кала берди. Кайнаган эл баштарын ийип: «Кулдук канбача, кандын Эркайымы сизге ылайык», деп, жол бошотуп жүгүнүп калат. Бала каада менен аттан түшүп, бу сапар шатынын миң теп кичине чейин чыгып барып кайра түшөт. Эл айран азыр калат. Аны туурап ала көөдөк бир жигит шатынын отуз тепкичине чейин чыгып барып, башы айланып кулап өлөт. Эл баланы тегеректеп мурункудан бетер жарданат. Ошондо ал четке чыгып, канжарын кынынан сууруду эле: «Тиле, тилегиңди!» деп үн салды. Ушул элге бир чекседен жеткидей күрүч даяр болсун.
Аш-паш дебей бир дөбө күрүч пайда болду. Бала канжарына: «Ар бир кишиге бир чекседен (чексе – 5-6 килограммдан турган салмактык өлчөм) бөлүнсүн, идишине салынсын”, деп буюрду. Алеки саамда ал айтканы да орундалды. Кандын кызы да айран-азыр калып, баланын жанына басып келип: «Жүзүңдү бир көрсөтчү?» деди. Ал тетири карап болбогондо: «Жүздүгүмдү берейин, жүзүңдү көрсөтчү», деп дагы сурады.  Бала «эми болбостур»деп, ага караганда, кыз үшүнөн кеткенсип сендиректей түштү да: «Мына бул жүздүктү менден белек алгын. Жоготуп, же майыштырып койсоң, менден үмүт үз», деди. Бала жүздүктү алып атка шап минип, келген жолуна түштү, артынан ызгып чаң гана көрүнүп, бир заматта көздөн кайым болду. Бала мурунку кейпине түшүп, кечинде коюн айдап, адатынча үйүнө келсе, агаларынын кубанычы койнуна батпайт. «Ээ, иним, биз сага палоолук күрүч алып келдик, палоо басып беребиз, чеңгелиң айрылганча чеңгелдеп, курсагың жарылганча жейсиң, бол тезирээк отун камдап, от жак», деп шаштырышат. «Күрүчтү ким берди, акелер?» Анда улуу агасы: «Сурап эмне кыласың, кожо Кыдырдын баласы да анчалык мыкты болбойт, чынында Кудайдын уулубу деп ойлодук. Кечээги жигит миң тепкичтүү шатыга чыгып барып, кайта түштү. Кандын кызы өзү куштар болуп колуна жүздүк салды. Күрүчтү да ошол март бала берди. Эртең Эркайымдын тою башталат», деди. Бала ууртунан жылмайып, алардын айтканын аткарып тим болду. Оокат желип жатарда: «Ушунча күн силер той тойлодуңар, мен кой кайтардым. Кудайыңарды карасаңар, эртең тойго мен барайын, койго силер баргыла?»деди. Ага агалары макул болушуп: «Ээленип калыпсың, барсаң бар, бирок кан баласы келгенде делдейбей жүгүнгүн да, элге бергенинен сенда куру калбай ала кел» дешти. Бала: «Макул, ошентейин», деди.
Ал эртеси тойго, агалары койго жөнөдү. Бала жолдон кадимки канжарын сууруп буйрук берип, боз аргымакты минип, буулумду кийип, тойго барды. Аңгыча кан: «Айткан шартым аткарылды, күйөө болчу адам алдыма келсин», деп жар чакыртты. Бирок кандын күйөөсү табылбады. «Күйөө болчу менмин», деп баргандарды Эркайым карабады. Акыры кыздын акылы менен элдин колун жайдырып, Эркайымдын алдынан чубатууга салды. Бала: «Эмне кылар экен», деп далдаада тура берди. Бешимге чейин бардык эл чубап бүттү.
Акыры кезек балага жетип, кыздын жөкөрлөрү анын да колун жайдырып, Эркайымдын алдынан алып өттү. Кыз колундагы өзү берген жүздүктөн баланы таанып, отуз күн оюн курдуруп, кырк күн тоюн кылдырып, балага тийди. Шаан-шөкөт менен бала Эркайымды үйүнө көчүрүп келип, ортончу агасына кыздын эжесин алып берип, бакты-муратына жетип жашап калыптыр.