Илгери бир Апенди казан сатып алайын
деп базарга барган экен. Казанды алып келе жатса жамгыр жаап, жол тайгак болуптур.
Апенди асманды карап: «А Кудай, ушул белден аман-эсен чыксам, кудайы кылып ушул
казан менен бир атала кылып берейин», - деп жалынат.
Жонго
чыккандан кийин: «Эми мындан быягы ылдый эмеспи кудайы кылуунун эмне кереги
бар», - деп кетип баратса тайгаланып жыгылып кетип, казаны сынып калат, анда
Апенди ордунан турбастан: «А Кудай, мен тамаша кылсам, сиз чыны менен эле жыгып
казанымды сындырдыңызбы? Мындай тамашаны билбесең, кудай болуп эмне кыласың?» -
деп кете берген экен.
Апенди эшенди алдаганы
Апенди
үйүнүн жанында отуруп алып: «А Кудай, жүз дилде бер. Эгер андан бир дилде ашык болсо да
албайм, кем болсо да албайм», - деп айта берчү экен. Аны кошунасы болгон эшен угуп
эле жүрөт. Бир күнү эшен «чын айтабы же жалган айтабы» деп Апендини сынамакчы болот да токсон
тогуз дилдени баштыкка салып үйүнүн үстүнөн таштап жиберет. Апенди аны, алып санаса,
токсон тогуз. «Мына бу баштыгы менен туура жүз экен», - деп катып алды.
Эшен жүгүрүп келип: «Бул дилдени Кудай
эмес, мен эле сени сынап таш тагам. Сен токсон тогуз дилдени албайм дечү эмес белең» - десе: «Жок муну мага Кудай
тилегиме тууралап туруп баштык менен туптуура жүз кылып бериптир. Ишенбесең кудайдан
сура», - деп Апенди эшенге бербей койгон экен.
Апендинин түшү
Апенди
корозун базарда соодалап жүрүптүр. Бир
киши тогуз сом берсе: «Жок, он сом бергин», - дейт. Ошентип соодалашып жатып ойгонуп
кетет. Ойгонсо короз да, сом да жок. Кайта көзүн жуумп колун сунуп: «Мейли, тогуз
сом болсо деле бергин» - деген экен.
Апенди
менен кан
Апенди
бир күнү кан жана кандын уулу менен бир жакка жөнөдү. Жолдо кан ысып кеттим деп
Апендиге кийимин көтөртүп койду. Атасын туурап баласы да кийимин Апендиге
берди. Ошондо кандын уулу атасына карап: «Ата, Апенди бир эшектин жүгүндөй жүк
которүп келе жатат», - деди шылдыңдап. Анда Апенди: «Балам, мен бир эшектин жүгү
эмес, эки эшектин жүгүн көтөрүп келе жатамын», - дептир.
Апенди жигиттер менен
Бир
күнү жигиттер Апендини алдайлы деп чогулуп келип: «Апенди, бүгүн алдагы жалгыз
козуңду сой, эртең кыямат кайым болот экен», - дешти. Апенди: «Айтканыңар
жакшы, балдар, каякка алпарып соёюн», - деди эле: «Быякка» - деп, бирөө көлдүн
жээгине ээрчитип барды. Балдар козуну союп, Апендини: «Бышырып тур» - деп
кийимдерин чечишип, өздөрү сууга түшүүгө кетишти. Апенди алардын кийимин бүт
отко жагып, этти бышырып койду. Балдар келип, киели дешсе кийимдери жок. «Апенди, кийимдерибиз кана?» - деп
сурашты. Анда Апенди: «Кийимди эмне кыласыңар? Эртең кыямат кайым болгуча бул этти
жегиле, эт бышпай калганынан кийимди отко жактым, анын эмне кереги бар! Эртең кыямат
болот, кийимге кайгырбагыла», - деди.
Апенди алтын тапканда
Апенди
бир күнү кош айдап жатып чоң бүлөөдөй болгон алтын таап алды. Шашылып үйүнө
келип, бирдемени чапанына ороп таштап коюп, өгүзүнө чөп салды. Аялы алтын
экенин таанып, алып туруп ордуна ошондой кайрак таш салып койду. Апенди байкабай эле кандын алдына чуркап барды да:
«Чогулуп келгиле, мунун эмне экенин билели», - деп кыйкырды. Кан вазирлери менен
чогулуп келсе, чапандан тултуйган кайрак таш чыкты, Апенди: «Ии, мына ушуну
айтам» - деди. «Мунун эмнесин айтасың, бул таш », - деди кан . « Жок, таксыр биздин
айылдын жартысы 4 кадак, жартысы 5 кадак дейт, кимисиники туура, таксыр?» - деди
Апенди. Кан Апендинин бирдеме тапканын билип: «Муну жалгыз камап койгула, акырын
тыңшап, шыкаалап тургула», - деди вазирлерине карап. Апенди жалгыз үйдө камалып
туруп: «Ой тобоо... узуну, туурасы, чоңдугу куду эле ушундай эмес беле» - деп, колу менен көлөмүн
ченеп, кыймылдап кобурай берди. Тыңшоочулар канга Апендинин таң калып жатканын айтышты. «Бирок эмне
буюм экенин айтпайт», - дешти. «Эшикке алып чыгып башына улпакты сууга чылап илип
койгула, анан айтат», - деди кан. Апенди улпак салынган жембаштыкты алып таштайын
десе, колу байлануу.
«Бери кел» - деп, канды ымдап чакырды. «Эми мага шыбырап айтат экен», - деп кан
кулагын тоссо, жаман сөз менен шыбырап тилдеп туруп: «Колумду чечип кой», - деген
экен Апенди.
Апенди
жана ач көз кожо
Илгери, илгери бир заманда бир Апенди
менен ач көз кожо болгон экен. Күндөрдүн бир күнүндө Апенди кожого келип: «Казаныңды
берип тур, оокат бышырып ичейин», - дейт.Оокат бышырып, эртеси Апенди кожонун казанына
дагы бир кичине казан кошуп
кожого келип: «Ой тобоо, кожом, куданын кудурети менен казаныңыз төрөдү.
Ишенбесеңиз мына», - деп эки казанды тең кожого берет. Ач көз кожо Апендинин эки
казан бергенине ичинен тынып, сүйүнүп альш калды.
Күндөн
күн өтүп дагы бир күнү Апенди кожого келип: «Ой кожом, казаныңызды дагы берип
туруңуз» - деп сурап алып үйүнө барганда казанды сындырып таштайт. Эртеси
кожого келип: «Ой кожо, казаныңыз төрөй албай, өлүп калды», - дейт. Анда кожо: «Эмне себептен казан төрөй
албай өлүп калды? Кандай болсо да таап
бересиң. Таппасаң казыга чакыртам», - деп ачууланып кетет. Казы жигиттерин жиберип,
Апендини чакыртат. Казы: «Кожо, кана, эмне арызың бар?» - дейт. Кожо: «Ох!» -
деп жөтөлүп, чөктүшүп отура калып: «Таксыр, иштин баш талышы мындай. Бир күнү Апенди
келди да, казанымды сурап алып кетти. Эртеси казаның сынып калды деп, казаным
ды бербеди» - дейт.
Анда казы: «Ай Апенди, сен айт», -
деди. Анда Апенди мындай деди: «Кожонун казанын алдым да, эртеси казаны төрөдү эле,
алып бардым. Кош. Андан дагы бир күнү казанды дагы алып келдим эле, казан төрөй
албастан өлдү», - деди.Анда казы : «Ай кожо, казандын тууганы ырас беле?» - деди.
«Ооба, казанымдын тууганы ырас», -
деди кожо. Казы: «Аа, анда казаның тууганы ырас болсо, өлгөнү да ырас», - деп Апендинин
сөзүн сөз кылып коёт.
Ошентип,
Апенди кожону жеңген экен.
Апендинин аңгемеси
Бир
күнү Апенди жолдо келе жатып күзгү таап алат. Ал күзгү менен өзүн караса,
сакал-муруттары өскөн, чачы алынбаган бир кишини көрөт да: Бул өзү киши эмес
эле, маймыл бейм, - деп күзгүнү ыргытып жиберген экен.
* * *
Апендинин зайыбы төрөмөк болуп
толгото баштады. Бирок толгоосу узарып эки күнү төрөй албай жатты . Апенди бакты
аралап, үч-төрт чымчыкты кармап келди да, зайыбынын алдына таштап койду.
- Ай, Апенди, бул эмнең? - деп зайыбы
сурады.
-
Балдар чымчыкты жакшы көрөт. Булардын чыйылдаган үнүн укканда ичиңдеги балаң
ойнойм деп жүгүрүп чыксын, - деди Апенди.
* *
*
Апенди
эшегин жоготуп, аны издеп келатып, жолдо бир кишиге жолукту:
-
Эшек жоготтум, көрдүңбү?
- Көрдүм,
эшегиң палан шаарда бий болуп, азыр өкүм чыгарып отурат, - деп жолуккан киши
жооп берди.
-
Сен туура айтасың, тууган, - деди Апенди, - ал акыры ошондой чоң бий болот деп өзүм
да үмүт кылып жүргөм, себеби мен бийлик иштерин жүргүзүү жөнүндө сабак
бергенимде, кулагын шалпайтып, өтө кунт коюп уккан эшек болучу.
* *
*
Апенди
үстүнө жаман чапан, бутуна чокой кийип, бай өткөрүп жаткан тойго барыптыр. Тойдун
ээси жасалгалуу үйлөргө жалаң бай, молдо, сопу, соодагерлерди кийирип, кийими
жамандарды эски тамга үстү- үстүнө камап жаткан экен. Апендини да бай ошол эски
тамдагы опур-топурга кошот. Табакка чүйгүндөп үйүлгөн даамдуу тамактын баары
жасалгалуу жакшы үйдө отурган байларга тартылып, ал эми жарды кишилерге келген
табактан Апендиге жарытылуу эч нерсе жетпей калат.
Эртеси
Апенди үстүнө чапан, бутуна жылтыраган маасы кийип, башына селде оронуп, ошол
эле тойго дагы келет, байдын жигиттери гана эмес, өзү да муну абдан урматтап
тосуп, жакшы үйдүн төр жагына отургузуп, нечен түркүн даам менен бирге табакка
толгон палоону алдына коюшат.
Апенди
үстүндөгү чапанды чечип, анын этегин палоого тыгып: - Жегин, кадырлуу мейман,
же палоону! - дейт.
- Ай, кутурган Апенди, сага эмне болду?
Киши жечү палоону кийип турган чапаныңа бергениң кандай? - деп бай ачууланат.
-
Анын себеби мындай, кечээ күнү мен жаман чапан жана эски чокой кийип келип, эч
нерсе жебей калгам . Бүгүн жаңы чапан, жалтырак маасы кийип келсем, алдымда дүйүм
тамактын баары толуп калды. Демек, бул тойдун ээси өзүмдү эмес, мен кийген
кийимди сыйлайт экен.
* *
*
Бир
күнү кан кийикке чыкканда Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
-
Оо, Апенди, бүгүн биз менен бирге кийикке жүргүн, - деп Апендини ээрчитип алды.
Бирок аны эң- эле кашаң жана арык атка мингизип коюшту. Узак убакка кийик
уулап, кечке жуук үйдү карай кайткан кезде жаан шатыратып төгүп жиберди.
Беркилердин баарынын аты тың жана жакшы аттар болгондуктан, чапкан бойдон
шаарга кирип кетишти. Апенди атын камчыласа эшейип баспай койду. Эч болбосо
шаарга кургак барайын деди да, үстүндөгү кийимдерди бүт чечип, астына салынып
алды. Акыры шаарга .жеткенде аларды кайра кийип, кандыкына келди. Кан Апендинин
кийими бүт кургак экенин көрүп аябай таң калып:
-
Оо, Апенди, биз аттын оозун коё берип туруп, үйгө жеткенче жаанга абдан суу
болдук, а сенин кийимиң купкургак, бул кандай? - деди.
- Каным, мен минген ат анык шумдук
экен. Силерден азыраак кала түшүп, анан шаарды карай сызган бойдон жөнөгөндө, мен
муну шамалдан мурда баратабы деп ойлодум. Шаарга тез эле жетип, жаан басылгандан
кийин мында келдим, - деди.Кан аң-таң болуп, Апенди минген атты жакшылап
бактырып койду.
Бир
күнү кан кийикке дагы чыгып, Апендиге бөлөк атты мингизип, дал ошол кашаң атты өзү
минди. Булар кайра кайткан кезде асманды булут каптап, жаан нөшөрлөтүп куюп
жиберди.
Апенди миңген атына камчы басып, шаарга
кирип кетти. Ал эми кан канчалык аракет кылса да, минген аты ордунан жылбай, жолдошторунан
капкайда артта калды. «Бул ат качан учат?» - деп ойлоп көпкө күттү. Бирок аты
илкигенден илкип отуруп, канды щөмтүрөтө суу кылды. Кан шаарга араң жетип үйүнө
келсе, Апенди купкургак гана жыргап отурат.
Кандын кыжыры кайнап:
-
Сен мени неге алдадың? Мындан кийин бул адатыңды коюп жүргүн. Мен сага ишенем
деп кийимим бүт суу болуп, өзүм да үшүп бүттүм, - деди.
Анда Апенди: - Сен эмнеге ачууланасын? Үстүңдөгү
кийимиңди чечип астыңа салып, жаан басылгандан кийин кайра кийгенди билген жоксуңбу?
- деди.
* *
*
Бир
күнү Апенди жалгыз казын союп, казанга салып бышырды да, канга берейин деп аны
колтугуна кысып, жолго түштү. Баратканда курсагы ачып, каздын бир санын жеп
койду.Апенди алып келген казды көрүп кан:
- Ой, Апенди, бул каздын бир саны
кана? - деп сурады.
-
Оо, каным , быйылкы жылы канча каз болсо, ошонун баарынын бирден гана буту бар,
ишенбесең өз корооңдогу каздарды кара, - деди Апенди.
Кандын
короосунда жоон топ каз бар эле, жаандан кийин алардын баары бир бутун көтөрүп
турган экен. Кан өз жигитине:
- Мына бул каздарды таяк менен ургулап
куугун,- деди. Жигит барып, таяк менен урганда, каздар кош аяктап кача баштады.
-
Сен калп айтыпсың, Апенди... Тигилер эки буттуу турбайбы, - деди кан качып
бараткан каздарды көрсөтүп.
-
Эгер ушул таяк менен ургуласа, сен эки эмес, төрт аяктап секирер элен, - деп
Апенди канды сөзгө жыкты.
* *
*
Апендинин
короосундагы жемиш бактарынын ичинде эрте быша турган шабдаалысы бар экен. Күндөрдүн
биринде Апенди андан сапсары болуп бышып калган үч шабдаалыны көрдү. Үчөөнү тең
үзүп жайпак табакка салып, кандын үйүн карай жөнөдү. Жайпак табакта шабдаалылар
ары-бери томолонуп, бирине-бири тие баштаганда Апенди:
-
Тентек кылбагыла, жемиштер, болбосо силерди оозума салып жеп коюп, жаштайыңарда
соолтом, - деди.
Үч
шабдаалы аны укпастан дагы эле кагылыша берди.
-
Булар бирге турса, тентектигин койбойт экен, - деп Апенди шабдаалынын экөөн жеп
алып, бирин канга алып келди.
Кан
шабдаалыны жегенден кийин Апендиге чоң ыракмат айтты.
Канга
бериш үчүн Апенди дагы бир күнү жаңгак алып бара жатты. Жолдон бир киши
жолугуп:
-
Кайда жөнөдүңүз, Апенди? - деп сурады.
-
Канга жаңгак алып баратам.
-
Жок, сиз жаңгакты коюңуз, андан көрө кандын абдан жакшы көргөн тамагы - мейизди
алып барыңыз, - деди ал киши .Апенди анын тили менен жаңгакты таштап, канга
мейиз алып барды.
Бирок
кан мейизди эң жаман көрчү экен.
- Мындан
кийин Апенди мейиз көтөрүп келгенин койсун. Аны ошол өз мейизи менен аябай
ургула, - деп кан жигиттерине буйрук берди.
Жигиттери
ура баштаганда, Апенди өзүнө мейиз тийген сайын:
-
Каным, мунуңузга чоң ыракмат! - деп улам ыраазы болуп турду.
-
Эй, Апенди, сени бул жерде сабап жатышса, сен ага кайгырмак түгүл, кайра
ыракмат айтканың кандай? - деди ошол жердеги кишилердин бири.
Анда
Апенди:
-
Ээ, тууган, ар ким өз айыбын өзү билет... Булар мени жаң гак менен сабай турган
жөнү бар эле, бирок минтип кудай колдоп, жупжумшак мейиз менен сабап
жатышпайбы... Мен ошон үчүн ыракмат айтып жатам.
-
Эмне дейсиң? - деп сурай калды кан.
- Мен мында жаңгак алып келе жаткам.
Жолдо бир киши жолугуп: «Жаңгакты коюп, мейиз алып бар», - деди. Эгер мында мен
жаңгакты көтөрүп келсем, башыма катуу тиймек экен... Мейизди ушунчалык жумшак жаратканы
үчүн. кудайга миң ыракмат, - деп Апенди чыгып кетти.