Уран планетасы

2. УРАН  - Күн системасындагы планета.  Күндѳн  алыстыгы  боюнча  (2871  млн  км) жетинчи, диаметри боюнча (52300  км) үчүнчү, массасы  боюнча  (8,7*1025  кг) тѳртүнчү  орунда  турат. Атмосферасынын курамы:  Н2,  Не,  СН4.  Күндү  айлануу  мезгили 84 жыл, ѳз огунда айлануусу  16,2 с. Урандын айлануу огу 97" 86' бурчка жантаят.  Күн системасындагы эң муздак  планета  [49К  (-224°С)  ],
Уранда шамалдын ылдамдыгы  240  м/сек. 27  жандоочусу (Миранда, Ариэль, Умбриэль,  Титания, Оберон  ж.  б.),  магнит  сферасы  ж -a  шакектер системасы бар.  Телескоптун жардамы менен ачылган  биринчи  планета.  Англиялык  астроном  У.  Гершель ачкан  (1781).