Тарых деген эмне

ТАРЫХ - 1) коом менен жаратылыштагы өнүгүүнүн ар кандай процесси (Жер тарыхы, айрым илимдердин тарыхы ж. б.); 2) адамзат коомунун басып өткөн жолун изилдөөчү илим. Коом тарыхы жер жүзүндө адамдын пайда болушунан башталат. Адам баласы коллективге биригип, материалдык жана рухий байлыктарды түзөт, мүдөөсүн канааттандырат, жаратылышты өзгөртөт. Ошону менен бирге анын өзү жана ал түзгөн коомдук мамилелер да өзгөрөт. Адамзат жаратылыш күчтөрүнө баш ийип, сыйынуудан жаратылыш менен коомду аң-сезимдүү өзгөртүүгө чейинки жолду басып өттү. Материалдык өндүрүштүн жана коомдук мамилелердин өнүгүшүнө жараша алгачкы коомдук жамааттан азыркы демократиялык коомдун деңгээлине чейин өсүп жеткен узак жана татаал процесс ишке ашууда. Адамзаттын тарыхый өнүгүү процессы объективдүү мүнөзгө ээ. Коомдун өнүгүшүнө көп факторлор (өндүргүч күчтөрдүн өнүгүү деңгээли, өндүрүш мамилелери, географиялык чөйрө, калктын өсүшү жана жыштыгы, тап күрөшү, элдердин өз ара мамилеси ж. б.) таасирин тийгизет. Мунун өзү коомдун социалдык, саясий жана духовный түзүлүшүн шарттап, коомдо үстөмдүк кылган мамилелердин тибин аныктайт. Коомдун материалдык жагы - тарыхый процесстин объективдүү жагын (базис), адамдардын аң-сезимдүү иш-аракети - субъективдүү жагын (надстройка) түзөт. Ар бир конкреттүү коомдун идеясы жана ага ылайык надстройкасы ал коомдо үстөмдүк кылган экономикалык базисти чагылдырат, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө активдүү таасир этет. Коомдун өнүгүшүнүн ички булагын адамзат менен жаратылыш мамилелери жана коом ичинде такай пайда болуп, бирок чечилип турчу карама-каршылыктар түзөт. Коомдогу менчиктин формасы менен саясий мекемелердин өзгөрүп ту рушу адамдардын таптык кызыкчылыгын козгойт. Коом ичинде пайда болгон карама-каршылык тап күрөшүнүн жүрүшүндө гана чечилет. тарыхты негизинен эл массасы жаратып, ал адамзат коомунун экон., саясий жана духовный өнүгүшүндө чечүүчү роль ойнойт. Эгерде алгачкы жамаат түзүлүшү жүз миңдеген жылдар акырындык менен жаш ап келсе, кийинки коомдор алда канча тез өнүгүү жолунда. Адамзат өнүгүшүнүн тарыхый процесси бардык элдерде жана өлкөлердө бир кылка жүргөн эмес. Бирок тарыхый өнүгүштүн жалпы тенденциясы коомдук-экономикалык формациялардын алмашылышынан көрүнөт. Тарых илими адам коомунун өткөндөгүсү жана азыркы учуру, коомдук турмуштун ар кыл формаларынын мейкиндик-убакыт өлчөмдөрүндө өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илимий тарыхтын мазмунун адамзат турмушундагы өзгөрүүлөр, сакталып калган тарыхый эстеликтердеги жана булактардагы маалыматтар түзөт. Алар аркылуу элдердин, мамлекеттердин чарбасын, ички жана тышкы коомдук турмушун, тарыхый инсандардын ишмердиктерин билебиз. Тарыхый процесстин татаалдыгына байланыштуу тарых илими да көп кырдуу. Ал социалдык, жарандык, согуштук тарых, экономиканын, диндин ж. б. тарыхы деген өз алдынча тармактарга жиктелет. Адамдардын өткөн турмушунан калган заттык эстеликтер-эмгек куралдарынын, үй тиричилигинин калдыктары, кооздук жасалгалар, о. эле турак жайлар, казыналар ж. б. аркылуу тарыхты изилдеген археология жана элдердин турмуш-тиричилигин жана мад-тын изилдөөчү этнографияда тарых илимдерине кирет. Тарых өзү окута турган обьекттин көлөмү боюнча дүйнө тарыхы, континенттердин, айрымбир өлкөлөрдүн, элдердин же элдердин тобунун тарыхы болуп бөлүнөт. Тарых изилдөөдө ага көмөктөш илимдер чоң жардам берет. Алар адам коомунун конкреттүү жактарын атайлап изилдөө аркылуу тарыхый процессти терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алсак, убакытты эсептөөнүн системасын-хронология; жазуу эстеликтерин жана жазуу тарыхын - полеография; тыйын-медалдар, ордендер, акча системасын, соода тарыхын - нумизматика; таштагы, чоподогу, металлдагы жазууларды - эпиграфия; элдердин, уруулардын, жеке адамдын пайда болушун - генеалогия; өлкөлөрдүн, шаарлардын, жеке инсандардын гербдерин - геральдика; мөөрлөрдү - сфрагистика; географиялык аталыштардын келип чыгышын – топонимика; тиги же бул жерлердин, аймактардын тарыхын - край таануу жана башкалар изилдейт. Тарыхтын көмөкчү тармактарынын ичинен өзгөчө орун тарыхый булактарды изилдөөгө арналган булак таанууга жана тарых илиминин өнүгүшүндөгү тарыхчылардын көз караштарын, идеяларын жана концепцияларын талдаган тарых таанууга таандык. Тарых азыркы адамзатка кызмат кылып жаткан дүйнөдөгү эки миңдей илим тармактарынын ичинен - эң байыркысы, нарктуусу жана барктуусу. ЮНЕСКОнун рейтинг таблицасында тарых азыркы илимдердин ичинде төртүнчү орунда турат. Тарых илимдин башка тармактары: философия, социология, саясат таануу, психология, укук таануу, адабият, экономика теориясы, ошондой эле физика, математика, биология, астрономия өңдөнгөн табигый илимдер менен да тыгыз байланыштуу. Бирок алардан айырмаланып тарых коомдун өнүгүү процесстеринин ар кыл жактарын бир тутумда карап, коомдук турмуштун бардык жактарын бири-бири менен байланышта талдайт. Азыркы кездеги илимдин тармактары да адам коомунун өнүгүшүндө өздөрүнчө тарыхына ээ. Ошондуктан илимдин жана искусствонун бардык тармактарынын өзүнчө тарыхы бар. Тарых менен башка илимдердин ортосунан тарыхый география, тарыхый геология сыяктуу тармактар аралык илимдер түзүлүп өнүгүүдө. Тарых илими башка илимдер сыяктуу эле адамзаттын көптөгөн муундарынын тажрыйбасын өзүнө сиңирип, мазмуну кеңиген. Коомдук өзгөрүүлөр менен жана процесстерди иликтөө ыкмасы б-ча бардык коомдук илимдер тарыхый болуп эсептелет. Коом тарыхын изилдеген илимдердин жыйындысы табият жана так илимдерден айырмаланып, коомдук илимдер системасын түзөт. Тарых илими адамзат коому пайда болгондон анын азыркы абалына чейинки коом турмушун, өткөн жана учурдагы фактыларга таянып, конкреттүү изилдейт. Тарых ар кыл окуя, көрүнүш жана процесстер жөнүндө факт топтоо, баяндоо менен гана чектелбестен, фактыларды талдоонун негизинде коомдогу айрым көрүнүш жана процесстердин маңызын түшүндүрүп, анын өзгөчө закондорун ачып, ал ачылыштардын баарын теориялык жактан жалпылайт. Тарых илиминин өнүгүшү менен тарыхый көрүнүштөрдү таануу жана түшүнүү методу да өзгөрдү. 19-кылымдын ортосуна чейин тарыхчылар метафизикалык методдорду колдонгондуктан коомдогу айрым факторлордун, табигый шарттын, көрүнүктүү адамдын, коомдук идеянын жана башкалардын ролу бир жактуу бааланган. Натыйжада чыныгы илимий методдун жоктугунан тарых илими да жай өнүккөн. Марксизм пайда болгондон калыптанган чыныгы илимий метод гана тарых илиминин тез темпте өнүгүшүнө шарт түзгөн. Историзм бардык коомдук  илимдер үчүн коомдук турмуш процесстерин жана фактыларын изилдөөнүн керектүү шарты болуп саналат. Тарых илими ар кыл топтордон турат. Биринчи топту коомдун тарыхын бүтүндөй (дүйнөлүк тарых) же анын айрым учурларын изилдөөчү бөлүмдөр жана тармактар түзөт. Экинчи топко көмөкчү жана атайын илимдер: дарек таануу, археография, палеография, дипломатия ж. б. кирет. Табият таануу тарыхы, техника тарыхы, мамлекет жана укук тарыхы, аскер өнөрү тарыхы ж. б. аралаш илимдер өзгөчө топту түзөт. Тарых илиминин тарыхын историография изилдейт. Тарых илим катары маанилүү коомдук милдет аткарат. Анын жетишкендиктеринин негизинде гана коомдун өнүгүү закондору ачылат.