Илгери
жоокерчилик бир чабуулда Токтогулдун баласы колго түшүп кетет. Күндөрдүн биринде
бала талаада отун терип жүрүп бир аттын куураган башын таап алат да, аны кучактап
алып: «Тулпар туруп кор болуп талаада жатчу сен белең, сынчы туруп кор болуп, куурай
терчү мен белем?» - деп, ыйлап отурганын бир киши көрүп, укканын канга айтып
барат экен. Кан: «Ошо баланы чакырып кел», - деп
дароо эки жигитин чаптырат. Бала келгенде кан: «Тулпар тааныйсыңбы?» - деп сурады
эле, бала: «Башын тааныган, өзүн тааныбайт дейсиңби?» - деди. Кан: «Мага тулпар
таап бер» - дегенде, бала: «Жигит кошуп бер, таап берейин», - деп макул болду.
Кан баланы
аттап-тондоп, жанына эки жигит кошуп берип жөнөтөт. Бала издеген тулпарын кандын
шаарынан таппай, Сарарканын жайлоосун көздөй жол тартат. Жүрүп отуруп бир агын сууга
кез келишти эле, бала сууда агып келе жаткан аттын тезегин эңип алып: «Ушул тулпардын
тезеги, суунун башында тулпар бар экен», - деп, суу бойлой жөнөп калды. Жигиттер:
«Кантип билдиң?» - деди эле: «Ушунча ташка тийип, сууга агып келе жатып жарылбаптыр,
ушуну да билбеген киши болобу?» - деди. Суунун башына барышса, бир топ кербендер
өргүп жатышыптыр. Кошундун жанында аркасын чом кескен бир чоң жоор ат оттоп
туруптур.
Бала
аны көрө сала сүйүнүп: «Ушул атты сатып алгыла, анык тулпар экен», - деди. «Ушу
кантип тулпар болсун, албайбыз», - деп, кандын жигиттери болбоду эле, бала: «Тапкан
тулпарымды алган жок деп албасаңар канга айтам», - дегенде кандан коркконунан жигиттер
атты сатып алып, канга жетелеп келип берди. Анда кан: «Тулпарды таапсың, муну эми
ким таптайт?» - деди. Бала: «Тулпарды тапкан киши таптайт», - деп, өзүн көрсөттү.
«Таптасаң тапта, табы бүткөндөн кийин мага айт», - деди. Бала макул болуп, тулпарды
таптап, табына келтирди. Бир
күнү бала: «Каным, тулпарыңыз табына келди, той кылыңыз», - деди. Кан макул деп
чоң той берип, эл чакырды да: «Тойдо тулпарды ким чабат?» - деди эле, бала: «Мен
чабам», - деди. Аттар чубатууга түшкөндө бала канга келип: «Тулпардын жемин билесизби?»
- деп сураганда кан: «Жок» - деди. «Билбесеңиз тулпардын жеми эки куржундун көзү
толтура майга жуурулган боорсок», - деди. Кан айтканын даяр кылдырып койду. Чубатууга
салган аттар кайра тартканда бала кайрылып келип: «Кана, каным, азык»,- дегенде
кан эки куржун көзү толтура боорсокту алдырып берди. Бала куржунду ээрдин кашына
коюп туруп: «Тулпарды минген турчубу, тууганга жетпей тынчубу, кош, каным» - деп
чу койгон бойдон жөнөп кетти.
Элдин баары чабуучу аттарга
минип, жабыла кууп калды. Ошонун ичинен бир байтал минген киши кууп, такымдап калганда
бала кайрылып туруп: «Канга салам айтып кой, жылкысынын ичинде Туучунак деген
бар, бир жетсе мага ошол гана жетмек. Ошону жакшы багып алсын», - деп чү койду.
Баланын келе жатканын
Токтогулдун кызы билип: «Алыс жерден кызыган тулпардын дүбүртү угулат, жылдызым
келе жатат бейм», - деп атасына айтты. Чал-кемпир эл-журтка кабар берип, (көчөгө)
жети кабат жибек аркан тарттырып, алдына жууркан салдырып тосуп турду. Кызып калган
тулпар алты катар арканды үзүп өтүп, жетинчисине барып токтоду. Ошондо Токтогул
ырчы баласына: «Атты таап минген экенсиң, жерине өлчөп таптасаң боло!» - деген экен.