ОРФОЭПИЯ (гр. orthos - туура, epos - речь) - 1)
улуттук тилдеги сөздөрдү туура айтуу жөнүндөгү эрежелердин жыйындысы. Тыбыштык түзүлүшүнүн биримдигин камсыз кылат;
2) тил илиминин адабий нормага ылайык сүйлөөнү изилдөөчү бөлүмү,
башкача айтканда орфоэпия диалектилик өзгөчөлүктөрдү жоюп, адабий тилдин
калыптанышын камсыз кылат.