Куран окуу

Аъуузу биллахи минаш шайтонир рожиим.

Фатиха сүрөөсү

1) Бисмиллахир рохмаанир рохиим.
2) Алхамду Лиллаахи роббил ааламиин.
3) Ар рохманир рохиим.
4) Маалики явмиддиин.
5) Иййяка наъбуду ва иййяка настаиин.
6) Ихдинас сироотал мустакиим.
7) Сироотал лазина анъамта алайхим, гойрил магзууби алайхим ва лаз-зооллиин.

Бул шилтемени басып Фатиха сүрөсүн угуңуз

Ихлас сүрөөсү

1) Куль хуваллааху ахад.
2) Аллаахус сомад.
3) Лам ялид ва лам юлад.
4) Ва лам якуллаху куфуван ахад.

Бул шилтемени басып Ихлас сүрөсүн угуңуз

Ас-Саффат сүрөөсүнүн 180-182 аяттары

180) Субхана роббика роббил иззати амма ясифун.
181) Ва саламун алал мурсалин.
182) Валхамду Лиллахи роббил ааламин.

Анан дуба (бата) кылабыз.



Картинки по запросу сура фатиха

Картинки по запросу ихлас


Куран окуу жөнүндө

Куран өлгөндөргө гана окуу үчүн түшүрүлгөн эмес. Өлгөн кишиге багыштап Куран окуу - бул айла жоктон, өлгөн кишиге сообу тийип, акыреттеги абалы жакшырсын деген ниетте жазалат.
Куран тирүү адамдардын окуусу үчүн түшүрүлгөн.
Ар бир адам баласы тирүү кезинде өзү үчүн Куранды окуп жүрүү менен өлүмгө даярданып, акыретке сооп топтошу зарыл.

Бир риваятта, "Фатиха" сүрөөсү үчүн берилүүчү сыйлыктын өлчөмү, Курандын үчтөн экисин окуганда берилүүчү сыйлыкка барабар экендиги айтылат.
Ал эми "Ихлас" сүрөөсү үчүн сыйлык (сооп) Курандын үчтөн бирине барабар экендиги айтылат.
Ошондо, фатиха жана ихлас сүрөөлөрүң бирден окуй турган болсок, Куранды толук окугандын сообуна ээ болобуз дегенди билдирет.

Өлгөн кишиге багыштап окуганда, Курандын кайсыл гана сүрөөсүн болбосун окуп, сообун багыштай берсе болот.

Куранды окуп туруп, сообун маркумга багыштоо - бул "Курандын сүрөөсүн (же аяттарын) окуганым үчүн мен ала турган соопту маркумга бердим" дегенди билдирет.

Куран окуп, акыретке өзүң үчүн сооп топтогуң келсе, Курандын сүрөөлөрүн Аллахтын ыраазычылыгы үчүң окугандан кийин эч кимге багыштабастан жөн гана бүтүрүү жетиштүү.

ХАДИСТЕР:

Ибн Маc'уд (радиаллаху 'анху) "Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам) минтип айтты дейт: "Ким Аллахтын Китебинен (Куран) бир тамга окуса, бир жакшы иштин сообун алат. Жана бул жакшы иш 10 жакшы иштей (он эсе көбөйтүлөт деген мааниде). Мен Алиф-Лам-Мим бир тамга деген жокмун, Алиф - бир тамга, Лам - бир тамга, Мим - бир тамга".

Абу Зар (радиаллаху 'анху) айтат: "Мен сурадым: О, Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам), мага кеңеш бериңиз" деп, Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам) айтты: "Кудайдан корк, себеби бул бул бардык жакшы иштердин тамыры". Мен сурадым: "О, Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам) дагы айтыңызчы" деп, Ал айтты: "Куранды дайыма оку, себеби Ал сен үчүн жердеги нур жана асмандардагы сооп иштериңдин топтому (припас)".

Абу Хурайра (радиаллаху 'анху) "Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам) минтип айтты дейт: "Ким Курандын бир аятын укса, ага эки сыйлык, ал эми ким окуса, ал ага Кыямат (Сурак) күнү нур болот".

Абу Хурайра (радиаллаху 'анху) "Пайгамбар (саллаллаху 'алейхи ва саллам) минтип айтты дейт: "Куранда 30 аяттан турган сүрөө бар,  ким аны окуп жүргөн болсо, ал кечирилмейинче ага болушат. Бул сүрөө "Табарака лязи" ("Мульк" сүрөөсү)".

Бул шилтемени басып, Мулк сүрөсүн уксаңыз болот

Жогорудагы хадистер Шейхуль Хадис Маудана Мухаммад Закария Кандехлевинин (рахматуллахи 'алейхи) "Фаза'ил 'амали" аттуу орус тилине которулган китебинен алынды. Ихлас сүрөөсү үчүн берилүүчү сооп тууралуу маалымат гана башка булактардан алынды. Орусчадан кыргызчага колумдан келишинче туура которууга аракет кылдым.

Тактык үчүн жогорудагы хадистердин орусча тексттери:

Ибн Маc'уд (радиаллаху 'анху) рассказывает, что Расулюллах (салляллаху алейхи уа саллям) сказал: "Кто читает одну букву из Книги Аллаха, получает награду за одно хорошее дело. И это хорошее дело - как десять. Я не говорю, что الم Алиф-Лам-Мим - это одна буква, но ﺍ (алиф) - это одна буква, ل (лям) - это одна буква, مـ (мим) - это одна буква".

Абу Зар (радиаллаху 'анху) говорит: "Я спросил: "О, Расулюллах (салляллаху 'алейхи уа саллам), дайте мне совет". Расулюллах (салляллаху 'алейхи ва саллам) сказал: "Будь богобоязненным, потому что это корень всех хороших деяний". Я спросил: "О, Расулюллах! Скажите ещё". Он сказал: "Постоянно читай Коран, потому что он для тебя нур на земле и припас на небесах"".

Абу Хурайра (радиаллаху 'анху) рассказывает, что Расулюллах (салляллаху 'алейхи уа саллям) сказал: "Тот, кто слушает один аят Корана, тому двойная награда, а тот, кто читает, тому в День Суда будет нур".

Абу Хурайра (радиаллаху 'анху) рассказывает, что Расулюллах (салляллаху 'алейхи уа саллям) сказал: "В Коране есть сура в тридцать аятов, которая заступается за читающего её, пока не будет прощён. Это - сура "Табарака лязи" (сура "Мульк")".

В одном риваяте говорится, что награда за суру "Фатиха" равна двум третьим Корана. (Китептин 51-бетинде).

Куранды төмөндөгү шилтеме боюнча telegram каналынан уксаңыздар болот: https://t.me/MisharyRoshidQuran