Жем таап жээрге жарабай
турган бир оору үкү менен бир алгыр кыргый тааныш болот. Кыргый үкүнү өзүнөн
артык кылып багат. Аягында экөө кучакташып ынтымак дос болушат. Экөө алыска сапар жүрүшөт.
Кыргыйдын эстүүлүгү, алгырлыгы менен жакшы күн көрүшөт. Үкү оорусунан бүт айыгып
өз тамагын табууга жарап калат.Бир күнү: «Эми ар кимибиз өз күнүбүздү өзүбүз көрөлүк»,
- деп үкү менен кыргый ууга чыгат. Нары-бери учуп эчтеме таба албай калышат.Анда
үкү кыргыйды акырын чакырып алып, кармайт да: «Мен сени жеймин » , - дейт. Кыргый
акыреттик достугун жана кылган көп кызматын айтып ыйлайт. Анда үкү: «Жакшылыкка
жакшылык - эшектин иши, жакшылыкка жамандык - эшендин иши, дүнүйөдө жашамак -
алышмак, күрөшмөк, алы жетишпесе ылдыйламак, айла кылмак, иши кылып өзү жашамак»,
- дейт да, кыргыйды чыркыратып баса калат. Темир айры өңдүү өткүр төкөөрү менен
кыргыйды мыжып өлтүрөт. Аны жеп тоюп алып, кагынып учуп кетет.