МЕТАФОРА (грекче metaphora - орун которуу дегенден) - адабиятта троптордун (гипербола, литота, эпитет) бири, кыскарган салыштыруу, башкача айтканда бир көрүнүштү же кубулушту башка окшош көрүнүшкө же окуяга өтмө мааниде салыштырып көрсөткөн көркөм сөз каражаты. Мисалы, "от" жүрөк, "темир" канат. Метафоралар оозеки речте, көркөм адабиятта мазмундун терең ачылышына, сүрөттөлүп жаткан нерсенин көркөм болушуна жардам берет.