Илгери-илгери Кебезтоонун
кең жайлоосунда ажыдаар менен арбашкан, желмогуз менен кармаш кан, ааламдын жүзүн
кыдырган Төштүк деген баатыр болгон экен. Ал сакалы агарып карыганча балалуу болбоптур.
Төштүк: «Ушул дүйнөдөн көзүм өтүп кетсе, ким калкалайт жеримди. Капа кылбай
ким багат калың кыпчак элимди» - деп кайгыланып жүргөндө, байбичеси Кенжекенин
боюна бүтуп, жолборстун этине талгак болуп, мандайында калы бар, арстандай жалы
бар күмүш көкүлдүү бала төрөйт экен. Төштүк сүйүнүчү койнуна батпай, бүт
кыргызды чакырып, тоюна токсон союп, баласынын атын Жоодарбешим коёт экен.
Жоодарбешим беш айында каз туруп, алты айында басат экен. Ошондо атасы :
«Балама көз тийип калбасын» - деп, Жоодарбешимди тогуз жашар болгончо ээн жерге
бактырат экен.
Жоодарбешим тогуз жашар болгондо атасы эр кийимин кийгизип, Кылкара деген
атын мингизип, жоонун жайын үйрөтө баштайт экен.
Күн өтөт, ай өтөт, жылдар өтөт. Жоодарбешим
балтыр эти толуп, атасын тарткан тоодой баатыр болот экен. Бир күнү атасы Жоодарбешимди
мергендикке алып чыгып, ак аркар атып, бөкөн кууи жүрүп: «Балам, мен сага бир
сыр айтайын», - дейт экен, Жоодарбешим: «Ал эмне сыр? Айткын, ата», - десе, Төштүк:
«Ушул жерден жүрүп олтуруп, жүрүп олтуруп нечен дайра, нечен, көлдөн өтүп, бир
алтын булакка келесиң.
Ошол алтын булактан алтын баштуу Ак аркар суу ичет. Мен дагы атайын издеп барып
Ак аркарды кармай албай келгем. Ошол Ак аркарды атып келип берсең, бул дүйнөдө ыраазымын», -- дейт
экен.
Ошондо Жоодарбешим: «Ай, жылдап жол бассам да, сага Ак аркарды алып келип
беремин» - деп, үйүнө келип, жолго даярдана баштайт.
Энеси Кенжеке: «Быйылча
токтой туруп, келерки жылы бар. Алыскы жолго аттана турган убагың боло элек» -
десе, Жоодарбешим: «Мен ит көйнөгүм мойнума иле түшкөн баламын. Мен аруу тонум жонума
кие түшкөн баламын. Мен атам алп Төштүктүн казабына калбаймын», - деп болбой коёт.
Ошондо Кенжеке кол башындай ак баштыкты уулуна берип:
— Балам, ушул жерден күн чыгышты көздөй жүрүп отурсаң, жүрүп отурсаң Оноюл
деген жер келет, он периште тең келет. Андан
кантип өтөсүң? — деди.
— Анын онун он
жерге чаап таштайм. Андан эптеп өтөм, энеке, — деди Жоодарбешим.
— Кайгылуу деген жер келет, Кырк жарактуу тең келет. Мындан кантип өтөсүң, балам? — деди
энеси.
— Анын кыркын кырк
жерге кыйрата чабамын. Андан эптеп өтөмүн, энеке,— деди Жоодарбешим.
— Эчен дайра суу келет, Эчен кабат тоо келет, Чытырман токой чер келет,
Андан кантип өтөсүң? — деди энеси.
— Аны бир чагым кууну коюп өтөмүн, — деди Жоодарбешим.
— Балам, андан ары сен барсаң, тогуз жолдун тоому бар, чатыраштын түйүнү
бар. Андан ары сен барсаң, бир боз дөбө турат. Ошого барсаң таятаңдын боз
ордосу бар. Алачыктай кызыл кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду
жаткызып, сейилдик кылып турат. Кызыл
тору келин бээ саап, кызыл тору жаш жигит, кулун салып турат. Таянең: «Балам, сен кимдин баласысың, бат айтчы?» — деп сурайт.
Анда: «Суусап келген
балага суусун берип туруп кеп сурагын», - де. Бир чоң кесе кымыз берет. Ошону ичкенден
кийин:
- Мен Кенжекенин ботосу, Төштүктүн баласы Жоодарбешиммин де. Анда үчөө
басып жатып калат. Токмок жалдуу боз айгырды минип жигит сүйүнчүгө чабат.
Орусканды ээрчитип жигит келет. Айтылуу Алтынбулактагы Ак аркарга аттанып бара
жатканыңды айткын. Ошондо таятаң: «Төштүк дагы курусун, Кенжеке дагы курусун, балага
кийим камдабайт, жарак-жабдык, ээр токум камдабайт» - деп, жоого кийчү
жарак-жабдык, ээр берет. Ал ээрди албагын. Атамда капталы алтын, кашы күмүш, Төштүк
мага күйөөлөп барганда сурап калган ээр бар, ошону сурасаң бербейт. Өзүң кирип
эле: «Өзүмдүн ээримди өзүмөн аяйсыңбы?» — деп алып чыгып, аны токуп ал. Эми
сени Кылкарага тапшырдым, Кылкара экөөңдү бир Кудайга тапшырдым», — деп Кенжеке
он батасын берип, Жоодарбешимди он жолго салып жиберди.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп баягы энеси айткан эчен дайра суу,
эчен кабат тоону ашып, Боздөбө деген жерге келет. Келсе, баягы Кенжеке айткан
кемпир жаткан кулунду тургузуп, турган кулунду жаткызып, сейилдик кылып турат. Кызыл тору келин бээ саап, кызыл тору
жаш жигит кулун салып турат. Жоодарбешимдин ким экенин билгенден кийин баягы кызыл
тору жаш
жигит Орусканга сүйүнчүгө чапты. Таятасы келип Жоодарбешимди басып жыгылат.
Жай сурашып далай отургандан кийин, Жоодарбешим айтылуу Алтынбулакка бара
жатканын айтат.
Ошондо Орускандын кемпири көзүнүн жашын көл кылып: «Ээ, абышка, Төштүк
менен Кенжеке курусун, ушундай дагы жибереби, же жоого жарай турган жарак-жабдыгы
жок, же ээри жок?» — деди.
Эми Орускан кишилерин жиберип, акбула алдырды. Уз кыздардан, келиндерден
алып келип, акбуланы эритип алды,
Мергенчилерин: «Тоо текенин мүйүзүн алып келгиле», - деп буюрду. Ошентип,
Орускан мергенчилерге тоо текенин мүйүзүн алдырып келип, чеберлерин бүт жыйып,
алтын жаак, сыр жебе жасатты. Алтымыш текенин терисин малмага малдырып, каңдагай
жасатты. Алты аяктуу ала атын токуп, Жоодарбешимди мингизип: «Эми, балам, сен
калкагардын как ыргайын алып кел», - деп жумшады. Бала баягы жерге барып, атка
артынып алып келди. Баягыны уста ийрип ак олпок жасады. Жоодарбешимдин бардык жарак-жабдыгы
бүттү.
Ошондо Орускан жети аяктуу жээрде атты токутуп: «Эми балам, жолуң шыдыр,
жолдошуң кыдыр болсун», - деп батасын берди. Анда Жоодарбешим: «Таята, Төштүк
атам энеме күйөөлөп келгенде, сага капта лы алтын, кашы күмүш ээр берген экен.
Ошо ээриңдин күчүн берип тур», - деди эле, таятасы берген жок. Жоодарбешим: «Өз
ээримди өзүмөн аяйсыңбы?» - деп үйдөн алып чыгып Кылкарага токуп алды.
Желенин башындагы Кылкаранын башына жүгөн салганда кунан болду, жонуна
тердик салганда бышты болду Кылкара, куюшкан салганда куру ат болду.Олоң
тартканда опол тоодой ат болду.
Чыбаш баскан куйругу,
Жап жибектей созулду.
Чүрүшүп калган туягы,
Айтабактай жазылды.
Кемпир-чал балага оң батасын берип, узатып чыгышты. Балдар жарлап карап
турду. Баланын карааны жоголгондо, үйгө киришти. Ошентип жүрүп отуруп, жүрүп
отуруп бир жерге келгенде, Кылкара бугудай мойнун буруп, Жоодарбешимге
кайрылып:
«Эрдигиң бар, эсиң жок,
Эчтеке менен ишиң жок,
Энөө баатыр экенсиң,
Мен билгенди билдиңби,
Мен туйганды туйдунбу?» — деди.
Анда Жоодарбешим: «Мен эчтекени билген жокмун, батыраак айтчы, Кылкарам!» —
деди. Кылкара: «Кайнардын Каракөлүнө ара күндүк жол калды. Ошол жерде жандан
ашкан Жанаалы деген дөө бар. Анын
Куу кулан деген аты, Куу жебе деген жаасы бар. Ал Агача канды өлтүрүп, Аксаамай
деген кызын тартып алган. Ошол Аксаамай сени түшүндө көрүп, сүйүп калган экен. «Эми
Жоодарым келет» - деп сени күтүп жүргөн кези. Жанаалы дөөнү өлтүрсөң, сага Кудай бергени. Аны өлтүрө
албасаң, сен үйүңдү көрбөйсүң, мен үйрүмдү корбөйм», — деди.
Андан ары аттанып жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жоодарбешим баягы Жанаалынын
айлына жакындап калган кези экен. Ошондо Жанаалы аялына: «Куюккан кула талаада
карга десем кагындай, кагын десем каакымдай, канаттуу десем аяктуудай бир нерсе
көрүнөт», - деди. Аңгыча Жоодарбешим да жетип келди. Жоодарбешим Жанаалы менен
бир нече күн, бир нече түн күрөшүп, дөөнүн башын кыя чапты. Аксаамайды өзү
никелеп алып, андан ары Ак аркардын сары изине түшүп, саргара кууп жөнөйт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Кылкара: «Ак аркар булак
суулап, күмүш күнгөй оттоп, Чаарарчанын башында жатат. Бутуңду чечип, байпакчан
болуп, жанына өтүп бар! Менин ооздугумду чыгарып отко коё бер, суулугумду
чыгарып сууга коё бер!» — деди. Жоодарбешим шашып Кылкараны кесе байлап, кең
тушап салат.
Ал Чаарарчанын башына келип, шыкаалап туруп жааны чоюп бир кезде тартып
жиберди эле, аркардын башын жаа үзүп кетет. Аркардын башын алып, Кылкарага
жакындап келгенде асмандан бир кара неме Жоодарбешимди эңип кетет. Көрсө, бул
Жоодарга ашык болуп жүргөн Нуркандын кызы Нурпери экен.
Нурпери Жоодарбешимди үйүнө алып барып, жатып калат.
Күндөн күн өтөт, айдан ай өтөт. Ошентип, жыл маалы болгондо бир күнү
Нурпери: «Жоодарбешим, сенин бир күйүмдүү нерсең бар беле ошонун периштеси келип,
мени тебелеп жаман кылды», - дейт.
Ошондо Жоодарбешимдин эсине Кылкара түшөт да:
Алаканын шак коюп,
Артын жерге так коюп.
Өкүргөндөн бакырып,
Өрүктүн башын жапырып.
Ичкен тамагын кайта кусуп,
Бүк түшүп жатып калат.
Нурпери: «Эми сен Кылкараны
алып кел!» - деп, Жоодарбешимди Кылкарага жиберет. Жоодарбешим келсе, баягы атынын
ордунда бир тери жатат. Көрсө, Кылкара ошол экен. Өлөр-өлбөс жаны бар экен. Кылкара
Жоодарбешимди таанып:
«Айтсам тилим албаган,
Аңкоого башым не коштум.
Сүйлөсөм тилим албаган,
Шүмшүккө башым не коштум?
Ооздугумду чыгарып,
эми мени отко коё бер! Суулугумду чыгарып сууга коё бер», — деди.
Жоодарбешим Кылкаранын
ээрин алганда териси куюшкан менен кошо кетет. Тердикти алганда жон териси кошо
кетет. Ошондо Кылкара: «Эми мен үч жылы оттоюн, үч жылсыз келбе» - деп, Жоодарбешимди
кайра Нурпериге жиберет.
Жоодарбешим Нуркандын элинде дагы үч жыл жашайт. Бир күнү Нуркан кызына чоң
той берип аткармакчы болот да, отуз күнү ойнотту, тогуз күнү тойлотту. Ошондо
Кылкара өзү келет.
Нуркан алтын өргөө, ар шайманды элүү төөгө жүктөтүп, алтын жамбы, ак
күмүштү атан төөгө арттырып Асмайыл жана Ысмайыл деген эки жигитти кошуп,
Нурпери менен Жоодарбешимди жөнөтөт.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Жыламыштын тоосуна келгенде Нурпери менен
Жоодарбешим эс алмак болушуп, ак өргөө көтөртүшөт, Ак өргөөнү көтөртүп, алты
кун конгондон кийин бир күнү Жоодарбешим менен Нурпери сейилдеп токойго чыгып
кетишет. Алар токойдо жүргөндө баягы Асмайыл менен Ысмайыл: «Экөөбүз уу
коргошундан өлбөгөндөй жеп алып, ооруп калдык деп жатып калалык. Жоодарбешим менен Нурпери кандай
дары берсе да: «Эски оорубуз кармап калды. Биз айыксак Гүлгаакынын гүлүнөн айыгабыз»,
- деп жата берели. Ит ичпестин көлүнө барган киши келчү эмес. Жоодарбешим барса,
келбейт. Ошентип, Нурпери бизге калат», — деп акылдашат.
Жоодарбешим менен Нурпери келсе, Асмайыл менен Ысмайыл ооруп, онтолоп чыдай
албай жатат. «Эмне болдуңар?» - десе: «Биздин эски оорубуз кармап калыптыр. Эч кандай дары жардам бербейт. Бир
жардам болсо, Гүлгаакынын гүлү дары болот», - деп ого бетер онтолошот.
Ошондо Жоодарбешим Кылкараны токунуп, кынсыз кылыч байланып, алтын жаак сыр
жебени акырекке илип Гүлгаакынын гүлүнө жөнөйт
Жоодарбешим эчен белес тоо, эчки
жүрбөс зоо, адамзат келип көрбөс жер менен жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир эле
жер жайнаган мыкка жолугат. Андан Кылкара бутун мыкка тийгизбей өтүп кетет.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир желмогуз кемпирге жолугат. Ал: «Жут ийрегим, жут, карт ийрегим,
карт», - деп Жоодарбешимди жутканда кекиртегине токтоп калат. Ошондо кемпир: «Сен кекиртегиме
токтоп калдың,
менин бир жакынымсың
го», - деп сурады эле,
Жоодарбешим: «Мен Төштүктүн баласы, Кенжекенин ботосумун», - деди. Кемпир: «Кенжеке
менен мен карын бөлө элем!» - деп, кайта кусуп салып: «Гүлгаакынын гүлүнө бара жаткандардын
жолун тоскон элем. Ушуга эч кимди өткөргөн эмесмин. Ал жерге барган кайпайт. Менин тилим алсаң, кайт!» - дейт. Жоодарбешим
болбой жөнөп
кетет.
Жоодарбешимдин кеткенине
кыйла күн болгондо,. Асмайыл менен Ысмайыл Нурнериге: «Сени алабыз» дешет. Ошондо
Нурпери: «Мен экөөңө
тек тиймек белем, бириңди бириң өлтүр, тирүү калганыңа тием», - дейт.
Асмайылды Ысмайыл өлтүрөт.
Нурпери: «Менин никемди сага буюрган экен, мен сага тиемин. Сен мынабу кудукка
түшүп жуун! Сен тарт дегенде тартып алам», -— деди.
Ысмайыл сууга киргенде Нурпери көтөрмөнү кыркып жиберип, Ысмайылды өлтүрөт.
Эми сөздү баягы Кылкарадан
баштайлы. Бир күнү Кылкара: «Эми Гүлгаакынын гүлүнө жакын келдик. Эртең түшкө жакын жетебиз. Гүлгаакынын
үч кызы бар, алар көлгө түшүп тамаша кылышат. Сууга түшөрдө кептерин алып коюшат. Ошол учурда мен
кырк канатымды жайып, боз коёндон жапыс болуп, аткан октой жетем, сен боз карчыгадан
илгир болуп кептерин иле көр! Сен жөнөгөндө төөдөй таш төкүрөңдөп, уйдай таш утуруңдап, жылкыдай
таш жылмаңдап, койдой таш котураңдап
куушат. Кызыл жалын өрт да кууйт, ошондо артыңа караба! Атаң Төштүк да: «Кайрыл
балам, кайрыл» - дейт. Мен канатымды жайып качам, энең, таятан - баары: «Кайрыл!» - дейт. Ошондо
да караба. Ак көгүчкөн, учуп
алдыңа чыгып, колдорун маңдайыңа
тийгизет, шерт ошол, ошондо гана токто, көгүчкөндүн кебин бер. Алар кебин кийип,
гүлдү алып келип берет!» - дейт.
Жоодарбешим жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эртеси түшкө жакын баягы Кылкара
айткан жерге келет. Келсе, Гүлгаакынын үч кызы кийимдерин чечип коюп, сууга
түшүп жатышыптыр. Кылкара коёндон жапыс болду, Жоодарбешим боз карчыгадан илгир
болуп, кыздардын кийимин илип жөнөдү. Жоодарбешимди уйдай таш утураңдап, койдой
таш котураңдап кууйт. Кызыл жалын өрт да кууйт, Жоодарбешим эч кайрылбайт. Ак көгучкөн
учуп алдына чыгып, колдорун маңдайына тийгизгенде гана Жоодарбешим токтоп , көгүчкөндүн
кебин берет. Алар кебин кийип алып, баягы гүлдү Жоодарбешимге алып келип
беришет. Гүлгаакынын гүлү кышында соолубас, жыты аңкыган, көркү адамды таң
калтырган гүл экен.
Жоодарбешим Гүлгаакынын гүлүн алып келсе, баягы эки жигит жок. «Булар кайда кетишкен?» - деп сураса,
Нурпери:
«Асмайыл менен Ысмайыл,
Адамдан ашкан куу экен.
Акылын эч ким билбеген,
Ашып түшкөн шум экен.
Асмайыл менен Ысмайыл,
Кыял менен ооруптур,
Көңүлүн тетир буруптур,
Көрүнөө амал кылыптыр.
Ит ичпестин көлүнө
барган кайра келбесин билип, сени жиберишкен экен», — деп болгон окуяны айтып берет.
Ошондон айлап, жылдап жүрүп отуруп Жоодарбешим Нурпери менен ата-энесине келсе,
Чоюндун уулу Темир али чоң бүлүктү салып айылын чаап, атасын орго салып койгон
экен. Жоодарбешим Темир алп менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, акыры жеңет.
Ошентип, Жоодарбешим элине хан болуп, ата- энеси, аялы менен жыргап жатып
калган экен.