ҮЙ-БҮЛӨ - нике же кандаш бир туугандык мамиледе турган топ. Үй-бүлө тарыхый өнүгүштүн бир нече баскычын басып өткөн. 19-кылымда үй-бүлөнүн 2 түрү басымдуулук кылган: бөлүнбөгөн чоң үй-бүлөлөр жана кичи үй-бүлөлөр. Чоң үй-бүлөлөр ата-эне, өзүнүн балдары, үйлөнгөн балдары жана неберелеринен турган. Мындай үй-бүлөдө 3-4 муундун өкүлдөрү жашап, бүлө мүчөлөрүнүн саны 20-30га чейин жеткен. Өткөн доордогу салттуу коомдо үй-бүлө патриархалдык-феодалдык, урук-уруулук мамилелерге негизделген социалдык бирикме болуп эсептелген.