Кайрымдуулук
Кайрымдуулук - бул муктаждарга бекер же жеңилдетилген шартта жардам берүү. Кайрымдуулуктун негизги өзгөчөлүгү бул - берилүүчү (көрсөтүлүүчү) жардамдын түрүң, убактысын жана ордун жардам берүүчү өз алдынча тандоо менен бекер же жеңилдетилген шартта ишке ашырылышы.
Кайрымдуулукту ишке ашыруунун түрлөрү:
Билим берүү, үйрөтүү жана кеңеш берүү (анын ичинде жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу);Жашоого же иштөөгө шарт түзүп берүү (анын ичинде ар кандай пайдалуу курулуштарды куруп берүү);
Чогуу иштешүү;
Каражаттарды (анын ичинде акчалай) же материалдарды берүү;
Жумуш жазап берүү же кызмат көрсөтүү;
Дарылоо;
Маектешүү аркылуу моралдык колдоо көрсөтүү;
Араздашкандарды элдештирүү;
Кайрымдуулуктун башка түрлөрү.
Исламда кайрымдуулук төрт бутакка бөлүнөт:
1) Муктаждарга садака, белек түрүндө ар кандай пайдалуу нерселерди бекер берүү;2) Зекет берүү;
3) Бир нерсени карызга үстөгү (пайызсыз) жок берүү;
4) Вакф, башкача айтканда түбөлүктүү (же көп убакытка) пайдасы тийе турган нерсени (адатта кыймылсыз мүлктү) биротолого бекер берүү.