РЕВОЛЮЦИЯ (соңку лат. revolutio - төңкөрүш, бурулуш)
- 1) жаратылыш , коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең сапаттык
өзгөрүү (мисалы, геологиялык революция, өнөр жай революциясы, илимий-техникалык революция, маданий революция
ж. б.). Революция түшүнүгү көбүнчө коомдук өнүгүүлөрдү мүнөздөө үчүн колдонулат.
Бул түшүнүк - өнүгүүнүн диалектикалык концепциясынын ажырагыс бөлүгү. Ал сандан сапатка
өтүү законунун ички механизмин ачат. Революция өнүгүүдөгү үзүрлүү жана сапаттуу секирикти билдирет.
Революция эволюциядан жана реформадан айырмаланат, бирок алар менен
өтмө катар байланышта болот; 2) с а я с а т т а коомдун саясий
турмушундагы түп-тамырынан бери болгон төңкөрүш; анын жүрүшүндө мамлекеттик бийлик менен кошо менчик
түрүнүн алмаштырылышы ишке ашат. Революция жаңы, прогрессивдүү түзүлүшкө өтүү, экономикалык жана саясий турмуштун
структураларын өзгөртүү менен коштолот. Революция - конкреттүү-тарыхый кубулуш. Коомдо адамдардын
чоң социалдык топторунун ортосундагы терең карама-каршылыктардын болушу менен
шартталат. Революциянын өзгөчөлүгү төмөнкүдө: анын негиздери жана
максаттары саясий эмес, экономикалык чөйрөдө, материалдык жыргалчылыктарды өндүрүү
ыкмасында жатат. Жаңы саясий бийлик экономикалык зарылчылыкты ишке ашырып, менчик жана коомдук
продукту өндүрүүнүн, бөлүштүрүү менен керектөөнүн ортосундагы мамилелердин
системасын жаңы илимий-техникалык жетишкендиктерге таянган өндүрүш күчтөрүнө ылайыкташтыруу
керек.