Бир
дыйкандын эгини жакшы чыгып, жайкалып келгенде доңуздар келип эгинди тебелеп,
тумшугу менен каза берүүчү болду. Бир нече мертебе дыйкан доңуздарды кууп
чыгып: «Эми жолобос», - деп ойлоду. Бирок доңуздар эгинди ойрондой берди. Бир күнү
доңуздардын азуулуу чоңун кармап алды да, терекке бек байлап таңды.
Чоң
таякты колуна алып: «Өзүң айдаган эгиндей эле жеп жатасың , жазда, кош
айдаганда кайда элең?»- деп кулак түпкө келтирип туруп бир чапты. Чочко
коркулдап чыңыра баштады.
«Тукум
сепкенде кайда элең?» - деп дагы аңдан бетер катуу чапты. «Арык чапканда кайда
элең?» - деп андан бегирээк чапты. Доңуз чарк айланып, жер- сууну бузуп чыңырып,
тегерене баштады.
Бирок
дыйкан анысына карап, боору ачыган жок. Андан бетер ачуусу менен дем алалбай
ура берди: «Эгинди сугарганда кайда элең, ыя, чочко!..»
Ошентип, доңуздун
мурдунан кан кетип, чыңырып жатып өлгөн экен.