Лексикалашуу, лексикалык маани, лексикография, лексикология жана лексикон деген эмне


ЛЕКСИКАЛАШУУ - жардамчы сөздүн, мүчөнүн, сөз тизмектеринин же грамматикалык каражаттардын өз алдынча лексикалык мааниге ээ болгон сөзгө айланышы. Мисалы, атка минер, бака жалбырак, козу карын, алп каракуш ж. б.

ЛЕКСИКАЛЫК МААНИ — бүтүндөй бир сөз топторуна же сөз категорияларына таандык болгон грамматикалык мааниден айырмаланып, жеке бир лексикалык бирдикке гана таандык маани. Толук маанилүү сөздөрдүн көбүнүн лексикалык мазмуну бирдей даражада болбойт. Ошого жараша алар өзүнчө маанилик структура, өз ара иерархиялык багыныңкы байланыш, б. а. сөздүн лексика-семантикалык варианттарын түзүп турат. Лексикалык семантиканы уюштуруунун бул касиети полисемия же сөздү вариациялоо деп аталат. Сөздүн предметке же түшүнүккө тиешелүүлүгүнө жараша лесикалык маани тике жана өтмө маани, контекстке көз карандылыгына жараша фразеологиялык түрмөккө байланышкан, конструкциялык жактан шартталган жана эркин маани деп бөлүнөт. Лексикалык маани - сөздүн объективдүү бир класска кирген нерселердин башкалардан айырмалап көрсөткөн мааниси. Сөздөрдүн лексикалык маанисинин ар башкалыгына ылайык, бир сөз экинчи бир сөздүн айырмалангандыктан, лексикалык маани ар бир сөздүн өзүнө тиешелүү мааниси катары каралат. Мисалы, балапан - куштун же башка канаттуунун баласы ж . б.

ЛЕКСИКОГРАФИЯ (лексика жана ...графия) - тил илиминин бир бөлүгү. Тилдин сөздүк курамын же лексикасын изилдейт. Изилдөө процессинде тилдин сөздүк курамынын мыйзам ченемдерин карайт, сөздөрдүн стилдик классификациясын, сөздөрдү адабий тил нормасында ылгоонун жолдорун, профессионализм, диалектизм, архаизм, неологизм, туруктуу сөз айкаштарын (к. Идиоматика, Фразеология) нормага салуу сыяктуу маселелерди иштеп чыгат. Коомдук-саясий жана илимий-техникалык терминология лкесикографиянын өзүнчө бир бөлүгүндө изилденет. Лексикография менен семасиология, этимология, сөз жасоо жана стилистика, лексикография тыгыз байланыштуу. Теориялык лексикография 20-кылымдын экинчи жарымында калыптанган. Сөздүктөрдүн биринчи илимий типологиясын Л. В. Щерба түзгөн. Лексикография. тил илиминин бардык бөлүгү, айрыкча лексикология менен тыгыз байланышта.

Ад.: Юнусалиев Б. М. Киргизская лексикология. Ф., 1959; Орузбаева Б. Адабий тилдин жалпы элдик негизи жөнүндө. Ф., 1968.

ЛЕКСИКОЛОГИЯ (лексика жана ...логия) - тил илиминде тилдин сөздүк курамынын азыркы абалын жана анын тарыхый өсүш өзгөчөлүктөрүн изилдөөчү бөлүмү. Изилдөө процессинде тилдин сөздүк курамынын мыйзам ченемдерине карай, сөздөрдүн стилдик классификациясын, сөздөрдү адабий тил нормасында ылгоонун жолдорун, профессионализм, диалектизм, архаизм, неологизм, туруктуу сөз айкаштарын нормага салуу сыяктуу маселелерин иштеп чыгат. Семасиология, этимология, сөз жасоо жана стилистика, лексикография лексикология менен тыгыз байланыштуу.

ЛЕКСИКОН (гр. lexi - көп сөздүк) - 1) сөздүк деп да аталат (эскирген сөз); 2) билген сөздөр, сөз айкаштары (мис., Асандын лексикону бай).