ЭКОНОМИКА (грекче oikos - үй чарбасы жана тартип,
мыйзам жыйындысы - чарба жүргүзүү эрежеси) -1 ) адамдардын жашоо-тиричилик үчүн
колдонгон чарба каражаттарынын, обьекттеринин, коомдук-экономикалык формацияга
жараша калыптанган өндүрүш мамилелеринин жыйындысы; башкача айтканда адамдар
жашоосуна ыңгайлуу шарттарды эмгегин пайдалануу аркылуу түзүп канааттандыруусу;
2) чарба жүргүзүү жөнүндө илим, адамдардын аны иш жүзүнө ашыруу ыкмалары, өндүрүш
жана товар айырбаштоо процессиндеги адамдардын ортосундагы мамиле, чарба жүргүзүү
процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрү. Экономика өлкөнүн бүтүндөй чарбасы менен анын тийиштүү тармагын
жана өндүрүштүн ар кандай түрлөрүн камтыйт. Экономика коомдун бардык башка мамилелеринин
негизин түзүп, коомдун өнүгүшү үчүн чечүүчү мааниге ээ. Экономика өндүрүш процесси
кандай ыкмада ишке ашырылбасын ал өндүрүш мамилелеринин системасын түзөт. Алардын
эң негизгиси жана чечүүчүсү - өндүрүш каражаттарын менчиктөө, материал өндүрүүчүлөрдү,
башкача айтканда жумушчу кызматкерлерди өндүрүш каражаттары менен байланыштыруунун ыкмасы
жана анын жолдору. Экономика өлкөдөгү коомдук өндүрүштүн мүнөздүү көрүнүштөрүн
гана айырмалап көрсөтпөстөн, ар бир өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн да көрсөтөт. Экономиканы материалдык өндүрүш
тармактарынан – өнөр жай, курулуш, айыл чарба, транспорт, соода, ж.
б., өндүрүш эмес тармактардан - эл агартуу, саламаттык сактоо, маданият, учурдагы байланыш түйүндөрү
(мобилдик, интернет ж. б.) жана башкалар түзөт. Деги эле
азыркы учурда экономика илимий-техникалык прогресске жана эл аралык
интеграциялык процесске байланыштуу мүнөздөлөт.