АПЕНДИ

Өткөн бир кылымда акылман -айлакерлиги, кээде маңыроолугу менен адамды таң калтырган бир Апенди болгон экен. Апендинин бир ую, төрт кою бар экен.
Күндөрдүн биринде Апенди бактын түбүндө бир коюн союп отурса, алпкаракуш айланып келип, коюн илип кетет.
Эртеси кекенип: «Ооба, саган алдырармын! Эми алып көрчү», - деп, дагы бир коюн соёт. Алпкаракуш дагы айланып келип илерде койдун шыйрагын кармап тартат. Алы күчтүү куш коёбу, көтөрүп алып асманга чыгат. Бир убакта алпкаракуш аска-зоокадагы бир тектирчеге конуп, кой менен Апендини эки балапанына таштап коёт.Апенди тура калып , күтүлбөгөн жерден: «Ой алпкаракуш , менин эки коюмдун акысын бер», - деп түртүп жиберет. Алпкаракуш чочуган бойдон бир чоң ташты мыкчый калса ал омкорулуп кетет. Өзү уча качат. Караса каухар таш. Апенди бул коюмдун акысы экен деп койнуна катып, аскадан сыйгаланып түшөт. Коктуга келип түшүп, кечке жатып, кечинде эс алып шаарга барса, ар кайсы жерде эт сатып жаткан адамдар. Апенди: «Кой, мен жанагы жилбик уюмду союп сатайын», - деп ойлоп, уюн союп, эшекке жүктөп, этин базарга алпарат. Базарда этти эч бир адам сурабайт. Кечке жуук этти кайра артып келе жатса, Апендини он чакты ит ээрчип алды: «Капырай, иттер этти алып жүрбөсүн?» - деген ой менен: «Эт аласыңарбы ?» - деп сураса, иттерден бир көк дөбөт алам дегендей ишарат кылат. «Канчага?» - десе, ит куйругун 40 жолу ирмей койду. «Ээ болду, кырк дилде оңойбу», - деп, сооданы бүтүм кылып, этти түшүрүп берип, үйүнө келди да: «Кемпир, этти итке саттым», - деп кубанып, ийги сөз айткансып күлүп койду. «Иттин дагы дилдеси болмок беле?» - деп, катыны бир топ ызаланып урушууга чейин барат.Үч күн өткөндөн кийин Апенди иттен акча алыш үчүн таягын алып кепил дөбөттү издеп жөнөйт. Издеп отуруп барса, бир тамдын көлөкөсүндө дардайып жаткан көк дөбөттү көрөт да, аны таягы менен бир чабат. Уйкуда жаткан ит чочуп кетип каңшылаган бойдон качып жөнөйт. Апенди кууп жүрүп куйруктан кармап алып: «Акчаны бер» - деп, таяк менен беш -алты чаап жиберет. Ит чуркап келип бир жерди тырмалайт. Ошол жерде иттин бир сандык казынасы бар экен. Итти коё берип, сандыктагы дилдеден кырк дилдени санап алып, үйүнө келет да: «Эй катын, иттин казынасы бар экен. Санап туруп кырк дилде алып келдим» - деп сөз салат. Анда аялы ишенген жок. «Эмесе, иттин казынасын көргөзгүн», - деди. Казынаны барып көргөздү эле, катыны: «Бул дилдени мен алам», - деп чатак салды. «Жок, иттин казынасына тийбе, эгер алсаң мен канга барамын», - дейт Апенди. Аялы болбой дилдени алып кетет. Апенди үйүнө келери менен чечинип коломтонун жанында отко кактанып отурат. Аялы казанга сууну кайнатып, билгизбей түндүктөн жамгыр кылып чачып жиберет. Анда Апенди: «Катын, катын!.. Ысык жамгыр жаады, түндүктү тарт!» - деп кыйкыра баштайт.
Ошону менен Апенди канга барат: «Каным, менин аялым иттин казынасын үйүнө алып келип койду, муну текшерип бериңиз деп сизге келдим» , - деди.
«Эмесе, катынды алып келгиле», - деп, кан жигиттерин жиберет. Аялга келсе: «Барбаймын, деги кайсы күнү, кайсы убакта алган экемин, ошону Апендиден сурап көргүлө», - деп жигиттерди кайра кайтарып жиберди.
Жиберген жигиттер аялдын сөзүн айтып барышты эле, кан Апендини чакыртып: «Деги кайсы күнү, кайсы убакта алды эле?» - деп сурады. Анда Апенди: «Каным, баягы ысык жамгыр жааган күнү алып келген болучу», - деди. Кан: «Оо кокуй десе, ысык жамгыр жаамак беле?» - деп Апендини үйүнө кууп жибериптир. Ошону менен Апендинин сөзү калп болуп, аялы дилдени ээлеп калган экен.