ЭРОЗИЯ (лат. erosio - жешилүү, жемирилүү) - жер
бетиндеги тоо тектердин, топурактын жаан- чачын жанa агын суу менен желип, жуулуп
кетиши. Эрозиядан жер бети тилмеленип кемер, аңгек, жар ж. б. пайда болот, андан
ары кокту-колотко айланат, алардын жана сайдын таманы чуңкурайып, эни кеңейет.
Суу жер бетин тегиз каптай агып, кыртышты жалпы жууп, капталдын ой-чуңкурун тегиздеп
кетсе тегиздик эрозиясы, аңдарды пайда кылса тилмелөөчү эрозия деп аталат. Тилмелөөчү
эрозия каптал жанa тереңдетүүчү эрозия болуп бөлүнөт. Каптал эрозиясы өзөн жээктерин
жемирип, жарларды пайда кылат, сайды кеңейтет. Тереңдетүүчү эрозия өзөндүн
таманын оюп, капчыгайды пайда кылат. Алгач, тереңдетүүчү, андан кийин каптал эрозиясы
басымдуулук кылат. Суу агымынын жанa ал агызып келе жаткан тоо тек сыныктарынын
механикалык таасири эрозиянын негизги себеби болуп саналат.