Фразеологизм жана фразеология


ФРАЗЕОЛОГИЗМ, фразеологиялык б и р д и к - бир тилге гана мүнөздүү, туруктуу лексикалык курамы, грамматикалык курулушу бар сөз айкашы (мисалы, «төбө чачы тик туруу»). Фразеологизм башка тилге сөзмө-сөз которулбайт, тутумундагы сөздөр көбүнчө өтмө маанини туюнтат. Мисалы, «колго алуу», «бут тосуу»  жана башкалар. Мындай сөз айкаштары речте даяр бирдик катары колдонулат. Фразеологизмдердин жыйындысы тилдин фразеологиялык катмарын түзөт.

ФРАЗЕОЛОГИЯ (гр. phraseos - сөз, сүйлөм ж-а ... логия ) - 1) тилдин фразеологиялык катмарын жанa тарыхый өнүгүшүн изилдөөчү ТИЛ илиминин бир бөлүмү. Фразеология тил илиминде өз алдынча лингвистикалык тармак катары 20-кылымдын 40-50-жылдары пайда болгон. Ал эми жалпы тил илиминде фразеологиянын жаралышына А. А. Потебня, И. А. Бодуэн де Куртенэ, орус тилчиси А. А. Шахматов, немец тилчиси К. Брутман, Г. Пауль, даниялык тилчи И. О. Есперсен жана башкалардын эмгектери өбөлгө болгон. Фразеологиялык түрмөктөргө функциялык -семантикалык анализ жасоонун теориялык негиздерин биринчи жолу француз тилчиси Ш. Балли иштеп чыккан. Тил илиминде ар кандай тилдердин фразеологиялык түзүлүшүн изилдөө боюнча борборлор иштейт. Кыргыз тилинин фразеологизмдери боюнча да изилдөө иштери бар; 2) тилдин фразеологиялык жыйындысы жанa курамы.