УҢГУ - сөздүн айрым бөлүктөргө ажыратып жиберүүгө мүмкүн болгон бөлүгү. Мисалы, адам, коом, тил, соз, эне, асман, көк, тоо, гүл жана башкалар. Уңгу - маани жана тыбыштык жактан ажырагыс биримдикти түзүп, бөлүктөргө бөлүнбөй турган негизги морфема. Ал сөздүн лексикалык маанисин туюндурат, ансыз сөз болбойт. Кыргыз тилинде өзүнчө колдонулбаган, маани бербеген өлүү же сенек уңгулар да бар. Алар уңгуга, мүчөгө байыркы жана азыркы тектеш тилдердин фактыларын салыштыруу аркылуу ажыратылат. Маани берип, өзүнчө колдонулуп, сүйлөмдө милдет аткаргандары тирүү уңгу деп белгиленет.