ТОЛЕРАНТТУУЛУК (лат. tolerantia - чыдоо) -1) ар
кандай субъекттердин, социалдык топтордун, саясий уюмдардын, мамлекеттердин
ой-пикирине, көз караштарына, ишенимдерине, идеалдарына сабырдуулук, чыдамдуулук,
кечиримдүүлүк менен мамиле жасоо. Толеранттуулук өз ара урматташууну, өнөктөштүктү
колдойт жана коомдогу саясий күчтөргө карата бийликтин өз расмий позициясын иштеп
чыгуусун талап кылат. Толераттуулук 20-кылымдын 2-жарымында пайда
болгон жаңы термин. Социалдык планда толеранттуулук социалдык объекттерге, коомдогу
ар кандай көрүнүштөргө токтоолук менен түшүнүп мамиле жасоону билдирет жана иш жүзүндө социалдык
мамилелерге карата ишкердүүлүктүн деңгээлин мүнөздөөчү фактор болуп эсептелет. Ошол
эле учурда өз ара ашыкча ыкташып кетүү (конформизм) толеранттуулук үчүн келишкис жат көрүнүш.
Азыркы заманда толеранттуулук адамдын жүрүм-турумундагы
токтоолуктун, сабырдуулуктун үлгүсү катары эсептелет; 2) организмдин иммунологиялык
абалы. Анда организм ага кирген антителаларга карата жооп иретинде антигендерди
синтездей албай калат. Толеранттуулук проблемасы айрыкча органдарды жана ткандарды алмаштырууда
өзгөчө орунга ээ; 3) экологиялык факторлордун өзгөрүүсүнө чыдамкайлык кылуу жанаа организмдин чөйрөнүн тигил же
бул жагымсыз таасирин көтөрө алышы.