ТҮЛКҮ, ТАШБАКА ЖАНА ЧАП КЕНЕ

Түлкү, ташбака, чапкене - үчөө шерик болуп эгин экмей болушту. Түлкү жайлоого чыгуучу, таш бака эгин багуучу, чапкене оруучу болду.Түлкү аштык даяр болгондо жайлоодон түшүп келип: «Буларга эгиндин эмне кереги бар, эгинди алдап алайын деп ойлоп: «Шериктер, мунун несин бөлүп убара болобуз, жарышалы, кайсы мурун келгенибиз эгинди бүт алалык» , - деди. Түлкү аксакалдын сөзүн ташбака менен чапкене макул көрүштү.
...«Чуркайлы!» - деп убадалашкан жерге барышты да үчөө катар турушту. Ал арада чапкене түлкүгө жабышып кулагына чыгып алды. Чур кап жөнөштү.Түлкү аштыктын жанына келип бир силкинди эле, чапкене түшүп ашыктын так эле төбөсүнө чыгып алды. Эми эгин меники го деп түлкү аштыкты караса, анын үстүндө чапкене олтурат. Анын жүрөгү болк этип: «Качан келдиң?» - деди. «Мен келгенге бир далай болду, аштыктын үстүнө чыгып силерди карап турбаймынбы», - деп койду. Ошентип, байгени кичинекей болсо да чапкене алып кеткен экен.