МУҢДУУБАЙ


Илгери өткөн заманда бир жандан ашкан Муңдуубай деген бай бар экен. Жерге батпас малы бар, бир балага зар экен.
Бай бир күнү тойго барат. Балалуу элди караса, баласын учкаштырыи келди. Баласы жок Муңдуубайды караса, ак айгыр минип, коколой башы бастырып келди. Балалуу элди караса, баласына атын карматып кирди. Баласы жок Муңдуубай болсо, ал балага берсе кармабайт, бул балага берсе кармабайт, ээринин кашын кагып туруп калды. Элдин баары тамакка киргенде бир чоң кыз эшикке чыгып: «Баласы жок Муңдуубай эшикте калды», — деп кайра үйгө кирип кетти. Байты сөздү уккандан кийин Муңдуубай айгырын башка бир салып кайра тартты.
Муңдуубай үйүнө:
— Кемпирим, сени жебесем! — деп ачуусу келип кирди.
— Эмне кылдым, какбаш? —- деди кемпири.
— Мени баласы жок деп бүгүн көнчүлүк жаман өлтүрдү.
Кемпири:
Кудайык берген баланы, какбаш,
Курдашың мен бакпай койдумбу?
Теңириң берген баланы, какбаш,
Теңтушуң мен бакпай койдумбу?
Алчалуу мазар олуя
Азыр берет деп уктум,
Төрт түлүк малдан төрт тогуз,
Алалы да Алчалуу мазар баралы,
-деди. Кемпирдин сөзүн Муңдуубай кабыл алды. Төрт түлүк малдан төрт тогуз алып, бир айчылык жолго жүрдү.Темирден чокой жыртылды, ыргайдан таяк түгөндү. Мазарга барып тобо тасым кылып жатып калды. Алып барган малды союуга киши таппай Муңдуубай: «Ээ, Кудай, пендем десең көзүмө бир караан көргөз», - деп чуркап жолго чыкты. Эки жагын караса бир топ кербен келе жатат.Баягынын алдын тосуп чуркап барды.
— Салам алейкум, кербен башы! — деп, салам берди.
— Алейки салам, жол болсун! — дешти.—
Андай болсун, кербендер. Силерди тосуп келгеним анча-мынча даамым бар эле, ошону бүгүн конуп ичип-жеп берүүңүздү сураймын, — деди.
Макул болот, — деп баары түшүп калды. Жегенин жешти, жебегенин айдап кетти. Батасын беришти, бакыт тилешти.
Таң агарып атканда, тараза жылдыз батканда, кыбыладан кызыл мунар жел болуп, эми дабыш берди дейт:
«Бир эмес үч кылдын, кыйын-кыйын күч кылдың. Мусапыр болуп бир келдим, кемпириң байкуш канетсин, сообу тийсин байкуш» - деп, бир аяк каймак бергенде: «Тентип жүргөн мусапырга аягымдын алдын, ашымдын ырыстуусун берет» - деп, колумдан жулуп алдьң. Экипчи ирет келүүмдө дубана болуп бир бардым. Кемпириң байкуш канетсин: «Дубанам, сопум»- деп, короодогу туу кара боз соолукту жетелеп киргенде, колуман сүйрөп чыгардың. Үчүнчү ирет зээрчи болуп бир бардым. Кемпириң байкуш канетсин: «Табакка этти салганда, астыма келип калганда, астымдан табакты тартып алгансың, как оройго салгаңсың. Карыш .жерим айрылып, какшап куурап калгамын», — деп байдын койнуна аяктагы ак алманы, байбиченин койнуна көнөктөй көп алма салып кеткенсиди. Бай энтиге тура калганда байбичеси: «Бай, сага белги болдубу?» - деп сурады. Бай: «Мага бир жышаан болду» — деди.
Кемпирдин боюна бүттү,
Келберсип жолуна түштү.
— Байбиче, сен үйгө бар, мен жылкыны көрүп келейин» - деп, бай жылкыга кетти. Ошондо курсактагы бала сүйлөдү:
«Айланайын энеке,
Тобулгуну кармай көр.
Тобулгу кармап түшөйүн.
Тобулгудай жаным бек болсун,
Айланайын энеке,
Ыргайды кармай көр.
Ыргай кармап түшөйүн,
Ыргайдай жаным бек болсун!» —
деп чирении-чиренип кеткенде, байбиченин белдемчисинин боосу быт-чытынан үзүлүп кетти дейт.
Байбиче сыртка чыкты дейт.
Тобулгуну кармады,
Топ этип бала түштү дейт.
Бала жерге түшкөндө,
Эки колдун башына
Кан чеңгелдеп түштү дейт.
Асты жагын караса,
Алты тутам көкүл бар.
Аркасына караса,
Аяктай кара калы бар, —
экен дейт. Үйүндө Куйту күң деген күңү бар эле. «Жанкишиге билдирбестен байдан сүйүнчүнү өзүм алам», -деп жөнөп кетти.
— Байым, сүйүнчү, түлкү ичигиң кийинчи! Түрпүлөнүп сүйүнчү! Балкы ичигиң кийинчи, бапалаңдап сүйүнчү, — деп чуркап байга барды.
Болсун, эмне экен? — деди.
— Сүйүнчүмдү бербесен айтпаймын.
— Бир тулуп дилде берейин.
Жок, албаймын.
— Анан эмне аласың?
— Менин башымды азат кылыңыз! — деди.
— Андай болсо башың азат, алтымыш кулач ала байтал энчиңе басканым, кырк кулач кара өгүз энчиңе басканым, мурду көзөлбөгөн жүз төө энчиңе басканым, - деди бай.
Куйту күң: «Аз гана айтпай, көп айтчы, байым»,- деп туруп алды. Ошондо Муңдуубай:
Он эки капка шаары бар, Куйтум,
Он бештеги жигит бар, Куйтум,
Өзүң билип, өзүң тий, Куйтум, -
дегенде Куйту сүйүнүп: «Байбичең алтын көкүлдүү бир эркек, күмүш көкүлдүү бир кыз тууду! — деп шаарга кирип кетти.
Муңдуубай сүйүнүп, үйүн көздөй чаап жетти. Аладан бээ союп, ашыркы элди жыйып, куладан бээ союп, кумдагы элди жыйып, тоодой эт кылып, көлдөй чык кылып элге берди. Той тарарда Муңдуубай баласын этегине салып барды да: «Атын коюп бергиле» - деди, Ак сакал көк сакалды карап, көк сакал кара сакалды карап, кара сакал боз баланы карап, боз бала жерди карап, эл балага ат коё албай койду. Баарысы минтип турганда эшиктен бир киши кирип:
«Ассалому алейкум, эмне кылып жатасыңар?» — деди. Ошондо үйдөгүлөрдөн бир киши: «Муңдуубай карыганда бир перзент көрдү эле, ошонун атын коё албай жатабыз», — деди.
Баягы киши: «Көкүлдүү бала турбайбы? Аты — Көкүл болсун!» - деп бата берип чыгып кетти. Ошону менен баланын аты Көкүл болуп эл тарады.
Муңдуубай эми: «Кудайга шүгүр», - деп жылкысына жөнөп кетти. Келсе, жылкысынын баары чөп жебейт. «Суу ичпей жылкынын бардыгы куураган турбайбы», - деп жылкысын сууга айдады эле, жылкысы сууга барбай кайра өзүн көздөй качты. «Бул эмне болду?» - деп сууга барса, сууда казандай өпкө агып келе жатат. «Бул жогорку элдин малы кара өпкө болуп жатат деди эле, кара санап өпкөсүн сууга салып жиберген экен го» - деп, укуругуна сайып, бери тартайын десе, өпкө экиге жарылып кетти! Түшө калып алайын десе, жети баштуу желмогуз экен. Муңдуубайды жерге көтөрүп уруп, төшүнө минип алып: «Айт Муңдуубай, малыңды алайынбы, сенин жаныңды алайынбы? — деп коркута баштады. Ошондо Муңдуубай:
Желинин көрсөң казандай,
Эмчегин көрсөң камчыдай.
Мүйүздөрү жылтылдак,
Туяктары шылкылдак.
Сан-сарала сан уюм,
Сан өзөн толгон көп уюм.
Көп уюмду берейин.
Өйдө тур, кемпир, өйдө тур, -
деп жалынды. Анда кемпир: «Сен өлгөндө анын баары меники эмей кимдики?» — деп желе берди. Муңдуубайдын оозунан зил кетти. Муңдуубай:
— Ак тикен көрсө аймаган,
Тилин тикен сайбаган.
Чөк дегенде бук деген,
Тизесин жерге бүктөгөн.
Кош аркан салып жүктөгөн,
Сан-сарала сан төөм,
Сары өзөн толгон көп төөм,
Ойсул-Ата малым бар.
Муну дагы берейин,
Коё бер, кемпир, колумду, —
деп жалынды.Кемпир: «Сен өлгөндөн кийин меники эмей ким­дики?» — деп желкилдетти. Муңдуубай:
— Кекире башын керт оттойт,
Кетмендей куйрук ал оттойт.
Татыраң башын тарт оттойт,
Табактай куйрук ал оттойт.
Сан-сарала сан коюм,
Сары өзөн толгон көп коюм,
Чолпон-Ата малым бар,
Муну дагы берейин.
Коё бер колум, коё бер! —
деп дагы жалынды. Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» — деп желип-желип алды эле, Муңдуубайдан ал кетти:
— Кокту жерлер келгенде,
Койкоңдошуп оттогон.
Жылга жерлер келгенде,
Жылтылдашып оттогон.
Бооруна борколдой чычкан ийин казган,
Шонуна карышкыр, түлкү жол салган,
Сан-сарала сан жылкым,
Сан өзөн толгон көп жылкым,
Муну дагы берейин,
Коё бер, кемпир, колумду, -
деп көзүнүн жашын көл кылып жалынды. Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?»— деп дагы желкилдетти. Муңдуубай:
«Чек дегенде мекирет,
Ташка чыгып секирет.
Сан-сарала сан эчким,
Сан өзөн толгон көп эчким,
Муну дагы берейин,
Коё бер, кемпир, колумду!» -
деп дагы жалынды. Кемпир: «Ал сен өлгөндө меники эмей кимдики?» — деп ого бетер желди. Муңдуубайдын айласы кетип:
«Таз карадай таранып,
Такымга чачы оролуп.
Сүлөөсүндөй керилип,
Сүйлөөгө сөздөн эригип.
Алачыктай ак байбичем бар,
Муну дагы берейин.
Коё бер, кемпир, колумду!» -
деп жалынды. Анда кемпир: «Сен өлгөндө кемпириң меники эмей кимдики?» — деп дагы желип, Муңдуубайды өлтүрмөй болду.
Акыры өлөрүнө көзү жеткенде Муңдуубай:
«Эми көз канамдын карасы,
Тиш канамдын сарысы.
Көзүмдү ачып көргөнүм,
Оозумду ачып өпкөнүм,
Эр Көкүлдөй ботом бар,
Муну дагы берейин.
Коё бер, кемпир, колумду!» -
деп жалынды. Ошондо жезкемпир: «Алда байкуш ай, мурун эле эмне айтпадың, эми качан бересиң?» — деп алкылдатты. Чал шашканынан: «Жети күндө берейин», — деди. Ошондо желмогуз кемпир: «Макул», - деп көздөн кайым болуп кетти.
Муңдуубай Болжомонун Боз дөбөгө чыгып, өйдө карап өкүрсө, күн айрылып кеткендей, ылдый карап өкүрсө, жер айрылып кеткендей болуп мурутун булкуп ыргытып, боздоп турду. Ошондо алачыктай ак байбиче муну кереметинен билип келип:
— Кагылайын байым, малдан кемсиңби же баштан кемсиңби? Не башыңа күн тууду? — деп сурады.
Муңдуубай:
— Мен куруюн, байбиче, тиш канамдын сарысы, оозумду ачып өпкөнүм, көзүмдү ачып көргөнүм, Көкүлдөй ботомду жети баш желмогуз кемпирге бермек болдум,— деп буркурап, боздоп ыйлады.
Анда байбиче:
— Сен ага эмне ыйлайсың? Жаман чал, жүр үйгө,— деп үйүнө алып барып, байтал бээнин бал кымызын баса чайкап, кунан бээнин курч кымызынан куя чайкап берди да: «Ай, бай, сенин Кедең дос деген досуңа бар. Болсо ошондон айла болот деди. Муңдуубай Тор айгырды минип аркыратып учкан бойдон Кедең досуна жөнөдү.
Ошондо Кедең дос ит агытып, куш салып, кырк жигитти бош чалып жүргөн кези экен. Кедең дос алыстан бир караан көрүп:
— Ой жигиттер, карга десем карга эмес, караанын көрүп турам. Тетиги келе жаткан Муңдуубай досум болбосун. Чапкыла! Эгер Муңдуубай досум болсо ак кийизге салып, бутун жерге тийгизбей, алтын тактын үстүнө алып келип койгула, — деди.
Кедең досу Муңдуубайды ал күнү аябай сыйлап конок кылды. Эртеси:
— Досум, айда келүүчү эмес элең, жылда келүүчүэмес элең, башыңа не күн түштү? — деп сурады. Муңдуубай досуна жүзүн буруп, эчтемени жашырбай болгон ишти айтып берди. Ошондо Кедең дос: “Сабыркыл. Сенин балаң Көкүлдү туулду дегенде жер атындагы үч алп жер үстүнө чыгып, жер үстүндөгү жети алп жер астына түшкөн. Ошол үчүн алп энеси желмогуз кемпирди: «Боорткол жүнү боорунда, чырымтал жүнү соорунда кезинде соолтуп кел», - деп жиберген. Сенин жылкыңда бир Кербээ бар эле. Ошол качып Алатоону ашып барып, Муздактөр деген жерде үстүнө мөңгү жамынып, астына таш төшөнүп жатат. Ошону барып жети кат ак кийизге туудур, кара уузун кер кулунуна эмиз, сары уузун Көкүлгө күлазык кыл.
Усталарды жыйдырып айырмач жасат. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн казык кактырып, Керкулунду алып келип байлап кой. Көкүлдүн башына төбөсү карыш кара бөрк кийгизип, Керкулунга мингизип, Боорукер кан дегенге качыралы», — деди.
Муңдуубай аттанып жонөп кетти. Баягы Кедең дос айткандай Муңдуубай Муздактөр деген жерге келсе, Кербээ жатып-туруп, кайкалактап калган экен, алдына кийиз төшөп туудурду. Кара уузун Керкулунга эмизип, сары уузун Көкүлгө күлазык кылып, Кербээни алдына салып айдап үйүнө келди. Алтындан акыр соктуруп, күмүштөн казык кактырып Керкулунду байлатты.
Кедең дос болоттон канжар кылдырып, алтынчы күнү келди. Керкулунга айырмач токуп, Көкүлдү мингизип, өзү Кербээни минип учуп кетти.
Экөө жүрүп отуруп, жүрүп отуруп эки жолдун айрылышына барганда Кербээ бээлик кылып жүрбөй турган болду. Ошондо Кедең дос:
— Алты чуркап койгондон,Кербээ,
Атаң өлүп калдыбы,Кербээ?
Жети чуркап койгондон, Кербээ,
Жети атаң өлүп калдыбы, Кербээ? –
деп, таш токмок менен бир, куу токмок менен бир урса:
- Айланайын, Кедең дос,
Кагылайын, Кедең дос,
Каңгыратпа башымды,
Даңгыратпа башымды.
Жаңы тууп, белимди бууй электе минип алдың, менин күчүмдү Керкулундан сурагын! — деп баспай койду. Кедең дос:
— Ай, Керкулун, жаныбар,
Мындан ары сен барсаң,
Кулан, бөкөн көп болот.
Кулан, бөкөн көрбөгөн бала
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң,
Кыз-келини көп болот,
Кыз көрбөгөн жаш бала
Таңыркап түшүп калбасын,
Таңыркатпай алып өт.
Андан ары сен барсаң,
Боорукер эле Карахан,
Кан ичме Карач деген бар,
Караханга алпарсаң,
Керкулун, Кудайдын жалгаганы.
Кан ичмейге алпарсаң,
Кудайдын каргаганы, —
деди да, Керкулунду учуруп коё берди. Өзү Кербээ менен үйдү көздөй тартты.Бир күндүк жерге барганда, Керкулунга тил кирип, Көкүлдү карай сүйлөдү:
«Төш олоңду бош тарткын,
Чап олоңду бек тарткын.
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы сала көр,
Такым этти бөлө көр,
Көкүлжан, тарак-тарак кыла көр!» —
деди. Ошондо Көкүл:
Төш олоңду бош тартты,
Чап олоңду бек тартты.
Камчы салбас кара сан,
Катыра камчы салды дейт.
Такым этти бөлдү дейт,
Тарак-тарак кылды дейт.
Булуттуу көктүн асты менен,
Муңдуу чөптүн үстү менен учуп жөнөдү.
Эми баягы желмогуз кемпир Муңдуубайга келип:— Баламды бер! — дейт. Муңдуубай эси чыгып:— Балаң качып кетти. Ишенбесең мынакей! — деп, Керкулундун изин көргөздү. Ошондо кемпир үстүңкү эрди менен көк шыпырып, астыңкы эрди менен жер шыпырып: «Сары изиңе чөп салып, саргая катып куубасам. Kуy изиңе чөп салып, кубара катып куубасам желмогуз атым өчсүн»,— деп кууп жөнөдү.
Желмогуз кемпир жүрүп отуруп, баланын жети күн жүргөн жерине күн шашкеде жетип келди. Баягы Керкулун уктабаптыр. Керкулун кырга чыкса, карга десе карга эмес, түлкү десе түлкү эмес, бир караан көрүндү. Ошондо Керкулунга тил кирип:
«Мен көргөндү көрдүнбү, Көкүл,
Мен билгенди билдинби, Көкүл?» :—
деди. Анда Көкүл:
— Түнөргөндүн көзүнө
Түн чалыңкы көрүнөт.
Карайгырдын көзүнө
Кан чалынкы көрүнөт,
Түк эчтеке көрүнбөйт!
— деп. Керкулун:
Жыбыр, жыбыр жер бийик,
Көкүл, Жер үстүндө мен бийик,Көкүл,
Тиги желмогуз кемпир көрүнөт, Көкүл,
—деди. Бала эси чыгып ыйлап жиберди. Кер кулун:
Куюшканың кыскартып, Көкүл,
Көмөлдүрүк бош тартып, Көкүл.
Катыра камчы салсанчы, Көкүл,
Коёндой этим бөлүнсүн, Көкүл.
Томуктай этим көрүнсүн, Көкүл,
Тайгандай бутум түзөлсүн, Көкүл,
— деди. Көкүл айтканын кылып учуп жөнөдү, желмогуз кемпир жете албай калды.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир жерге келгенде Көкүл түшүп, азыкты жеп, атын чалдырып отурса, Керкулунга тил кирип:
Жер-жер бийик, жер бийик, Көкүл,
Жер үстүндө мен бийик, Көкүл.
Кар шынгыдай көрүнөт, Көкүл,
Түптүү бир немедей көрүнөт, Көкүл.
Билгениң болсо айта тур, Көкүл,
Сени бир жерден кутказдым эле.
Эми кан ичме Карачка туш келдик, Көкүл, —
деди. Көкүл тескери карап ыйлап жиберди. Ошондо Керкулун: «Сен менин боорума ач кене болуп жабыш,мен боосу жок боз турумтай болуп, асмандап «чыр» деп алып учайын. Мени көрбөй калса, Боорукер Карахандын дал эшигинин алдына алып барып түшөйүн.Көрүп калса, төшкө таяк саларда, этиме тоёрдо саламайтып тура кал», — деди.
Керкулун боз турумтай болуп «чыр» этип учарда кан ичме Карач качырып калды. Төшкө таяк саларда, этине тоёрдо, Көкүл салам айтып тура калды. Караса, ушундай сонун бала: «Алыстан качып келаткан бала экен, каны качып келаткан бала экен. Үйгө алып барып бир нече күн коюп, канын толтуруп ичейин», — деп кан ичме Карач Көкүлдү алып үйүн көздөй жөнөдү.
Ошондо желмогуз кемпир: «Ийирдим да кийирдим, Карач. Качкынымды сага кийирдим, Карач. Качкынымды берип кет, Карач!» - деп жетип келди. Анда Карач: «Аңкылдаган желмогуз, сага кантип берейин»,— деди. Ошондо кемпир: «Оп», - деп келип жутту эле, Карач, Көкүл, Керкулун ичине кирип кетти. Too каранын төрт буту желмогуз кемпирдин бутуна илинип калды. Кан ичме Карач жанындагы болот канжарын алып кабыргадан жарып сыртка чыгып, кемпирдин беш башын айра чапты. Бир башы асманга чыкты, бир башы жерге түштү. Ошондо жерге түшкөнү: «Жети күндө жети миң кол алып, сени чаап албасам, Карач», — деп көздөн кайым болду.
Анда Карач: «Жети күн олтуруп, жети миң ок куюп, сени сага кылбасам» — деп, Көкүлдү бөктөрүп, Кер кулунду жетелеп намаз шамда үйүнө барды.Карач баягы боорукер Каракандын баласы эле. Баланы алып келгенин малчысы көрүп, ханга айтып барган экен. Хан кокуйлап: «Эмдигиче канын ичип койду го» - деп , таң сүргөндө Карачтын үйүнө келип:
Карач балам, үйдөбү?
Үйдө болсоң, үн бергин.
Үйдөн чыкпай бат бергин!
Керүүлөй чап, кенч алдың,
Кетменчисин кошо алдың,
Мындан олжо бербедиң.
Өөдөлөй чаап, олжо алдың,
Мында олжо бербедиң! — деди.
Карач тебетейи жок, топучан, чапаны жок, көйнөкчөн, кепичи жок, маасычан чыга калды.
Кечээ бир бала таап алды дейт. Ошону сурап келдим, — деди атасы.
— Мен да эл четине жоо келип калган окшойт дегеним. Эчак эле канын ичип алгамын, — деп үйүнө кирип кетти баласы.
— Тар коргондон өтпөсөм, кен коргонго жетпесем, оозуна таш бекитип салбасам, аскадан алыс учуп өлбөсөм жаман аты саа калабы, маа калабы? — деп, кайра тартты атасы.
— Айтса, айтпаса төгүнбү? — деп, Карач: — Балаңды ал! — деп, баланы түндүктөн ыргытты.
Боорукер хан баланы жерге түшүрбөй тосуп алды. Анан: «Ушунун жаман олпогу жеңиме жамаачы болобу?» - деп, Көкүлдүн ак олпогун ыргытты, Боорукер хан аны да тосуп алды. «Бир буту майрык Керкулун мага ат болобу?» - деп, аны да ыргытты. Аны дагы тосуп алып, хан үйүн көздөй жөнөп баратып:
Кемпирим эле, кемпирим,
Кудайың бербес баланы
Курдашың мен таап келатам.
Теңириң бербес баланы
Теңтушуң мен таап келатам,
—деп кыйкырып үйүнө келди. Тоодой эт, көлдөй чык кылып той берди. Элдин баары этти жеди. «Балага ат койгула» — деди эле, чогулуп отурган эл: «Алтын көкүлү жайнаган жаш бала экен, аты Көкүл болсун», - деп эски атын коюшту. Ошонун ортосунда алты күн өттү. Баягы Карач алты күн тынбай ок куйду. Ошондо атасы боорукер ханга: «Ата, менин колум тийбей жатат, баягы Акдөбөдөн кароол кара», - деди. Атасы Тоокарага минип алып кароолго чыгып барса эчтеме жолуккан жок. Дигер шамда же кумурска экени билинбейт, же адам экени билинбейт, жердин жүзүн каптап, бирдемелер келатат. Атасы үйүнө келгенде, Карач: «Ээ ата, эмне көрдүц?» - деди эле. «Эч эчтеме көргөнүм жок, балам. Дигер шамдын ортосунда же кумурска экени билинбейт, же эл экени билинбейт, жердин жүзүн бербей каптап келатат», - деди атасы.
«Ой ата, билбесең жанагы баланы жети баштуу желмогуз кемпирден ажыратып алгамын. Бир башы асманга учуп чыгып кеткен эле, бир башы: «Мен жерге кирбесем, жети күндө келбесем, сени чаап албасам, Карач» — деп, жерге кирип кеткен эле. Ата, жанагы баланды бер, эртен урушка барайын», — деди Карач.
Боорукер хан: «Оо, атаңдын көрү жаман арам, элиңди чогултуп урушка барбайсыңбы, менин балама асылбай», — деп баласын кагып койду.
Карач ак мылтыкка уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп: «Карач, Карач», — деп кыйкырып жоого тийди. Көрсө, желмогуз Экей, Текей, Бозбармак, Бозой алптары менен келиптир. Кылычтын мизи тийдиби, найзанын учу тийдиби. Карач араң качып кутулду. Карач атасына келип: «Жаныма караан болсун», — деп дагы Көкүлдү сурады. Боорукер хан ары карап ыйлап, бери карап күлүп Көкүлдү Карачка кошуп берди.
Карач ак мылтыкка кош уучтап дары куюп, сүмбөлөп окту уруп, Көкүлдү ээрчитип: «Карач, Карач!» - деп жоого тийди. Калың колду жапырып кирди.
Ошондо желмогуздун Бозкоён деген аты бар экен, анын тилин Керкулун билет экен. Керкулун Бозкоёндун тилин озунуп байлап коюп: «Карач, сен аттан түш да Тоокараны жыгып эчкиче бууп, артыма бөктөр. Көкүл экөөң учкаша мингиле да, катыра камчы салгыла. Аркар ашпас Алатоону аттап алып түшөйүн» — деди. Карач Керкулундун айтканынын бардыгын жасады. Керкулун асман менен алып учуп бара жатып туман салды. Сасык туман эч көрсөтпөй басып калды. «Мен Көкүлдү кармадым, мен Көкүлдү кармадым» - деп, бир- бири менен сайышып тумандын ичинде далайы кырылып, Бозбармак, Бозой, Экей, Текей, желмогуз бешөө эле калды. Ошондо Бозкоёндун тили бошонуп: «Бешөөң беш атыңды жыга сал, эчкиче туягын бууп сал да, салбыратып артып ал. Өзүңөр учкашып алгыла. Буларды кууп жетелик» - деди. Айтканын кылышты. Боз коён кууп жөнөдү.
Жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Бозкоён Керкулунга жетти. Керкулун акылы менен какыраган кара ташка түштү, Берки көйкөлгөн көк шиберге түштү.
Керкулун Көкүл менен Карачка кайрылып: «Эми мени агыткыла, Бозкоёнду мага Кудай берсе, тигилерди силерге бергени. Силер үйүңөрдү көрөсүнөр, мен үйүмдү көрөм. Эми мени агыткыла», — деди. Баягылар Керкулунду агытышты.
Ары башын каккылап, бери башын каккылап Бозкоён шиберден жеп:
— Акылы жок, менден мурун келип түшкөн жерин көр, — деп таба кылып жата берди.
— Ээ, Бозкоён, экөөбүзгө эмне жок? Силердин алптар алса, сени минип, мени жетелеп алат. Биздин алптар алса, мени минип, сени жетелеп алат. Чөбүбүздү оттоп, суубузду суулап бирге жүрө берели, — деди Керкулун.
— Ай, чөптү, сууну аяп жатамбы? Кел, бирге оттоп, бирге суулап туралы, — деди Бозкоён.
Уламдан-улам жакындап, кашынымыш болуп алдап туруп, Керкулун Бозкоёндун ооз омурткасын сый тиштеди. Маңдайын жара тээп, баса берди. Муну көрүп турган Карач: «Кана, бир-бирден билек түрүп, күч сынашалы», — деп чыга келди. Желмогуз: «Бозбармак, барчы», - деди. Бозбармак чыкты эле, Карач аны ары- бери жыгып башын кесип салды. Желмогуз Бозойду жиберди. Карач аны да жыгып, башын кести. «Дагы кел!» — деп, Карач кайта барды. Экей чыкты, Карач анын да башын кесип ыргытайын деп жатканда: «Ойногон Карач десем, оюлган Карач турбайбы» — деп, Текей менен желмогуз кемпир чуркап келди. Карачты экөөлөп жатканда, Көкүл келип, Текейди шыйрактан алып туруп башын ташка чапты. Карач экөөлөп желмогузду да өлтүрүп, үйлөрүнө жөнөштү. Ошондо боорукер хан: «Балдарым аман-эсен келер бекен?» — деп, жолду карап көзүнүн жашын көл кылып ыйлап турган экен. Көкүл: «Атам сага кейир бекен, же мага кейир бекен? Сен мурун барып атама учурашкын» - деп, Карачты алдыга жиберди.
Карач атасына келип салам айтты. Боорукер хан чочуп: «Ой, балам Карач, нары жагыңды караймын,бери жагынды караймын. Менин Көкүл балам канакей?» — деди. Карач: «Кечээ алптар менен алышып,күчтүү менен күрөшүп жүргөндө, Көкүл уулуңа ок жаңылып калыптыр», — деп жооп берди. Карахан ишенбей сыртка чыгып караса, Көкүл топ жылкыны айдап келе жатат. Боорукер хан калың элди жыйып, жамбы аттырып, улак тарттырып чоң той берди. Эл Көкүлдүн эрдигине ыраазы болуп: «Балаңдын өмүрү узун болсун!» - деп, жабыла бата берип, ошону менен тынч жатып калды. Бала күндөн-күнгө чоңойду. Бир күнү Көкүл Карачтын аялына барып:
— Эр эригип бук болдум, жене,
Эр кумарын ким жазат, жене?
Ат семирип лык болду, жене,
Ат кумарын ким жазат, жене? — деди.
Анда жеңеси:
— Эр эригип бук болсо, уул,
Эр кумарын куш жазат, уул.
Ат семирип лык болсо, уул,
Ат кумарын туз жазат, уул, —
деп Көкүлдүн атына туз берди. «Өзүн бир куш кармап кел, ошону мен таптап берем. Эриккениң жазылар», -деди. Көкүл куш кармап келди эле, жеңеси Күлайым мүнүшкөр киши экен. Кушун бир күндүн ичинде таптап берди. Аңга чыгып, Көкүл кушун салса, күнүгө бирден гана алат, ашык албайт.
Он беш күндөн кийин Көкүл: «Күнүгө бирден аласың», - деп шыйрагынан кармап ташка бир чаптыэле, куш өлүп калды. Күндөрдөн күн өттү, айдан айө ттү. Бала чоңоюп калды. Бир күнү Көкүл жеңесине дагы эриккендиги жөнүйдө айтты эле, анда жеңеси:«Ушундан жүрүп отурсан, жүрүп отурсаң бети тик бийик аска бар. Ошол жалама зооканын башында Агыйын деген бүркүт бар. Эки гана балапаны бар. Бирөөсү сындуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман, ошол жаманын алып кел, таптап берейин», — деди.
Көкүл Керкулунга болоттон така кактырып, өзүнө болоттон тайтуяк кылдырып, Керкулунга минип баягы зооканын жанына келди. Көкүл кулжанын буту токтобос, Кудай урган как тоскок. Текенин буту токтобос, Теңир урган көк тоскок зоонун башына чыкса, баягы жеңеси айткандай, бүркүттүн эки балапаны жатат. Бирөөсү эң сулуу, сыпаттуу, бирөөсү эң жаман. Жакщысын алайын деп жеңесинен коркуп, жаманын алып үйүнө келди. Келсе, жеңеси кебезден уя жасап отурган экен. Бүркүттүн балапанын көрүп: «Жумуртка чагында сары суу басып калган турбайбы, үйдөй болгон уюткан коргошундун үстүнө алып койгула», — деди.
Карач коёмун деп коё албады. Көкүл жалгыз колу менен алып койду. Карач арданып катынынын бетин айра тепти. Көкүл же женесине болуша албай, же агасына болуша албай, эшикти тарс коюп, эшикке чыгып кетти. Жеңеси: «Эрдүү катын таяк жейт, койлуу катын куйрук жейт, токто, уул!» — деп чуркап чыкты.
Женеси Көкүлдүн жанына барды да:
— Үч күндөн кийин кел, бүркүттү таптап коёюн,— деди.
Жеңеси айткан күнү Көкүл бир атка кымыз жүктөп алып келди. Баягы бүркүт сонун болуп калган экен. Карач менен жайылмакка чыкты. Карач өз бүркүтүн алды. Көкүл Агыйынын алды. Экөө жайылтып жүрдү. Көкүлдүн бүркүтү көзүнө эмне көрүнсө, ошону алды, Карачтын бүркүтү эч нерсе алган жок, кечинде үйдү көздөй кайтып келе жатып Карач: «Көкүл, сенден бир нерсе сурайын», — деди. Көкүл:
— Үстүмдөгү кишмиш тон,
Сурасаң чечип берейин.
Колумдагы Агыйын,
Сурасаң муну берейин.
Астымдагы Керкулун,
Сурасан түшүп берейин, — деди.
Анда Карач: «Астындагы Керкулун, аны сурап, сени кантип жөө коёюн. Үстүңдөгү кишмиш тон, аны суpaп, сени жылаңач кантип коёюн? Алдагы колуңдагы Агыйын бүркүттү сурайын», — деди. Көкүл кыя албастан кыңнырылып туруп берди. Эки бүркүттү Карач эки колуна кондуруп, Көкүл анын атынын тизгинин мойнуна түрүп жетелеп алды. Үйгө барганда эшикке чыгып: «Эки колуң байлоодо, эки көзүң жайлоодо, төрөм, эри өлгөн катындай эмне болду? — деп сурады.
Карач: «Көкүл, сурасам эле берди», — деди.
Бир күнү Керкулун: «Жүрү, атам Бозайгыр, эңем Кербээ көзүн кан басып, жылкыга жетпей калыптыр. Сенин атаң Муңдуубай, энең Ак байбиче жүктүн алдынан турбай калыптыр», — деди.
Көкүл боорукер ханга келип:
— Мага уруксат кылыңыз. Менин да ата-энем бар эле, эмне болгонун бир билип келейин, — деди.
— Уруксат, балам, мени эсиңден чыгарбай, бир кайрылып келип кет, — деди боорукер хан.
Көкүл жүрүп отурса, жүрүп отурса, бир тоо турат, жөн турбай жылып турат. «Оо, бияктын тоосу жылып турат экен ээ», - деп жанына барса, Көк дөө экен. Аны менен бир нече күн, бир нече түн кармашып, көтөрүп чаап өлтүрдү да, ошону менен Көкүл дагы жөнөдү.
Жүрүп отуруп, Көкүл Ак дөөгө жолугат. Аны менен да үч күн, үч түн кармашып, акыры Көкүл жеңет.
Көкүл дагы жүрүп отуруп, жүрүп отуруп Кызыл дөөгө туш келет. Муну менен Көкүл он беш күн, он беш түн күрөшөт. Керкулун он беш күн, он беш түн чөп жебей, суу ичпей карап турат. Алышып алга толо элек, күрөшүп күчкө толо элек Көкүлдүн каруусу кетип, шалдырап калганда Керкулун биле коюп, Кызыл дөөнүн омурткасын бириктире тиштеп койду эле, Көкүл көтөрүп чапты. Кызыл дөөнүн денесинин жармысы жерге киргенде ал: «Ой, Көкүл, менин батегимдин астында, байпагымдын башында жети бүктөм ак болот бар, ошону алып, типтик көтөрүп бек шилтесен, ошондо башым аласың, антпесең башымды кесе албайсың» ,— деди. Көкүл баягы жети бүктөм ак болотту алып, шилтээрде Керкулун:
— Болотту чаппай кармап турсаң, дөөнүн башы өзү түшүп калат, — деп токтотуп коёт. Көкүл: «Болотту чапса эмне болот эле» - десе: «Анда өз башыңды кошо ала кетип, акыр кыямат болмок», — дейт Керкулун. Көкүл болотту дөөгө жакындатканда Кызыл дөөнүн башын алып түшөт. Көк дөөнүн башы:
— Жүрөгүндү жүрөгүмө бас, — дейт. Көкүл: «Кой, бул мени дагы өлтүргөн турат окшойт», — деп дөөнүн жүрөгүн Ит ичпестин ала көлүнө салып жиберсе, көл соолуп калды. Дөөнүн башы:
— Ичегимди алып белиңе курчан, балбан болоруна жакшы, — дейт.
Көкүл дөөнүн ичегисин алып курчанайын деп жатса, Керкулун:
— Ичегиси менен курусун, үйдөй кара ташка ыргыт, — деди. Көкүл Кызыл дөөнүн ичегисин ыргытты эле, кара таш как жарылып, таруудай быркырап кетти.
Көкүл атын токуп минип алып, дагы жолго чыкты. Күндөн күн өтөт, айдан ай өтөт. Бир жерден кетип бара жатса, бир айыл турат. Көкүл: «Бул кимдин айылы болду экен?» - деп барса, баягы атасы Муңдуубайдын айылы. Муңдуубай Көкүлдү таанып.:
«Башымдагы куу булут кеттиби?» — деп, баласын басып жыгылат. Кемпир, чал, карындашы Көкүл менен көрүшүп, коргошун болуп эрип кетерде кырчоосун үзүп Керкулун үйгө кирип, тиштеп туруп бир чака сууну ортосуна куюп жиберди. Төртөө төрт башка болуп үшкүрүп отуруп калышты. Ошентип, Көкүл эне-атасын таап, эли-журту менен жыргап-куунап жатып калышкан экен.