АКЫЛДУУ УЛАК

Илгери бир убакта байлыгы ашкан бир бай болгон экен. Ал бай жаз алды менен тоого көчүп чыгат. Ал жердин оту түгөнгөндөн кийин, башка конушка көчүп жөнөйт. Ошондо анын мурунку көчүп чыккан конушунда бир козу, бир улак адашып калыптыр. Анан улак козуну жетелеп, башы оогон жакка жүрүп кетип баратса, жолунан бир адашып калган музоого учурап, козуга музоону жетелетип, улак өзү айдап алат да, дагы жол тартышат. Жолдон жолборстун терисин табышат да, ал терини музоонун үстүнө жабат дагы ээн талаада кыламык жааган кардын үстүндө кетип бара жатышса жолунан бир кепе көрүнөт.Кепенин тышына музоону байлап, ичкериге кирип барышса, шарап ичип отурган жолборс, арстан, аюу, карышкыр, түлкү жана башка бардык жырткыч айбандардын үстүнөн чыгат.«Ассалоому алейкум жалпыңарга» - деп улак менен козу салам берет. Баягы жырткычтар: «Бизге эт келди», - деп сүйүнүшүп: «Алейкума ассалом. Келгиле, меймандар! Жакшы келипсиңер, төргө өткүлө», - дешет. Анда улак түлкүнүн алдына олтурат. Козу болсо төргө өтүп олтурат. Анан дагы арак ичиш башталат. Ичкиликти ичип ырдап отурушуп түлкү комуз чертип, мындай дейт: «Улак балбан бир күндүк, козу балбан бир түндүк». Ал тыштагы жолборс терисин жамынган музоону байкабайт.
Анда түлкүнүн колунан улак комузду жулуп алып: «Түлкү балбан биздин талпагыбыз, аюу балбан биздин тамагыбыз, жолборс балбан биздин жамынчыбыз», - деп комузду чертип калат.Анда түлкү коркуп кетип эшикке чыкса, үстүндө жолборстун терисин жамынып музоо турат. Кайрылып кепеге кирбей, качып кетет. Анан эшик артынан билинбей бардыгы качып жөнөшөт. Эң артында жолборс да качып жонөйт. Улак, козу, музоо - үчөө идиштеги бозону таза калтырбай ичип, кетип калышат. Кар кыламык жааган болот. Алар бир күн жол жүрүп келе жатышса, жолунан бир чоң терек көрүнөт. Ошол чоң терекке түнөп кетиш үчүн улак теректин башына чыгат, козу ортороок жерине чыгат. Музоо бир жагына зорго илинип турат.
Эмки сөз баягылардан. Качып отуруп, качып отуруп бир жерге келишет. «Кой, качпайлы» - деп кеңешишет. Анда жолборс: «Силер дагы качасыңар » , - деп ишенбей, бардык жырткычтарды куйругуна байлап алат да, жөнөй берет. Алар изди кубалап, жүрүп отуруп баягы козу, улак, музоо илинген терекке жетип, асманды карабастан, айлана бериптир, айлана бериптир. Бир кезде музоонун колу талып кетип: «Мөө!» - деп жерге кулап түшөт. Ошондо улак менен козу: «Чоңунан карма, чоңунан карма!» - деп кыйкырат. Баягы келген жолборстор алды-артын карабай качып жөнөйт.
Жолборс бардык жырткычтарды сүйрөп жүрүп өлтүрүптүр, өзү араң качып кетиптир.
Ошентип, козу, улак, музоо аман-эсен кутулуп калган экен.