ЭССЕ (французча essai - тажрыйба, иштелип бүтпөгөн чыгарма) - көркөм публицистикалык адабияттын жанры; эркин композицияда жазылган чакан прозалык чыгарма. Дүйнөлүк адабияттын тарыхында эссе жанр катары 12-кылымда Европада пайда болгон. Жанрды негиздеген - М. Монтень; орус адабиятындагы үлгүсү - Ф. М. Достоевскийдин "Жазуучунун күндөлүгү" (1873-81) деген чыгармасы. Ф. Франс, бир тууган Манндар, Б. Шоу жана башкалар эссенин эң мыкты үлгүлөрүн жаратышкан. Кыргыз адабиятында К. Жусуповдун "Ыр сабындагы өмүр", "Жаз" повесттери эссе жанрында жазылган.