ФОНЕТИКА (грекче phone - үн,
тыбыш) - тилдеги тыбыштардын жасалышы, тыбыштык системасы, тыбыштык өзгөрүүлөрү
жөнүндөгү ТИЛ илиминин
бир тармагы. Фонетика бир нече тармакка ажырайт. Жалпы фонетика - жалпы тил
илиминин бир бөлүгү катары дүйнө жүзүндөгү тилдердин бардыгына орток физиологиялык
жанa акустикалык кубулуштарды,
тыбыш классификациясынын принциптерин, жеке фонетика жеке бир тилдин тыбыштык түзүлүшүн,
андагы тыбыштык закондорду изилдейт. Жеке фонетика изилдөө предметине ылайык сыпаттама
(синхрониялык, статикалык) жанa
тарыхый (диахрониялык) фонетика деп бөлүнөт. Сыпаттама фонетикада тилдин азыркы
учурдагы тыбыштык каражаттары, тарыхый фонетикада тыбыштардын өзгөрүү жанa өнүгүү тарыхы изилденет. Ал эми
салыштырма фонетикада ар кайсы тилдердин тыбыштык системасы өз ара салыштырылса,
синтаксистик фонетикада изилдөө предмети катары тыбыштар тизмеги менен ыргак каралат. Тилдеги тыбыштарды
атайын аппараттардын жардамы менен
изилдөө эксперименттик фонетиканын
милдетин аткарат. Эксперименттик фонетикада
артикуляциялык изилдөөлөр палатограф, рентген жанa киноаппараттар аркылуу, ал эми акустикалык
изилдөөлөр осциллограф, спектрограф жанa интонографтар менен жүргүзүлөт. Россияда жалпы фонетиканы
өрчүтүүгө И. А. Бодуэн де Куртенэ жанa анын шакирттери В. А.
Богородицкий, JI. В. Щерба, А. И. Томсендер салым кошкон. Кыргыз тилинин
сыпаттама фонетикасы жанa
эксперименттик фонетика боюнча
эмгектер жазылган.