ФУНКЦИЯ (лат. functio - аткаруу, ишке ашыруу) — математиканын бир ѳзгѳрмѳ
чоңдуктун экинчи бир ѳзгѳрмѳ чоңдукка кѳз карандылыгын кѳрсѳтүүчү негизги
түшүнүктѳрдүн бири. Эгер ар бир x ε B элементине бирден бир y ε A элементи дал келсе, анда
A кѳптүгүнүн у элементи B кѳптүгүнүн x элементинен функция деп аталат.
B кѳптүгү функциянын аныкталуу облусу, ал эми A кѳптүгү анын ѳзгѳрүү облусу
деп аталат. Y чоңдугу кѳз каранды ѳзгѳрмѳ, х чоңдугу кѳз каранды
эмес чоңдук же аргумент деп аталат. Функция анализдик (формула, математикалык символдор
ж. б.) таблицалык, графиктик жолдор менен берилет. Белгилениши:
y = f(x). Анын мааниси x = a болгондо f(a) деп жазылат. Эгер функция аргументтин айрым маанилеринде
мааниге ээ болбосо, анда функция аргументтин ушул маанилеринде аныкталбаган деп аталат.
Мисалы, y = З /x - 6 функциясы x = 6 болгондо аныкталбайт, б. а. сандык мааниге
ээ эмес. Функция айкын жана айкын эмес функция, алгебралык жанa транценденттик функция, жуп жанa так функция, ѳсүүчү жанa кемүүчү функция, үзгүлтүксүз жанa үзгүлтүктүү функция, чектелген жанa чектелбеген функция болуп айырмаланат. «Функция» терминин 1-жолу 1694-ж. Г.
Лейбниц колдонгон. 18-кылымдын башында аны И. Бернулли жалпы колдонууга
киргизген.