Укук деген эмне

УКУК - мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоонун нормативдик негизи, мамлекет тарабынан бекитилип же коом тарабынан кабыл алынган укук нормасынын жалпыга бирдейлиги. Илимий мааниде объективдүү жана субъективдүү болуп бөлүнөт. 1) объективдүү мааниде адамзаттын акыл-эсинин негизинде келип чыккан жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелеринин жыйындысы, б. а. мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруп, аткарууну сөзсүз талап кылуучу (императивдик) же мамлекет тарабынан белгиленип, мажбурлоо аркылуу аткарылуучу (позитивдик); 2) субъективдүү мааниде жеке адамдын, элдин, мамлекеттин, мамекеттик органдын ж. б. субъекттердин чектелген жүрүм-турумдары жана аларга колдонуучу иш-чаралардын (юридикалык) жыйындысы. Укук өз алдынча бир нече чоң (мисалы, конституциялык укук, жарандык укук, үй-бүлөлүк укук, административдик укук, автордук укук, эмгек укугу, билим алуу укугу, кылмыш-жаза укугу, мурастоо укугу ж. б.) жана кичи (финансы, салык, патент алуу, турак-жайга ээ болуу ж. б. укуктары) тармактарга ажырайт.