Шайлоо укугу деген эмне

ШАЙЛОО УКУГУ — жарандардын мамлекеттик бийлик органдарына, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча баш каруу органдарына шайлоого ж-а шайланууга укук бере турган конституциялык норма. Ага талапкерлерди тандоого, шайлоо алдындагы үгүт иш терин жүргүзүүгө, шайлоонун жүрүшүнө, шайлоо комиссиясынын ишине байкоо жүргүзүүгө, добуш берүү жыйынтыгын аныктоого, шайлоо жыйынтыгын чыгарууга ж. б. шайлоо аракеттерине катышууга болгон укуктар да кирет: а) активдүү шайлоо укугу - КР жарандарынын мамлекеттик бийлик органдары (Президент, парламент ж. б.) менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (муниципалдык ж. б.) шайлоолорго катышуу укугу. КРдин мыйзамдары б-ча кылган ишине юридикалык жактан жооп берүүгө жөндөмсүз деп сот тарабынан табылган же соттук өкүм тарабынан түрмөдө отурган жарандардан тышкары, жашы 18ге толгон бардык жарандар катышууга укуктуу болуп эсептелет; б) пассивдүү шайлоо укугу - КР жарандарынын мамлекеттик бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга болгон укугу.