Туберкулез - бул кыргызча айтканда, кургак учук оорусу.
Туберкулёз (лат. алганда tuberculum — дөмпөк) — Mycobacterium tuberculosis complex (M. tuberculosis жана башка жакын тутумдагы түрлөрдүн) тобундагы ар кандай түрдөгү микробактериялар же башкача айтканда Кох таякчалары тарабынан козголуучу, адамдардын жана жаныбарлардын дүйнө жүзүндө кеңири таралган инфекциялык оорусу. Туберкулёз демейде өпкөнү жабыркатат, сейрек учурда башка органдарды жана системаларды да жабыркатат. Mycobacterium tuberculosis аба-тамчы түрүндө оорулуу адам сүйлөшкөндө, жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө жугат. Көпчүлүк учурларда, микробактерияларды жугузуп алгандан кийин, оору тышкы белгилери (симптомдору) жок, жабык түрдө уланат (жүрөт). Бирок, болжолдуу түрдө алганда, жабык түрдөгү инфекциянын ондон бир учурунда оору акыр-аягында ачык формага өтөт.
Туберкулез социалдык мааниге ээ кооптуу оору. 20-кылымга чейин туберкулез иш жузүндө такыр айыкпай турган оору болуп эсептелчү. Азыркы учурда, бул ооруну баштапкы стадияларында аныктоого жана дарылоого мүмкүнчүлүк берүүчү комплекстик программа иштелип чыккан.
Туберкулез боюнча медицинанын тармагы фтизиатрия деп аталат.
Өпкөнүн туберкулезунун демейдеги белгилери - какырык менен коштолгон узак жөтөл. Айрым учурда кеч стадияларында кан аралаш какырык менен коштолот. Узак мөөнөттүк субфебрилдик температура, лихорадка, алсыздык, түнкү тердөө, аппетиттин төмөндөшү жана анын натыйжасында бир кыйла арыктоо.
Туберкулез - дүйнө жүзүндө өлүмдөрдүн негизги 10 себепкерлеринин бири. Азыркы убакта планетанын жашоочуларынын болжолдуу үчтөн бир бөлүгү туберкулездун микробактериясын жугузуп алышкан. Бул латенттик туберкулез деп аталат. Бул, адамдар бактерияны жугузуп алышкан, бирок азырынча оорушпайт жана жугуза алышпайт дегенди билдирет.
Туберкулездун бактериясын жугузуп алган адамдардын өз өмүрүндө бул оору менен ооруп калуу мүмкүндүгү 10% түзөт. Бирок, иммундук системасы алсызданган адамдар, мисалы, ВИЧ алып жүрүүчүлөр, же тамак-аштын жетишсиздигинен же диабеттен жабыркап жүргөн адамдар, тамеки тарткандар бул оору менен ооруп калуу коркунучуна көбүрөөк жакындашат.
Адам баласында активдүу туберкулез өрчүп жаткан кезде, бул оорунун симптомдору (жөтөл, дене табынын жогорулашы, түнкү тердөө, салмак жоготуу ж. б.) көптөгөн айлар аралыгында жеңил түрдө гана байкалуусу мүмкүн. Бул көрүнүш медициналык жардамга кеч кайрылууга жана башка адамдарга ооруну жугузууга алып келиши мүмкүн. Бир жылдын ичинде оорулуу адамдар жакын алака болгон учурда 10-15 адамга ооруну жугузушу мүмкүн. Талапка ылайык дарылоо жүргүзүлбөгөн учурларда, оорулуулардын үчтөн экисине чейинкиси өлүп калат.
2000-жылдан бери эффективдүү аныктоо жана дарылоо иш-чараларына ылайык, 49 миллиондон ашуун адам өмүрү сакталып калган.Дарыга сезгич активдүү туберкулезду дарылоо үчүн стандарттык 6 айлык дарылоо курсу 4 микробко каршы препараттын жардамында жүргүзүлөт. Бул оору менен ооруп калуу учурларынын көпчүлүк учурлары, тийиштүү дары-дармектер менен камсыз болгон жана талапка ылайык ичүү, колдонуу менен айыгып кетиши мүмкүн.
Ар жылы, 24-мартта Бүткүл дүйнөлүк туберкулезго каршы күрөшүү күнү белгиленет. Себеби, бул күнү, 1882-жылы немис микробиологу Роберт Кох туберкулездун козгогучун ачкан.